Загрузка документа…
Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышы
2024-жылдын 10-июнундагы № 23
Теплоключенка айылынын түштүк тарабындагы №2, 18, 1154, 1158, 1151, 1159, 1161, 1171, 1172, 1174, 1176, 1177, 863, 858, 840, 839, 810, 817-контурларындагы 94,0 чарчы метр жайыт жерлеринин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколуна ылайык айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айылынын түштүк тарабындагы №2, 18, 1154, 1158, 1151, 1159, 1161, 1171, 1172, 1174, 1176, 1177, 863, 858, 840, 839, 810, 817-контурларындагы 94,0 чарчы метр жайыт жерлеринин багытын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков