Загрузка документа…
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2024-жылдын 31-майындагы №13-99 буйругу менен бекитилди)
|
ЭЛЕКТР ОРНОТМОЛОРУНДАГЫ КОТОРУУЛАР БОЮНЧА
ТИПТҮҮ НУСКАМА
МАЗМУНУ
1.Жалпы бөлүм
2. Которууларды уюштуруу жана которуу тартиби
2.1.Которуулар жөнүндө буйрук
2.2. Которуулардын бланктары
2.3. Которуулар жөнүндө жалпы жоболор
2.4. Релелик коргоо жана автоматика схемаларындагы которуулар
2.5. Технологиялык бузууларды жоюудагы которуулар
Жаңы жабдууларды ишке киргизүүдө жана сыноолорду жүргүзүүдөгү которуулар
3. Которууларды аткаруу
3.1. Өчүргүчтөр, ажыраткычтар, бөлгүчтөр жана жүктөмдөрдү өчүргүчтөр менен операцияларды жүргүзүү.
3.2.Коммутациялык аппаратардын иштеткичтеринен ыкчам агынды алуу.
3.3.Коммутациялык аппараттардын абалдарын текшерүү
3.4. Ыкчам тосмолоо менен иш-аракеттер
3.5. Чубалгылардын, трансформаторлордун, синхрондуу компенсаторлордун жана генераторлордун коммутациялык аппараттары менен болгон операциялардын удаалаштыгы.
3.6. Электр берүү чубалгыларын иштетүү жана өчүрүү учурундагы операциялардын удаалаштыгы
4. Кошулууларды өткөргүчтөрдүн бир тутумунун башкасына которуу учурундагы которуулар
5. Жабдууну оңдоого чыгаруу учурундагы жана аны оңдоодон кийин ишке киргизүү учурундагы которуулар
6. Өчүргүчтөрдү оңдоого чыгаруу жана оңдоодон кийин ишке киргизүү ыкмалары
7. Бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы которуулар
7.1.Которууларды аткаруунун өзгөчөлүктөрү
7.2. Которууларды аткаруу боюнча жалпы көрсөтмөлөр
7.3. Которуулардын айрым түрлөрүн аткаруу учурундагы операциялардын удаалаштыгы
1 тиркеме. Жердештирүүлөрдү эсепке алуу, орнотуу жана чыгарып алуу
2 тиркеме. Электр чордондорунун жана көмөк чордондорунун электрик биригүүлөрүнүн ыкчам түзмөсүн жана түзмө-макетин жүргүзүү тартиби
3 тиркеме. Камдык азыктандыруу электр чордондоруна ээ болгон керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун азыктандыруучу бөлүштүрүүчү электр тармактарынын 0,4 кВ электр орнотмолорундагы которуулар
4тиркеме. Которуу бланкынын формасы
ЭЛЕКТР ОРНОТМОЛОРУНДАГЫ КОТОРУУЛАР БОЮНЧА
НУСКАМА
Нускама чыңалуусу 1000 В чейин жана андан жогору болгон электр орнотмолорунда которуштуруунун тартибин жана ырааттуулугун аныктайт. Нускамалар Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамына, электр станцияларын жана тармактарын техникалык пайдалануу эрежелерине, эмгекти коргоо эрежелерине ылайык түзүлөт.
1.Жалпы бөлүм
Ушул Электр орнотмолорундагы которуулар боюнча типтүү нускама (мындан ары – Нускама) чыңалуусу 1000 Вга чейин жана андан жогору болгон электр орнотмолорунда которууларды аткаруунун тартибин жана ырааттуулугун аныктайт.
1.2. Нускамалар Кыргыз Республикасынын «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамына, электр чордондорун жана тармактарын техникалык пайдалануу эрежелерине, эмгекти коргоо эрежелерине ылайык түзүлөт.
1.3. Ушул нускаманын негизинде электр чордондорунда, электр тармактарында которуулардын өндүрүшү боюнча жергиликтүү нускамаларды иштеп чыгуу керек, аларда төмөнкүлөр көңүлгө алынышы керек:
- электр орнотмолорунун электр бириктиргичтеринин нормалдуу жана “оңдолуучу” түзмөлөрү, бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн конструкциясы жана курамы, ошондой эле аларды ыкчам тейлөөнүн тартиби;
- жогорку тактыктагы коммутациялык ашык чыңалууларды чектөө боюнча иш-аракеттер.
Жергиликтүү нускамаларда электр жабдууларынын жаңы серияларын, анын ичинен: генераторлорду дүүлүктүрүүнүн тиристордук жана щеткасыз системаларын, газ турбиналарынын тиристордук иштеткич түзүлүштөрүн, синхрондук компенсаторлордун щеткасыз реверсивдүү дүүлүктүрүү системаларын, статикалык компенсаторлорду, башкарылуучу саргактоо реакторлорду, элегаз жана вакуумдук өчүргүчтөрдү ыкчам тейлөөдөгү которуулардын өзгөчөлүктөрүн жана тартибин чагылдыруу керек.
1.4. Электр орнотмолорундагы которуулар боюнча жергиликтүү нускамаларды иштеп чыгууга, макулдашууга жана бекитүүгө катышкан ишкерсан үчүн Нускаманы билүү милдеттүү болот.
Ушул Нускаманын негизинде түзүлгөн жергиликтүү нускамаларды билүү ыкчам которууларды жүргүзүүгө катышкан ыкчам-диспетчердик жана администрациялык-техникалык ишкерсан үчүн милдеттүү.
Электр орнотмолорунда ыкчам которуулар боюнча жергиликтүү нускама ыкчам-диспетчердик ишкерсандын ыкчам-диспетчердик ишкерсандын иш ордунда болушу керек.
1.5. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКынын энергообьекттеринин, энерготутумдун, ЫДК, БДК ыкчам-диспетчердик ишкерсанына төмөнкүлөр кирет:
- ыкчам ишкерсан – электр орнотмолорунун башкаруу органдарына түздөн-түз таасир берген жана нөөмөттө электр орнотмолорун башкарууну жана тейлөөнү жүзөгө ашырган ишкерсан;
- ыкчам-оңдоочу ишкерсан — электр орнотмолорунун башкаруу органдарына түздөн-түз таасир берүү укугу бар оңдоочу ишкерсан;
- ыкчам жетекчилер (диспетчерлер) — нөөмөттө аларга бекитилип берилген обьекттердин (энергетика тутуму, электр тармактары, электр чордондору) иш алып баруусун ыкчам башкарууну жүзөгө ашырган ишкерсан.
1.6. Электр чордондорунун, көмөк чордондордун, электр тармактарынын жана энергетика тутумдардын ыкчам ишкерсанына төмөнкүлөр кирет:
- электр чордондорунун электр цехтеринин нөөмөттөрүнүн башчылары;
- энергоблоктордун нөөмөттөрүнүн башчылары;
- электр чордондорунун кезметчи электр монтерлору;
- көмөк чордондордун кезметчи электр монтерлору;
- ыкчам-көчмө бригадалардын ишкерсаны.
Электр тармактарынын ыкчам-оңдоочу ишкерсанына электр орнотмолорунда которууларды аткаруу укугу бар оңдоочу ишкерсан кирет.
Нөөмөттөгү ыкчам жетекчилер төмөнкүлөр:
- Кыргыз Республикасынын энергетика тутумунун диспетчери;
- электр тармагынын ишканасынын (районунун, аймагынын) диспетчери;
- электр чордонунун нөөмөтүнүн башчысы (кезметчи инженер)
Нөөмөттүн ичинде ыкчам жетекчилер* энергетика тутумунун, электр чордондорунун жана электр тармактарынын ишин ыкчам башкарууну жүзөгө ашыруу менен электр орнотмолорунда которууларды аткарууда ыкчам ишкерсандын ишин башкарышат.
________________
*Мындан ары нускаманын текстинде, эгер тактоо талап кылынбаса, “диспетчер” термини колдонулат.
Административдик-техникалык ишкерсанга төмөнкүлөр кирет: энергетика акционердик коомдорунун, энергетикалык ишканалардын, цехтердин, лабораториялардын, электр тармактар райондорунун жана бөлүктөрүнүн жетекчилери, кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, аталган кызмат адамдарынын орун басарлары.
1.7. Электр жабдуунун (генераторлордун, трансформаторлордун, синхрондуу компенсаторлордун, коммутациялык аппараттардын, чогултма өткөргүчтөрдүн, агын өткөрүүчү бөлүктөрдүн, электр өткөрүүчү линиялардын ж.б.у.с.) ыкчам абалы аны чыңалуу алдында өчүргөн жана иштеткен жана ишке киргизген коммутациялык аппараттардын абалы менен аныкталат.
Пайдаланууга кабыл алынган жабдуу төмөнкү ыкчам абалдардын биринде болушу керек:
- иштеген, анын ичинен автоматтык камдыкта, чыңалуу алдында;
- камдыкта;
- камдыктан тышкары;
- оңдоодо;
- консервацияда.
1.8. Жабдуунун чынжырындагы коммутациялык аппараттар иштетилген жана азыктандыруу булагы менен электр энергиясын кабыл алгычтын ортосунда туюк электр чынжыры түзүлсө же автоматтык түрдө пайда болсо жабдуу иштеп жаткан болуп эсептелет.
Сарпжөндөгүчтүк дүрмөтсүздөгүчтөр, байланыштын конденсаторлору, чыңалуунун трансформаторлору, ашык чыңалуунун чектегичтери жана азыктандыруу булагына катуу (ажыраткычтары жок) туташтырылган жана чыңалуу алдында турган башка жабдуу иштеп жаткан болуп эсептелет.
1.9. Эгер жабдуу иштетүүгө автоматтык жылдыргычтары бар болгон өчүргүчтөр же бөлгүчтөр менен гана өчүрүлгөн болсо автоматтык камдыкта турган болуп эсептелет жана автоматтык түзүлүштөрдүн иш-аракети менен ишке киргизилиши мүмкүн.
1.10. Жабдуу чыңалуунун бир булагына (куру жүрүштөгү күч трансформатору, азыктандырган көмөкчордон тараптан иштетилген электр өткөрүүчү линия ж.б.у.с.) коммутациялык аппараттар менен туташтырылган болсо чыңалуу алдында турган болуп эсептелет.
Тармактан өчүрүлгөн, бирок айланып жаткан талааны өчүргүч автоматы өчүрүлгөндүүлүктүрүлбөгөн генераторду (же синхрондуу компенсатор) чыңалуу алдында турат деп эсептөө керек.
1.11. Жабдуу, эгерде ал коммутациялык аппараттар менен өчүрүлгөн болсо жана аны ишке ушул коммутациялык аппарттардын жардамы менен киргизүү мүмкүн болсо, камдыкта турган болуп эсептелет.
1.12. Эгерде ага катарлаш кошулган башка жабдууларды (генератор-трансформаторлорду) оңдоо үчүн алып салууга байланыштуу аны ишке киргизүү мүмкүн болбосо, жабдуулар камдыктан тышкаркы деп эсептелет.
1.13. Эгер жабдуу коммутациялык аппараттар, чыгарылган алдын ала коргогучтарменен өчүрүлгөн же өткөргүчтөн ажыратылган, жердештирилген жана ТКЭ талаптарына ылайык оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдалган болсо, ал оңдоодо турган болуп эсептелет.
1.14. Релелик коргоонун жана автоматиканын ар бир түзүлүшү төмөнкү абалда турушу мүмкүн:
— ишке кошулган (киргизилген);
— иштен өчүрүлгөн (чыгарылган);
— техникалык тейлөө үчүн өчүрүлгөн.
1.15. Эгер РКА түзүлүшүнүн бардык чыгуучу чынжырлары, анын ичинен бул түзүлүштүн чыгуучу релесинин байланыштары койгучтардын (блоктордун, ачкычтардын) жардамы менен коммутациялык аппараттардын башкаруусунун иштетүүчү же өчүрүүчү электр магниттеринин башкаруучу чынжырларына туташтырылса РКА түзүлүшү ишке иштетилген болуп эсептелет.
1.16. Эгер РКА түзүлүшүнүн бардык чыгуучу чынжырлары, анын ичинен бул түзүлүштүн чыгуучу релесинин байланыштары койгучтардын (блоктордун, ачкычтардын) жардамы менен коммутациялык аппараттардын башкаруусунун иштетүүчү же өчүрүүчү электр магниттеринин башкаруучу чынжырларынан ажыратылса РКА түзүлүшү өчүрүлгөн болуп эсептелет.
1.17. Эгер РКА түзүлүшүнүн өзүнүнүн же анын чынжырларынын бузуктарынан улам, ошондой эле түзүлүшкө же анын чынжырларына профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн аны ишке иштетүүгө мүмкүн болбосо РКА техникалык тейлөө үчүн өчүрүлгөн болуп эсептелет.
1.18. Электр орнотмосунун ишинин нормалдуу иш тартибинде жабдууну жана РКА түзүлүшүн бир абалдан экинчисине которуу, ошондой эле жабдуунун жана РКА түзүлүшүнүн ишин пайдалануу режимдерин өзгөртүүгө байланыштуу которуулар бул жабдуу жана РКА түзүлүшү ыкчам башкаруусунда турган ыкчам жетекчинин буйругу боюнча жергиликтүү ыкчам ишкерсан тарабынан аткарылышы керек.
1.19. Иштин нормалдуу иш тартибинде диспетчердин ыкчам жүргүзүүсүндө турган РКА жабдуусу жана түзүлүшү менен операцияларды андан уруксат алынгандан кийин гана аткарууга болот. Уруксат жалпы түрдө берилет, мисалы: “№1 энергоблокту өчүрүүгө уруксат берем”; 110 кВ чогултма өткөргүчтөрдү экинчи системасын ишке киргизүүгө уруксат берем; ж.б.у.с.
Которууларды аткарууга уруксат алгандан кийин бул РКА жабдуусу жана түзүлүш ыкчам башкаруусунуда турган ыкчам жетекчи же ыкчам ишкерсанбул учурда зарыл болгон операциялардын ырааттуулугун белгилөөгө жана жергиликтүү ыкчам ишкерсанга которуу жөнүндө буйрук берүүгө милдеттүү.
1.20. 35 кВ чейинки (кошо алганда) чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарында ыкчам-диспетчердик башкаруу жок болгон учурда которуулар бул учурда диспетчердин ишин аткарып жаткан ыйгарым укуктуу административдик-техникалык ишкерсандын буйругу боюнчааткарылышы мүмкүн.
Которууларды аткаруунун мындай тартиби кабыл алынган электр орнотмолорунун тизмеги электр тармактар ишканасы боюнча буйрук менен белгилениши керек.
Административдик-техникалык ишкерсандын кызмат адамдарына диспетчердин милдеттерин аткарууга уруксат берүүнү электр тармактар ишканасынын жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте алардын билимдери текшерилгенден кийин жүргүзүү керек.
1.21. Кечиктирүүгө болбой турган учурларда (адамдардын өмүрү же жабдуулардын сакталышы үчүн ачык билинген коркунучта, кырсыкта, табигый кырсыктарда, өрттө, энергетикалык обьектте технологиялык бузуулар болгондо) жергиликтүү ыкчам ишкерсанга жергиликтүү нускамаларга ылайык диспетчердин буйругун же уруксатын албастан, бирок кийин мүмкүнчүлүк пайда болоору менен аткарылган бардык операциялар жөнүндө ага билдирүү менен жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсандын ыкчам башкаруусунда же жүргүзүүсүндө турган жабдууларды бул учурда зарыл болгон которуулардыөз алдынча аткарууга уруксат берилет.
1.22. Нускамада төмөнкү кыскартуулар жана терминдер кабыл алынды:
АӨ — автоматтык өчүргүч.
КАИ — камдык автоматтык иштеткич.
ТӨА —генератордун же синхрондуу компенсатордун магнит талаасын өчүрүүчү автомат.
АКК — автоматтык кайра кошуу.
ТАКК — трансформаторду автоматтык кайталап иштетүү.
ДАЖ — дүүлүгүүнү автоматтык жөнгө салуу.
ТКАЖ — трансформатордун трансформациясынын коэффициентин автоматтык жөндөгүч.
ДБАС— диспетчердик башкаруунун автоматташтырылгын системасы.
ТП БАТ— технологиялык процесстерди башкаруунун автоматташтырылган тутуму.
AT — автотрансформатор.
АЧ — электр өткөрүүчү аба чубалгысы.
ӨДК — өткөргүчтүн дифференциалдык коргоосу.
ЧӨДК — чогултма өткөргүчтүн дифференциалдык коргоосу.
ДФК — дифференциалдык-фазалык коргоо.
ДӨР — догоону өчүрүүчү реактор.
БЭТ — бирдиктүү энергетикалыктутум.
ЖБ — ажыраткычтын жерлештиргич бычактары.
«Энергия» КДБ - «Энергия» координациялык-диспетчердик борбору.
КТ — кыска туташтыргыч.
КЛ — электр өткөрүүчү кабелдик чубалгы.
КБТ — комплекттүү бөлүштүргүч түзүлүш.
ТКБТ — сырткы орнотмонун комплекттүү бөлүштүргүч түзүлүшү
МТК — мачталуу трансформатордук көмөкчордон.
ТБМ — турбинанын кубаттуулугун башкаруу механизми.
ОВ — айланма өчүргүч.
ЫКБ — ыкчам-көчмө бригада.
ОД — бөлгүч.
ЫДК — ыкчам-диспетчердик кызмат.
БОА — АЧ бузулган орундарын аныктоо.
БЭТ — бириктирилген электр энергетика тутуму.
ӨА — өрткө каршы автоматика.
ЖЧЭТИ — жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы,
БТ — бөлүштүргүч түзмөк.
РКА — релелик коргоо жана электр автоматика.
БП — бөлүштүрүү пункту.
ЧЖК — жүктөм алдындагы трансформатордун чыңалуусун жөнгө салгычты которгуч.
РЭТ — райондун электр тармактары.
ЭӨ — экара өчүргүч.
ӨК — өздүк керектөөлөр.
ДТБК — диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттары.
ӨТ — өткөргүч тутуму.
ЧТ — чыңалуунун трансформатору.
ТПЭ – техникалык пайдалануу эрежелери.
ТК — трансформатордук көмөк чордон.
ТС — теле сигнал бергич.
ӨКТ — өздүк керектөөлөрдүн трансформатору.
ТТ — агын трансформатору.
ТБ — теле башкаруу.
ӨБКТ —өчүргүчтүн баш тартуусун камдагы түзүлүш.
БДК — борбордук диспетчердик кызмат.
АБ — азыктандыруу борбору.
ӨБӨ— өткөргүчтү бириктирүүчү өчүргүч.
Которуулардын бланкы (жөнөкөй) — коммутациялык аппараттар, жердештиргич ажыраткычтар (бычактар), ыкчам агындын чынжырлары, релелик коргоо түзүлүштөрү, Бүлүнүүгө каршы жана режимдик автоматика менен операциялардын, чыңалуунун жоктугун текшерүү боюнча, көчмө жердештиргичтерди коюу жана алуу, плакаттарды илүү жана алуу боюнча операциялардын, ошондой эле зарыл болгон текшерүү операцияларынын (ишкерсандын коопсуздугунун жана жабдуулардын сакталышынын шарттары боюнча) так ырааттуулугу келтирилген ыкчам документ.
Которуулардын типтүү бланкы — РКА түзүлүшүнүн электр бириктиргичтеринин жана абалдарынын конкреттүү түзмөлөрү үчүн электр орнотмолорунда кайталанган татаал которууларды аткарууда операциялардын так ырааттуулугу көрсөтүлгөн ыкчам документ.
Которуулардын программасы (типтүү программа) – башкаруунун ар башка деңгээлдериндеги же ар башка энергетика обьекттериндеги электр орнотмолорундагы которууларда операциялардын так ырааттуулугу көрсөтүлгөн ыкчам документ.
Аралыктан башкаруу — коопсуз аралыкта жайгашкан башкаруу постунан (тактадан, пульттан) коммутациялык аппаратты башкаруу.
Жергиликтүү башкаруу — коммутациялык аппаратты жергиликтүү баскычтан же коммутациялык аппаратка жакын жайгашкан башкаруу ачкычынан башкаруу.
2. КОТОРУУЛАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАНА ТАРТИБИ
2.1. Которуулар жөнүндө буйрук
2.1.1. Ыкчам жетекчиге (диспетчерге) которууларды жүргүзүүгө буйрук берүүнүн алдында электр орнотмонун түзмөсүнүн абалын, ыкчам ишкерсандын которууларды жүргүзүүгө даярдыгын, которуулардын бланкынын (программасынын) бар болушун, көзөмөлдөөчү кызмат адамынын катышуусун жана башкаларды аныктоо сунушталат.
Которуу жөнүндө буйрукту диспетчер, эреже катары, башкаруунун төмөн турган деңгээлинин түздөн-түз жетекчисине берет.
Түз байланыш бузулуп калган электр орнотмонун кезметчисине которуу жөнүндө буйрукту башка электр орнотмонун кезметчиси аркылуу берүүгө жол берилет, ал буйрукту өзүнүн ыкчам журналына же үн жазуучу тасмага жазып алууга милдеттүү (сүйлөшүүлөрдө үн жазгычка жаздырып алуу бар болсо), андан кийин буйрукту багыты боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү.
2.1.2. Шашылыш зарылчылык болгон жана башкаруу калканында электр чордондун башчысы жок болгон учурда энергетика тутумунун диспетчери анын ыкчам башкаруусунда турган жабдууда (ошондой эле РКА түзүлүштөрүндө) бир жолку операцияны аткаруу жөнүндө буйрукту түздөн-түз электр цехинин башчысына же башкы (борбордук) башкаруу калканынын кезметчи электр монтеруна берүүгө укуктуу (мисалы, өчүргүчү аралыктан иштетүү же өчүрүү жөнүндө, релелик коргоонун чынжырларында которууларды аткаруу жөнүндө ж.б.у.с.).Көрсөтүлгөн ыкчам ишкерсан диспетчердин буйругун аткарууга, бул тууралуу буйрук берген диспетчерге жана электр чордондун нөөмөтүнүн башчысына билдирүүгө милдеттүү.
2.1.3. Которуу жөнүндө буйруктун мазмуну жана анын аткаруунун тартиби аны берген жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсан (диспетчер) тарабынан, тапшырманын татаалдыгын, ыкчам ишкерсандын иш-аракеттеринин зарыл болгон координациясын жана электр орнотмолорунун түзмөлөрүндөгү өзгөрүүлөрдү макулдашууларды эске алуу менен аныкталат.
Которуулар жөнүндө буйрукка которуулардын максатын жана жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсан тарабынан аныкталган зарыл болгон даражада деталдаштыруусу бар электр орнотмолордун жана РКА чынжырынын түзмөсүндөгү операцияларды аткаруунун ырааттуулугун көрсөтүү керек.
ПКА чынжырларындагы которууларда туташтыруулардын, релелик коргоо түзүлүштөрүнүн (автоматиканын) аталыштары жана аткаруу керек болгон операциялар аталат.
2.1.4. Которуу жөнүндө буйрук мазмуну боюнча түшүнүктүү, так жана мүмкүн болушунча кыска болушу керек. Буйрукту берген жана кабыл алган адамдар белгиленген операциялардын ырааттуулугун жана коопсуздуктун, түзмөнүн абалынын, жабдуунун жана тармактын иш тартибинин шарттары боюнча аларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн так түшүнүшү керек.
Ыкчам ишкерсанга өзү үчүн түшүнүксүз болгон буйрукту аткарууга тыюу салынат.
2.1.5. Ыкчам ишкерсан туруктуу кезметчилик кылган электр чордонунда жана көмөкчордондоруда которуулардын аткаруучусуна бир убакта бир максаттуу операцияны камтыган ыкчам которууларды жүргүзүүгө бирден ашык эмес тапшырма берилиши керек.
2.1.6. .Көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген ЫКБ ишкерсанына убакытты үнөмдөө жана унааны сарамжалдуу пайдалануу максатында аткаруунун кезегин көрсөтүү менен которууларды жүргүзүүгө бир убакта бир нече тапшырма берүүгө уруксат берилет. Бир бригадага бериле турган тапшырмалардын саны буйрукту берген адам тарабынан аныкталат. Тапшырмалар ЫКБнын ыкчам журналына аткарылышы керек болгон тартипте жазылат. Кезектеги ар бир тапшырманы аткарууга ЫКБ ишкерсаны диспетчерге мурдагы тапшырманын аткарылганы жөнүндө билдиргенден жана кезектеги тапшырманы аткарууга андан уруксат алгандан кийин гана киришет.
10 кВ жана андан төмөн электр тармактарындагы бузулууларды жоюуда диспетчерге мурдагы тапшырманын аткарыганы жөнүндө билдирүү бербестен кезектеги тапшырмаларды аткарууга жол берилет.
2.1.7. Жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсандын өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйругу ага баш ийген ыкчам-диспетчердик ишкерсан тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
Эгер жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсандын буйругу баш ийген ыкчам-диспетчердик ишкерсанга жаңылыштык болуп сезилсе, ал бул тууралуу буйрук берген кызмат адамына дароо билдирүүгө милдеттүү. Буйрук тастыкталган учурда ыкчам-диспетчердик ишкерсан аны аткарууга милдеттүү.
КЭ талаптарын бузууларды камтыган жогорку турган ыкчам-диспетчердик ишкерсандын буйруктарын, ошондой элежабдуунун бузулушуна, электр чордондун, көмөкчордондун ӨК азыктандыруусун жоготууга же I категориядагы керектөөчүлөрдү агынсыз калтырууга алып келиши мүмкүн болгон буйрутмаларды аткарууга тыюу салынат. Өзүнүн буйрукту аткаруудан баш тартуусу тууралуу ыкчам-диспетчерлик ишкерсан агынтоосуз түрдө буйрукту берген жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсанга жана административдик-техникалык жетекчисине билдирүүгө, ошондой эле ыкчам журналга (баш тартуунун себебин көрсөтүү менен) жазууга милдеттүү болот.
2.1.8. Жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсандын ыкчам башкаруусунда болгон электр жабдууларындагы жана РКА түзмөктөрүндөнү которуулар буйрук боюнча, ал эми анын колунда богондору – анын уруксаты менен жүргүзүлүүгө тийиш.
2.1.9. Диспетчердин которуу жөнүндө буйругу, эгерде бул тууралуу диспетчерге буйрукту алган адам тарабынан билдириле турган болсо аткарылган деп эсептелет.
2.1.10. Эгерде жабдуу жогору турган ыкчам ишкерсандын башкаруусунда болсо, анда которууга карата уруксат алуу убактысы жана которуулардын аяктагандыгы тууралуу аларга уруксат берген адамга билдирүүлөрдүн убактысы ыкчам журналга же үн жазып алуу тасмага (сүйлөшүүлөрдү үн жазып алуу бар болгон учурда) жабдуу анын ыкчам башкаруусунда турган жогору турган ыкчам ишкерсандын буйругу боюнча аткарыла турган которуулар жөнүндө жазууларга окшош жазылууга тийиш.
2.1.11. Жогору турган ыкчам-диспетчердик ишкерсан которууларга карата уруксатты аларды жабдуунун схемасы, иштөө режими боюнча аткаруунун мүмкүндүгүн текшерүүдөн жана зарыл болгон иш тартиптик иш-чараларды жүргүзүүдөн кийин жалпы түрдө берет (өз алдынча операцияларды бөлүп санабастан).
2.2.Которуулардын бланктары
2.2.1. Татаал которуулар, ошондой эле электр орнотмолорундагы бардык которуулар (жалгыздан болгондон башкалары) которуулар программалары, бланктары боюнча аткарылууга тийиш.
Татаал которууларга, коммуникациялык аппараттар, жердештирүүчү бөлүштүргүчтөр жана релелик коргоо түзмөктөрү, бүлүнүүгө каршы жана режимдик автоматика менен операцияларды так удаалаштыкта аткарууну талап кылуучу которуулар киргизилишет. Которуулар программаларында, бланктарында көрсөтүлгөн операциялардын удаалаштыгы ыкчам жана оңдоо ишкерсанынын коопсуздугун камсыздоого жана электр орнотмосунун ишинде бузулуулардын пайда болушу же өнүгүүсүнүн алдын алууга тийиш.
Которуулардын кадимки бланктары менен чогуу кайталануучу татаал которуулар үчүн которуулардын типтүү программалары жана типтүү бланктары иштелип чыгууга жана пайдаланылууга тийиш.
Татаал которууларды өндүрүү учурунда бланктарды же которуулар программаларын кандайдыр-бир башка ыкчам документтер менен алмаштырууга тыюу салынат.
2.2.2. Электр тармактарына, ар бир электр чордону, көмөкчордону жана электр орнотмолору үчүн кадимки которуулар блактары боюнча, которуулардын типтүү бланктары жана программалары боюнча аткарылуучу которуулардын түрлөрүнүн тизмеги, ошондой эле аларды аткарууга которуулардын бланктарысыз жол бериле турган которуулардын тизмеги иштелип чыгууга тийиш. Ар биртизмекте тигил же бул которууларга катыша турган ыкчам ишкерсандын адамдарынын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
Тиешелүү энергетика компаниялардын жана энергообъекттердин техникалык жетекчилери тарабынан бекитиле турган татаал которуулардын тизмектери энергетика компаниялардын жана энергообъекттердин диспетчердик пункттарында, электр чордондорунун жана көмөкчордондорунун башкарууларыны борбордук башкы) калканчтарында сакталууга тийиш.
Татаал которуулардын тизмеги түзмө, жабдуулар курамы, коргоо жана автоматика түзмөктөрү өзгөргөн учурда кайра каралып чыгууга тийиш.
2.2.3. Которуулардын кадимки бланкы которууларды жүргүзүшө турган ыкчам же ыкчам-оңдоо ишкерсаны тарабынан ыкчам журналда буйрукту жазгандан кийин түзүлүүгө тийиш.
Которуулар бланкын көрсөтүлгөн ишкерсан тарабынан нөөмөттүн ичинде алдын ала түзүп коюуга жол берилет.
Ыкчам ишкерсандын ишин жеңилдетүү, убакытты үнөмдөө жана анын аракеттеринин катасыз болушун жогорулатуу үчүн которуулардын бланктарын түзүүсү ЭЭМдин жардамы менен жүргүзүү сунушталат.
2.2.4. Которуулардын типтүү бланктары энергия ишканаларынын ишкерсаны тарабынан алдын ала электр орнотмосунун электрдик биригүүлөрүнүн башкы түзмөсүндөгү татаал которууларга карата, өздүк муктаждыктар чынжырларында, РКА түзмөктөрүндө иштелип чыгарылууга тийиш. Мында бүлүнүүгө каршы тутумдуу автоматиканын чынжырларындагы экинчилик коммутация аппаратурасы менен болгон операцияларды камтыган которуулар татаалдар катары киргизилүгө тийиш экендигин жетекчиликке алуу керек болот.
Которуулардын типтүү бланктары электр чордондорунда – электрдик цехтердин жетекчилери жана алардын РКА боюнча орун басарлары; электр тармактарынын ишканаларында – ЫДКнын жетекчилери жана РКА жергиликтүү кызматтарынын (РКАЖК) жетекчилери тарабынан кол коюлууга тийиш. Бул адамдар которуулардын типтүү бланктарын түзүүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
Которуулардын типтүү бланктары жабдуу анын ыкчам башкаруусунда турган ЫДКнын же БДКнын жетекчиси менен макулдашылат, жана ишкананын башкы инженери тарабынан бекитилет.
Которуулардын типтүү бланктары басып чыгаруу каражаттарынын жардамы менен көбөйтүлүүгө тийиш жана ыкчам ишкерсанга алардын ар бирин бир жолудан колдонуу үчүн бир нече нускада берилет.
2.2.5. Которуулар программалары (типтүү программалар) ыкчам жетекчилер тарабынан башкаруунун ар түрдүү деңгээлдеринин жана ар түрдүү энергообъекттердин электр орнотмолорундагы которууларды өндүрүү учурунда колдонулууга тийиш.
Которуулар програмасында төмөнкүлөр көрсөтүлгөн болууга тийиш:
- которууларды аткаруу максаты;
- оңдоого чыгарууга карата билдирменин номуру;
- которуулардын объекттери;
- которуулардын башталышынын жана аяктоосунун күнү жана факт жүзүндөгү убактысы;
- которуулар объекттеринин түзмөсү – зарыл болгон учурда;
- коммутациялык аппараттардын, коргоонун жана автоматиканын
тыгындоочу жана жөнгө салуучу органдарынын абалдарын көрсөтүү менен операцияларды аткаруу тартиби жана удаалаштыгы;
- которууларды аткаруучу ыкчам-диспетчердик ишкерсан;
- которууларга катышууга тартылган ишкерсан;
- которууларды аткарууну жетектөөчү ыкчам-диспетчердик ишкерсан;
Которуулар программаларына алардын башкаруусунда чыгарылып жаткан жабдуу турган РКА жана ДК кызматтарынын жетекчилери тарабынан кол коюлат жана ишкананын техникалык жетекчиси тарабынан бекитилет.
Которуларды аткарып жатышкан адамдарга тиешелүү диспетчердин которуулардын жергиликтүү бланктары менен толукталышкан которуулар программасын колдонууга уруксат берилет.
Которуулардын типтүү программалары жана бланктары жаңы жабдууну ишке киргизүүгө, эскирген жабдууну алмаштыруу же жарым-жартылай чечүү, бөлүштүрүүчү түзмөктөрдү реконструкциялоо менен байланышкан, ошондой эле РКА түзмөктөрүн ишке киргизүү учурунда же орнотулгандарын өзгөртүү учурунда электр орнотмолорунун электрдик биригүүлөрүнүн башкы схемасындагы өзгөрүүлөр учурунда өз маалында коррекцияланган болуулары керек.
Жабдуулар жана РК түзмөктөрү алардын башкаруусунда турушкан «Энергия» КДБсынын жана энергетика компаниялардын өндүрүштүк кызматтары тарабынан энергия тутумунун иштөөсүнүн схемаларын жана режимдерин пландаштырылган өзгөртүү жана РКА түзмөктөрүндөгү өзгөртүүлөр учурунда которуулардын типтүү программаларына жана бланктарына ыкчам башкаруунун тиешелүү деңгээлдеринде керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду алдын ала киргизилген болуулары керек.
2.2.6. Ыкчам документтер болуп саналган которуулардын бланктарында электр орнотмолорунда жана РКА чынжырларындагы электрлик бириктирүүлөрдүк схемасында которууларды жүргүзүү учурунда операциялар тартиби жана удаалаштыгы белгиленген болууга тийиш.
Которуулардын бланктарын (типтүү бланктар) которууну аткарып жаткан ыкчам-диспетчердик ишкерсанпайдаланууга тийиш.
Которуулардын бланкында (кадимки жана типтүү) коммутациялык аппараттар жана ыкчам агын чынжырлары менен операциялардын бардыгы, релелик коргоо жана автоматика түзмөктөрү менен болгон операциялар (ошондой эле ушул түзмөктөрдүн азыктандыруу чынжырлары менен), жердештирүүчү бычактарды иштетүү жана өчүрүү, ташылуучу жердештирүүлөрдү орнотуу жана алып салуу боюнча операциялар, жабдууну фазалаштыруу боюнча операциялар, таканчык-өзөктүү обочолоткучтарды ажыраткычтар менен операциялар, телемеханика түзмөктөрү менен операцияларды жана башкаларды аларды аткаруунун белгилүү удаалаштыгында карап чыгуу (жараңкалардын жана сынып калуулардын бар болушу) жазылган болушу керек.
Которуулардын бланктарында ишкерсандын эң маанилүү текшерүүчү аракеттери көрсөтүлүүгө тийиш: агын алып баруучу бөлүктөргө жердештирүүнү орнотуунун алдында чыңалуунун жоктугун текшерүү (жердештирүүчү бычактарды иштетүү менен); өткөргүчтү бириктирүүчү өчүргүчтүн иштетилген абалын өткөргүчтөрдүн бир системасынан башкасына туташтырууларды которуу боюнча операцияларды аткаруу башталганга чейин ордунан текшерүү; эгерде кийинки болуп ажыраткычтар менен операция эсептелсе өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын ордунан текшерүү; ордунда же сигнализация түзмөктөрү боюнча биринчилик чынжырдын ар бир коммутациялык аппаратынын абалын ушул аппарат менен операцияларды аткаруудан кийин текшерүү; которуулар аяктагандан кийин РКА чынжырларындагы которулуп жаткан түзмөктөрдүн режимдик карталарга шайкештигин текшерүү жана коопсуздук плакаттарын илүү.
Которуулар бланкына киргизиле турган ар бир операция (же аракет) катар номурга ээ болушу керек.
Которууларды кадимки которуулар бланкы боюнча аткаруунун алдында анда жазылган операциялардын тууралыгы ыкчам схема (же схема-макет) боюнча текшерилүүгө тийиш, ал текшерүү учуруна карата электр орнотмосунун коммутациялык аппараттарынын чыныгы абалын так чагылдырышы керек.
Текшерүүдөн кийин которуулар бланкына эки адам – которууну аткаруучу жана аларды көзөмөлдөөчү тарабынан кол коюлат.
Которууларды ыкчам ишкерсандын ичинен бири аткарган учурда которуулар бланкын түзүүнүн тууралыгын көзөмөлдөөчү адам болуп болуп которуу жөнүндө буйрук берген ыкчам жетекчи эсептелет жана бланкка анын аты-жөнү киргизилет.
Электр чордондорунда которууларга электр цехинин нөөмөт жетекчиси (көзөмөлдөөчү адам катары) жана нөөмөтчү электромонтер (операцияны аткаруучу катары) катышышкан учурда которуулар бланкында электр чордондун жетекчисинин колу коюлуп “Которууга уруксат беремин” жазуусу жазылган болушу керек.
2.2.7. Которуулардын типтүү бланктарын пайдаланган учурда төмөнкү шарттарды сактоо милдеттүү болуп саналат:
а) конкреттүү операцияларды аткаруу учурунда которуулардын типтүү бланктарын колдонуу жөнүндө чечим которууларды аткаруучу жана көзөмөлдөөчү адам тарабынан кабыл алынат;
б) которуулардын типтүү бланкында ал электр орнотмосунун кайсы биригишүүлөрү, кайсы тапшырмасы жана кандай схема боюнча колдонулушу мүмкүн экендиги көрсөтүлүшү керек;
в) которууларды аткарууну алдында көзөмөлдөөчү кызмат адамы ыкчам схема боюнча же электр орнотмонун схема-макети боюнча которуулардын типтүү бланкын текшериши керек; которуу жөнүндө диспетчердин буйругунун жазуусунан кийин ыкчам журналга которуулардын типтүү бланкы текшерилгени жөнүндө жана анда баяндалган операциялардын жана текшерүүчү иш-аракетттердин тууралыгы жөнүндө төмөнкүлөрдү жазуу керек: “№___ которуулардын типтүү бланы текшерилди, схемаларга шайкеш келет, андан көрсөтүлгөн ырааттуулукту которууларды аткарууга болот”; бул жазууну типтүү бланктагы операцияларды жүргүзгөн кызмат адамынын жана бул которууларды көзөмөлдөөгөн кызмат адамынын колтамгаларынан кийин жазууга жол берилет;
г) электр орнотмосунун схемасы же РКА түзүлүшүнүн абалы типтүү бланк түзүлгөн схемага шайкеш келбеген учурда которуулардын типтүү бланкын колдонууга тыюу салынат.
Ыкчам ишкерсанга схемага жана тапшырмага шайкеш келбеген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду которуулардын типтүү бланкына кигизүүгө тыюу салынат;
д) эгер электр орнотмонун биринчи бириктирүүлөрүнүн схемасында же релелик коргоонун жана автоматиканын чынжырларында которуулардын типтүү бланкынын айрым пункттары боюнча операцияларды аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган өзгөртүүлөр болсо,же которуулардын типтүү бланкында каталар табылса, электр чордондун, көмөкчордондун ыкчам ишкерсаны ыкчам журналга тийиштүү жазууну киргизүүгө жана бул тууралуу которуулардын типтүү бланкына кол койгон кызмат адамдарына, же кызмат орду боюнча аларды алмаштырган кызмат адамдарына, ошондой эле ыкчам жетекчиге билдирүүгө милдеттүү; бул учурда которуулардын типтүү бланкын колдонууга тыюу салынат; которуулардын жөнөкөй бланкы түзүлөт;
е) бул электр орнотмодо кезектеги операцияны жүргүзүүгө которуулардын типтүү бланкы пайдаланылган учурда диспетчердин буйругун алуу талап кылынат (мисалы, өчүрүлүп жаткан электр өткөрүүчү чубалгыдагы жердеткич бычактарды иштетүүгө буйрук), которуулардын типтүү бланкына бул кезектеги операциянын жазуусунун алдына “Диспетчердин буйругу боюнча аткарылат” белгисин коюу керек.
2.2.8. Которуулардын жөнөкөй жана типтүү бланктарын колдонуу менен электр орнотмолорунда татаал которууларды жүргүзүүдө релелеик коргоо жана автоматика схемаларында айрым операцияларды аткарууга бул түзүлүштөргө бекитилген жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика кызматтарынын кызматкерлеринин ичинен тартууга жол берилет. Которууларга тартылган РКА кызматынын кызматкери которуулардын бланкына жазылган операциялардын тууралыгын жана ырааттуулугун текшерип, которуулардын катышуучусу катары которуулардын бланкына кол коюшу керек жана биринчи бириктиргичтердин схемасындагы которууларды аткарган кызмат адамынын буйругу боюнча релелик коргоо жан автоматика чынжырларындагы кезектеги операцияларды аткарышы керек. Бул учурда буйруктарды жана алардын аткарылышы жөнүндө билдирүүлөрдү байланыш каражаты аркылуу берүүгө болот.
2.2.9. Которуулардын бланктары (жөнөкөй жана типтүү) отчет берилүүчү документтер болот жана так эсепте турушу керек. Бул бланктар ыкчам ишкерсанга берилиши керек, алар төмөнкүлөргө милдеттүү болушат:
- колдонулбаган которуулардын жөнөкөй жана типтүү бланктарынын номурларин ыкчам же атайын журналга жазуу менен аларды нөөмөт боюнча өткөрүп берүү;
- нөөмөттү тапшырганда акыркы толтурулган которуулардын бланкынын номурун көрсөтүү менен которуулардын бланктарын толтурулган тартиби боюнча номурлоо;
- колдонулган которуулардын бланктарын (анын ичинен бузулгандарды) номурларынын катары боюнча сактоо.
Колдонулган которуулардын бланктары 10 күндөн аз эмес сакталышы керек.
Которуулардын бланктарын туура толтуруу, колдонуу жана отчетторду жүргүзүү электр чордондорунда электр цехинин, электр тармактарында ыкчам-диспетчердик кызматтын жетекчилиги тарабынан мезгил-мезгили менен көзөмөлдөнүп турушу керек.
2.3. Которуулар жөнүндө жалпы жоболор
2.3.1. Электр станцияларында жана көмөкчордондордо которуулардын баары ушул нускаманын жана КТЭ талаптарын канааттадырган которууларды жүргүзүү боюнча жергиликтүү нускамаларга ылайык аткарылыш керек.
2.3.2. Электр орнотмосунда которууларды аткарууга анын түзмөсүн, жабдуулардын жана РКА түзүлүштөрүнүн жайгашуусун билген, коммутациялык аппараттар менен операцияларды аткаруунун эрежелерине окутулган жана которуулардын ырааттуулугун ачык түшүнгөн, ТПЭ, КТЭ жана өндүрүштүк нускамаларды билими текшерилген ыкчам ишкерсанга уруксат берилет. Ыкчам ишке киргизүүгө иш ордунда кайталагандан кийин уруксат берилет. Аткаруугу укугу жок кызмат адамдарына которууларды (ал түгүл айрым операцияларды) аткарууга тыюу салынат.
Которууларды жүргүзүүгө укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин (кайсы электр орномолорунда экендигин көрсөтүү менен), ошондой эле которуулардын аткарылышын көзөмөлдөөгө укуктуу алминистративдик-техникалык ишкерсандын кызмат адамдарынын тизмесин ишкананын башкы инженери бекитет.
2.3.3. Кезметчи которуу жөнүндө буйрукту төмөнкү тартипте алууга жана тариздөөгө милдеттүү:
а) которуу жөнүндө буйрукту алганда аны “черновикке” жазып алып, жазылганы боюнча кайталап жана диспетчерденбуйрукту туура түшүнгөнү тууралуу тастыктама алуу;
б) тапшырманы ыкчам журналга жазуу;
в) ыкчам түзмө (түзмө-макет) боюнча операцияларды аткаруунун ырааттуулугун текшерүү жана зарыл болсо которуулардын бланкын түзүү же которуулардын типтүү бланкын пайдаланууга даярдоо.
Сүйлөшүүлөрдүн үн жазуусу бар болсо тапшырманы ыкчам журналга жазуу операциялар саналбастан жалпы түрүндө жүргүзүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн үн жазуусу бар тасма эгер сактоо мөөнөтүн узартууга өтүнмө түшпөсө акыркы жазылган күндөн тартып он сутканын ичинде сакталат.
Алынган буйруктун максаты жана алдыда турган операциялардын ырааттуулугу которууларга даярданып жаткан кызмат адамдарында эч кандай күмөн жаратпашы керек.
2.3.4. Татаал которуулардан тышкары электр орнотмолордогу которууларды нөөмөттө бир кезметчи бар болсо - жеке бир адам же нөөмөттө эки кезметчи бар болсо эки кызмат адамы же ЫКБ курамы менен жүргүзсө болот.
Татаал которууларды эки адам аткарышы керек, алардын бири көзөмөлдөөчү болушу керек.
Ишке жөндөмдүү блоктогучтүзүлүш бар болгон учурда калган которуулардын баарын нөөмөттүн курамынан көз карандысыз түрдө жалгыз кызмат адамы тарабынан аткарууга болот.
Которууларды эки кызмат адамы аткарган учурда, эреже катары, кызмат орду боюнча жогоркусу көзөмөлдөөчү болушу керек, ал ар бир операция боюнча көзөмөлдөөдөн тышкары жалпы которууларды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырышы керек.
Айрым учурларда операцияларды түздөн-түз аткаруу жергиликтүү нускамага ылайык кызмат орду боюнча улуусуна жүктөлүшү мүмкүн.
Нөөмөттө кезметчи ишкерсандын ичинен бир кызмат адамы бар болгон учурда энергетикалык обьект боюнча которууларды аткаруугу киргизилген административдик-техникалык ишкерсандын ичинен бир кызмат адамы көзөмөлдөөчү кызмат адамы болушу мүмкүн.
Которууларды баштоонун алдында ал ыкчам түзмө менен таанышып жана ыкчам журналга жазышы керек.
Бардык учурларда которуулардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик которууларга катышкан эки кызмат адамына тең жүктөлөт.
Которууларга экиден ашык кызмат адамы, анын ичинен РКА кызматынын ишкерсанынын ичинен ыйгарым укуктуу кызмат адамы катышкан учурда которуулардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик которууларга катышкан бардык кызмат адамдарына жүктөлөт.
Которуулар болгон убакта ишкерсан жергиликтүү нускама менен белгиленген которуулардын катышуучуларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнү өзгөртүүгө укугу жок болот.
Эгер которууларга эки кызмат адамы катышуусу керек болсо, операцияларды жеке өзү аткарууга киришүүгө тыюу салынат.
2.3.5. Которуулардын бланкы боюнча которуулар төмөнкү тартипте аткарылышы керек:
а) которуулардын ордунда ишкерсан туташтыруунун аталышын жана операция аткарыла турган аппараттын аталышын, жана алардын которуулардын бланкындагы көрсөтүлгөндөргө шайкештигин жазуусу боюнча көңүл коюп текшерүүгө милдеттүү.
Аппараттагы жазууну окубай туруп, эске тутуусу боюнча которууну аткарууга тыюу салынат;
б) туташтыруу жана аппарат туура тандалганын текшергенден кийин көзөмөлдөөчү кызмат адамы которуулардын бланкы боюнча аткарылышы керек болгон операциянын мазмунун же текшерүү иш-аракеттерин окуйт;
в) операцияны аткарып жаткан кызмат адамы анын мазмунун кайталайт жана көзөмөлдөөчү кызмат адамынын уруксатын алып, операцияны аткарат.
Пульттарда жана панелдерден башкаруучу аппараттар өтө тыгыз жайгашкан учурда операцияны аткаруунун төмөнкү тартиби сунушталат:
Операцияны аткарып жаткан кызмат адамы башкаруу ачкычын (накладканы, сыноочу блокту ж.б.у.с.) алат жана бул операциянын мазмунун кайталайт;
Көзөмөлдөөчү кызмат адамы башкаруунун ачкычы (накладка ж.б.) туура тандалганын жана жүргүзүлүп жаткан операциянын мазмуну түшүнүктүү экенине толук ишенгенден кийин, аны аткарууга уруксат берет;
Которууну жүргүзүп жаткан кызмат адамы операцияны аткарат.
Которуу бир кызматчы тарабынан аткарылган учурда которуулардын бланкы боюнча алдыда турган операциянын мазмунун окуп чыгуу зарыл жана андан кийин аны аткаруу керек;
г) кайсы-бир операцияны өткөрүп жиберүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу үчүн айрым операцияларды же текшерүү иш-аракеттерин аткаргандан кийин дароо которуулардын бланкына алардын аткарылганы тууралуу белги коюу керек;
д) которуулар боюнча операциянын башында жана бүткөндөн кийин которуулардын бланкына операциялардын датасын жана башталган жана бүткөн убактысын көрсөтүү керек.
Пайдаланылган бланк чийилет жана пайдаланылган которуулардын папкасына салынат.
Бланкта белгиленген которуулардын ырааттуулугун өзгөртүүгө тыюу салынат.
Операциялардын туура жүргүзүлгөнүнө күмөн саноо пайда болгон учурда которуулар токтотулушу керек. Операциялардын ырааттуулугу ыкчам түзмө же түзмө-макет боюнча текшерип жана зарыл болгон учурда – которуу жөнүндө буйрук берген ыкчам жетекчинин тийиштүү түшүндүрмөсүн алуу керек.
2.3.6. Которуулар жүрүп жаткан убакта аткарылып жаткан тапшырмага түз тиешеси сөздөрдү сүйлөөгө тыюу салынат; эгер зарылчылык жок болсо которууларда тыныгууларга жол берилбейт. Которуулар жүрүп жаткан убакта аткарылып жаткан операциялардын көлөмүнө кирбеген башка маселелерге же иштерге ыкчам ишкерсанды алаксытууга тыюу салынат. Эгер которуу жүрүп жаткан убакта аргасыз тыныгуу болуп калса (мисалы, технологиялык бузулууларды жоюуга байланыштуу), анда токтотулган которууларга түзмөнүн жаңы абалына которуулардын бланкы шайкештиги текшерилгенден кийин гана киришүүгө болот. Бул учурда которуулардын бланкында акыркы белгиленген аткарылган операциянын аткарылганы текшерилет. Түзмө шайкеш келбестиги аныкталган учурда жаңы которуулардын бланкын түзүү керек.
2.3.7. Которуулар аяктаганда ыкчамжурналга коммутациялык аппараттар менен операциялар, РКА чынжырларындагы өзгөрүүлөр жөнүндө, жердеткич бычактарды иштетүү (өчүрүү), номурларын жана жайгашкан орундарын көрсөтүү менен көчмө жердеткичтердин орнотулганы (алынганы) жөнүндө жазылышы керек. Жердеткичтерди эсепке алуу, орнотуу жана алуу тартиби А тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Которуулардын бланкы боюнча операцияларды аткарууда ыкчам журналга орнотулган (чыгарылган) жердеткичтерди көрсөтүү менен операциялар жүргүзүлгөн которуулардын бланкынын номуру көрсөтүлөт жана электр орнотмонун биринчи түзмөсүнүн өзгөртүлгөн жөнүндө жазылат. Которуулар бланктарында жана ыкчам журналдагы жазууларда жергиликтүү нускамага ылайык жабдуунун кыскартылган аталышын пайдаланууга жол берилет.
Электр орнотмолорунун электр туташтыруу түзмөлөрүндөгү жана которууларды жүргүзүүдөгү РКА түзүлүштөрүнүн чынжырларындагы бардык өзгөртүүлөр, ошондой эле жердетүүлөрдү орнотуу орундары которууларды аяктагандан кийин оперативдик түзмөдө же мнемотүзмөдө (түзмө-макетте) чагылдырылышы керек. Электр станцияларынын жана көмөкчордондордун электр туташтырууларынын ыкчам түзмөлөрүн жана түзмө-макетин жүргүзүү тартиби Б тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Которууларды аяктоо тууралуу которуу жөнүндө буйрук берген диспетчерге билдирүү керек.
2.3.8. Жергиликтүү нускамада 110-500 кВ БТда резонанстын жана жогорку жыштыктагы коммутациялык ашачыңалуулардын жогорку деңгээлдеринин пайда болушун жокко чыгаруучу которуулар тартиби көрсөтүлүшү керек.
Иштеткичтин түрүнөн (кол менен же аралыктан башкаруу менен) көз карандысыз феррорезонанстык процесс пайда болгондон кийин НКФ сериясындагы чыңалуу трансформаторлорун ажыраткычтар менен өчүрүүгө жол берилбейт.
Чыңалуу астында турган 110 кВ жана андан жогору чыңалуудагы трансформаторлорду, бул бөлүштүргүч түзүлүштүн өткөргөчтөрүнө же башка кошууларына карата туташтырылган РВМГ тибиндеги, ошондой эле нормативдик мүнөздөмөдөн кыйла четтеген мүнөздөмөлөргө ээ болгон РВС тибиндеги сарпжөндөгүчтүк дүртмөтсүздөгүчтөр болгондо ажыраткычтар менен пландуу которууларды жүргүзүүгө жол бербөө керек.
2.3.9. Пландуу которууларды жүк азыраак болгон сааттарда жүргүзүү сунушталат.
Пландуу которууларды баштоо убактысы ар бир конкреттүү учурда бул жабдуу ыкчам кол алдында турган диспетчер тарабынан аныкталат.
Жүк максимумга жеткен сааттарда жана чагылгандуу жамгыр же катуу шамалубагында пландуу которууларды жүргүзүүгө, ошондой эле кезметчи ишкерсандын нөөмөтү аяктаганга чейин жарым саат мурун которууну баштоого тыюу салынат.
Түнкү убакта татаал которууларды жүргүзүү зарыл болгон учурда күндүзгү убакта жабык бөлүштүргүч түзүлүштөрдүн жабдууларын кароону жүргүзүү сунушталат (оперативдик журналда жазуу менен).
Которуулар коммутациялык аппараттардын абалын так аныктоо жана жабдуудагы жана которуучу түзүлүштөрдөгү жазууларды окуу үчүн жетиштүү болгон, жумушчу ордундагы жарыктандырууда жүргүзүлөт.
2.4. Релелик коргоо жана автоматика схемаларындагы которуулар
2.4.1. Оперативдик ишкерсан бул электр түзүлүшүндө колдонулуучу РКА, ТП БАС, АК, ДБАС түзүлүштөрүнүн иштөө принциптерин, ошондой эле багытын жана сактагычтардын жана автоматтык өчүргүчтөрдүн, сыноо блокторунун жана шаптардын, РКА схемаларында алардын жардамы менен которуу аткарыла турган которуучу жана өчүрүүчү түзүлүштөрдүн панелдериндеги жайгашуусун билиши керек.
Электр орнотмолорундагы которууларда оперативдик ишкерсан жергиликтүү нускамалардын талаптарына ылайык РКА түзүлүштөрү менен бардык керектүү операцияларды өз убагында аткарууга милдеттүү.
2.4.2. Күч электр жабдуусу жана электр берүү чубалгысы бузулуулардын бардык түрлөрүнө каршы кошулган релелик коргоо менен гана чыңалуу астында же автоматтык камдыкта турушу мүмкүн.
Иштен чыгарууда же коргоонун айрым түрлөрү бузук болгондо иштеп жаткан релелик коргоо түзүлүшү электр жабдууларын, өткөргүч системаларын жана электр берүү чубалгыларын бузулуулардын бардык түрлөрүнөн толук кандуу коргоону камсыздашы керек. Эгер бул шарт аткарылбаса, анда убактылуу тез аракеттенүүчү коргоо ишке ашырылып же камдык коргоону тездетүү керек, болбосо туташтыруу өчүрүлүшү керек.
2.4.3. Тез аракеттенүүчү релелик коргоо жана ОИЖЖ болгондо оңдоодон же чыңалуусуз тапкандан кийин чубалгыларды, топтомо өткөргүчтөрдү жана жабдууларды ишке киргизүү боюнча, ошондой эле ажыраткычтар жана аба өчүргүчтөрү менен которуу боюнча бардык операциялар бул коргоолорду ишке киргизүү менен аткарылышы керек.
Чыңалуу астында турган өткөргүч ажыраткычтары жана аба өчүргүчтөрү менен операцияларды аткарууда өткөрмөлөрдү дифференциалдык коргоону өчүрүүгө уруксат берилет. Өткөргүч ажыраткычтары менен операцияларды баштаганга чейин өткөргүчтөрдүн дифференциалдык коргоосунун оңдугун текшерүү керек (баланс эмес агынту өлчөө менен).
Өткөргүчтөрдүн өчүрүлгөн дифференциалдык коргоосунда 110 кВ жана андан жогору өткөргүч ажыраткычтары жана аба өчүргүчтөрү менен операциялар (чыңалуу астында турган) тиешелүү камдык коргоодо же иштеп турган убактылуу коргоодо киргизилген тездетүүлөрдө аткарылышы керек.
Эгер 110 кВ жана андан жогору чыңалуудагы түйүндүү көмөкчордондордун өткөргүчтөрүнүн дифференциалдык коргоо чынжырларында иштөө үчүн бул коргоону кыска убакыттык (30 мүнөткө чейин) аракеттен чыгаруу талап кылынса, аны кайра ишке киргизгенге чейинки мезгилде камдык коргоону тездетүүнү киргизбөөгө жол берилет, бирок мында, эреже болгондой, бул коргоонун аракет аймагында чыңалуу астындагы өткөргүч ажыраткычтарын жана аба өчүргүчтөрүн кошуу жана өчүрүү боюнча эч кандай операцияларды аткарбаш керек.
Өткөргүчтүн ажыраткычтары жана аба өчүргүчтөрү, СБТ тоголоктоп чыгарылган араба менен операцияларды өткөрүү убагында АКК өткөргүчтөрүнүн, РАИ бөлүкчөлөрү жана өткөргүч бириктирүүчү өчүргүчтөрүнүн түзүлүштөрү өчүрүлүшү керек.
2.4.4. Өткөргүчтөр системасы боюнча туташтырууларды фиксациялоону өзгөртүүдө, оңдоону аяктагандан кийин өчүргүчтү ишке киргизүүдө, ошондой эле330 кВ чыңалуудагы БТда которуулар менен байланыштуу башка учурларда, өткөргүчтөрдүн дифференциалдык коргоосунун агын чынжырларындагы жана ОИЖЖ операциялары РКА жергиликтүү кызматынын ишкерсаны тарабынан аткарылышы керек. Бул операцияларды бардык которуулар сыноо блокторунун жардамы менен жана которуулардын типтүү бланктары боюнча жүргүзүлгөн шартта ыкчам ишкерсан тарабынан өткөрүүгө жол берилет.
Агын жана чыңалуу трансформаторлорунун экинчи чынжырындагы операциялар, анын ичинде сыноо блоктору менен операциялар, тиешелүү РКА түзүлүштөрүн (же алардын айрым баскычтарын) иштен чыгаруу менен жүргүзүлүшү керек, алар аракеттенүү принциби жана тескөө параметрлери боюнча аталган операцияларды аткаруу процессинде жалган иштеши мүмкүн.
2.4.5. ОИЖЖ иштетүүдө аракеттенген релелик коргоо түзүлүштөрүн өчүрүү алдында бул коргоо менен ОИЖЖ иштетүүнү алдын ала өчүрүү керек.
ОИЖЖ иштетүү коймосу ОИЖЖ иштеткен коргоону ишке киргизгенден кийин “Кошулду” абалына которулат.
2.4.6. Күч трансформаторлорун оңдоого чыгарууда ишкрсан бул электр орнотмосунун же тармактар бөлүгүнүн нейтралдарын жердештирүү “режимин” сактоону көзөмөлдөөгө милдеттүү.
Жергиликтүү нускамаларда трансформаторду өчүрүүдө же ишке киргизүүдө аткаруу керек болгон иш-чаралар көрсөтүлүшү керек.
Өздүк өчүргүчтөрү жок же “бир жарым”, “4\3” схемасы боюнча туташкан мажбурлама муздатуу тутуму бар трансформаторлорду (автотрансформаторлорду,саргактоо реакторлорду) өчүргүчтөрдү андан ары кошуу менен оңдоого чыгарууда оңдоого чыгарылган муздатуу тутумун өчүргөндөн кийин аларды өчүрүүнүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүшү керек.
2.4.7. 110 кВ жана андан жогору электр берүү аба чубалгыларынын чубалгы ажыраткычтары менен операцияларды жүргүзүүдө же аларды айланма өчүргүч аркылуу которууда чубалгы ажыраткычтары менен операциялар убагында, эреже болгондой, чубалгынын АКК түзүлүшүн карама-каршы тарабынан иштен чыгаруу керек.
2.4.8. РКА түзүлүштөрүндөгү татаал которуулар үчүн ишкананын реле ишкерсанынан ыйгарым укуктуу адам тартылат.
2.5. Технологиялык бузулууларды жоюудагы которуулар
2.5.1. Электр орнотмолорунда технологиялык бузулууларды жоюу жергиликтүү нускамаларга жана жогору турган оперативдик-диспетчердик башкаруу органынын нускамаларына ылайык жүргүзүлүшү керек.
Өрт чыкканда ыкчам-диспетчердик ишкерсан жергиликтүү нускамаларга жана ыкчам өрт өчүрүү планына ылайык аракеттениши керек.
2.5.2. Бүлүнүү жана технологиялык бузулууларды (инциденттерди) жоюудагы которуулар ушул жана жергиликтүү нускамаларда берилген тартипте жана ырааттуулукта аткарылышы керек. Мында ТКЭнин талаптарынан четтөөгө жол берилбеши керек.
2.5.3. РКА жана сигнализация панелдерин кароодо бардык иштеген көрсөтүүчү релени жана түзүлүштөрдүн иштөөсү жөнүндө өткөн сигналдарды белгилеп (бор же башка жол менен), кайсы РКА түзүлүштөрү иштегенин жазуу керек. Жабдууну кайталап кошуу алдында сигналдар ырасталышы керек, көрсөтүүчү реле желекчелери көтөрүлүшү керек. Көрсөтүүчү релени ырасталышсыз өчүрүлгөн жабдууну кайталап кошууга тыюу салынат.
Ыкчам ишкерсан БОА алеттеринен, өзү жазуучу алеттерден көрсөткүчтөрдү алып, РКА түзүлүштөрүнүн иш-аракетинин тууралыгын баштапкы баалоону жүргүзүшү керек.
2.5.4. Технологиялык бузулууларды жоюуда же алардын алдын алуу үчүн технологиялык бузулууларды жойгондон кийин ыкчам журналда андан ары жазуу менен которуулар бланктарын колдонуусуз которууларды жүргүзүүгө уруксат берилет.
2.5.5. Тосмолоо түзүлүштөрү бузук болгон учурда технологиялык бузулууларды жоюуда, өчүргүчтөр же башка коммутациялык аппараттар иштебей калганда өчүрүүдө (кошууда) ыкчам ишкерсанга түзмөнү жана мурдагы операцияларды аткаруунун тууралыгын текшергенден кийин түзүлүштөрдү өз алдынча тосмолоодон чыгаруусуна уруксат берилет. Бул учурларда тосмолоодон чыгарууга уруксатты ишкананын (электр станциясынын, электр тармагынын) нөөмөтүндөгү ыкчам жетекчи берет.
2.5.6. Диспетчер менен байланыш жок болгон шарттарда технологиялык бузуктуктарды жоюу үчүн ыкчам ишкерсан, технологиялык бузуктуктарды жоюу боюнча жергиликтүү нускамалар менен караштырылган учурларда коммутациялык аппараттар жана РКА түзмөктөрү менен операцияларды өз алдынча аткаруу укугуна ээ болот. Аткарылган операциялар жөнүндө ал анын ыкчам башкаруусунда же ыкчам иш жүргүзүүсүндө ушул аппараттар жана түзмөктөр турган диспетчерге байланыш калыбына келтирилээри менен дароо билдирүүгө милдеттүү.
2.6. Жаңы жабдууларды ишке киргизүүдө жана сыноолорду жүргүзүүдөгү которуулар
2.6.1. Ишке жаңыдан киргизилип жаткан электр орнотмолорун жана жабдууларды чыңалууга кошуу, ошондой эле жабдууларды атайын сыноолор энергетика компаниянын же ишкананын тиешелүү өндүрүштүк кызматтары менен макулдашылган жана техникалык жетекчиси тарабынан бекитилген программалар боюнча жабдууну диспетчердик башкаруу системасындагы тиешелүүлүгүнөн көз карандылыкта жүргүзүлүүгө тийиш. Программалар аракеттеги Жылуулук, гидравликалык электр станцияларында, энерго тутумунда, жылуулук жана электр тармактардагы сыноолор программасын иштеп чыгуу, макулдаштыруу жана бекитүү жөнүндө Жобого ылайык түзүлгөн болууга тийиш.
2.6.2. Жаңыдан киргизилип жаткан жабдууну же атайын сыноолорду камтууга байланышкан электр орнотмолорундагы которуулар бекитилген программаларга ылайык түзүлгөн которуулардын бланктары боюнча, ишкананын же энергия тутумунун техникалык жетекчисинин жетекчилиги алдында – сыноолордун мүнөзүнө жараша жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде атайын сыноолор эки нөөмөттүн же андан көп күн ичинде жүргүзүлө турган болсо, которуулар бланктарын алдын ала – сынооолор башталганга чейин толтуруп алуу сунушталат.
3. КОТОРУУЛАРДЫ АТКАРУУ
3.1. Өчүргүчтөр, ажыраткычтар, бөлгүчтөр жана жүктөмдөрдү өчүргүчтөр менен операцияларды жүргүзүү
3.1.1. Өз чынжрында өчүргүчү бар болгон кошулууну чыңалуудан өчүрүү жана кошуу жана ишке киргизүү өчүргүч тарабынан, жана эреже катары аралыктан жүргүзүлүүгө тийиш. Мында өчүргүчтүн башкаруу ачкычын (баскычын) “Өчүрүү”же “Иштетүү” абалында операция аяктагандыгын көрсөтүүчү сигнализация иштеп кеткен учурга чейин (тиешелүү сигналдык лампа күйгөнгө чейин, башкаруу ачкычында сигналдык лампа күйүп-өчүүсүнүн аяктоосу) кармап туруу керек.
Өчүргүч аралыктан башкаруу учурунда өчүрүүсү иштебей кала турган болсо аны жергиликтүү башкаруу баскычына, иштеткичти же өчүп бара жаткан электр магниттин өзөгүн кыпчууга (кырсык окуясын болтурбоо үчүн) таасир кылуу менен өчүрүүгө тыюу салынат. Өчүргүчтү оңдоого чыгаруу үчүн бул учурда электр орнотмосунун тиешелүү секциясыже бөлүгү агындан чыгарылган болууга тийиш.
6-10 кВ май өчүргүчтөрүн жалпы коргоо дубалына ээ болбогон бөлүштүрүү түзмөктөрүндө иштетүүнү аралыктан туруп же алынып чыгарыла турган пульттардын жардамы менен жүргүзүү керек.
Аралыктан иштеткичи бар болгон май өчүргүчүн кол менен өчүрүү иштеткичтин чып бекитмесине же өчүрүлүп жаткан электр магниттин өзөгүнө таасир кылуу менен аткарылат.
Май өчүргүчтүн кол менен иштеткич кыймылдаткычы аркылуу иштетүүнү тез жүргүзүү керек, башкаруу рычагын (штурвал) аягына чейин буруу зарыл, бирок башкаруу рычагынын жүрүшүнүн акырындагы олуттуу күч жумшабастан.
Жүк келтирилүүчү жана пружиналуу иштеткичтерге өчүргүчтүн ката же өз алдынча иштеп кетүүсүнүн алдын алуучу чаралар кабыл алыныш керек (ыкчам агынды иштеткичтен, өчүргүчтөн алып салуу; иштеткичти бурагычтын буроону жана АКК бурагычын орто (нейтралдуу) абалга которуу; “өчүрүү – иштетүү – өчүрүү” операциялары жолу менен иштетүүчү пружиналарды жумушчу эмес абалга келтирүү).
3.1.2. Бардык типтердеги жана класстардагы чыңалуулардын аба өчүргүчтөрүн иштетүү жана өчүрүү аралыктан туруп башкаруу калканчынан аткарылууга тийиш.
Оңдоо иштери процессинде аба өчүргүчтөрүн иштетүү жана өчүрүүнү аралыктан туруп башкаруу калканынан же көчмө оңдоо устаканасынын пультунан ишкерсан коопсуз аралыкка же жашыруун жерге алынып кеткенден кийин аткарылышы керек.
3.1.3. Өчүргүчтү иштетүү учурунда иштетилип жаткан кошулуунун амперметрлердин жана ваттметрлердин көрсөткүчтөрүнө көз салып туруу зарыл. Кыска туташуу же синхрондуу эмес иштетүү бар экенине көрсөтүп туруучу агынды же кубаттуулукту ыргытуу учурунда, анын натыйжасында асинхрондуу режим пайда болсо, өчүргүчтү, аны релелик коргоо аракети менен өчүрүүнү күтпөстөн өчүрүү зарыл болот.
3.1.4. Өчүргүчтү телемеханиканын түзмөктөрүнүн жардамы менен иштетүү же өчүрүү үчүн ачкыч-өчүргүч символу “Шайкеш эместик” абалына коюлат, мында ачкыч грифинин лампасы күйүп калат жана күйүп-өчүп турган жарык менен күйөт. Операцияны тандоонун жалпы ачкычын которуу менен ТБга команда берилет. ТБ операциясы аткаручулук импульсун жөнөткөндөн кийин 6-7 с. улантылат. Өчүргүчтүн которуу операциясын аткарылган катары ТК түзмөгү менен кайтарым багыттар бериле турган маалымдоо маалыматы келип түшкөндөн кийинэсептөө керек, мында ачкыч грифинин сигналдык лампасы өчүп калат.
ТБ операциясы эгерде ийгиликсиз болуп калса (өчүргүчтү которуу жөнүндө сигнал келип түшпөсө, ал эми ТБ түзмөгү даярдык абалына келген болсо), суроо салуу керек, андан кийин ТБ операциясын кайтаруу зарыл.
ТБ операциясын бир маалда бир гана өчүргүчкө аткарууга уруксат берилет. Ар бир кийинки операция мурункусу аяктагандан кийин аткарылууга тийиш. ТБ операциясын аткаруунун алдында өчүргүчтөрдүн абалынын бардык сигналдары жана авария сигналдары ырасталышы керек, эгерде алар электр орнотмосундагы технологиялык бузуулардын жыйынтыгында келип түшкөн болсо. Ырасталбаган сигналдар бар болгон учурда ТБ командасынын өчүргүчтөр абалы ийгиликтүү болбойт.
Телемеханизацияланышкан көмөкчордондорунда персонал тарабынан которууларды көмөкчордонунда аткаруу алдында коммутациялык аппараттары “жергиликтүү башкарууга” которулуш керек.
3.1.5. Кошулуудагы өчүрүлгөн өчүргүчү бар ажыраткычтар менен операцияларды аткаруу учурунда, ушул өчүргүчтүн иштеткичинен ыкчам агын алынып салынууга тийиш, ал эми өчүрүлгөн өчүргүчтүн башкауру ачкычына “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаты илинген болушу керек.
Ажыраткычтар менен операцияларды аларда дефекттер жана бузулуулар жок болгон учурда аткарууга уруксат берилет.
110-220 кВ ажыраткычтар менен операцияларды жүргүзүүнүн алдында аларды кылдаттык менен карап чыгуу зарыл, анын ичинде дүрбү пайдаланып дагы.
Алардын обочолоткучтары жараңкалар же фарфордогу тереңдиги 0,5 ммден ашпаган дефекттери, ошондой эле 1 ммден тереңдиктеги жарылуулары бар ажыраткычтар менен операцияларды өндүрүүгө тыюу салынат.
110-220 кВ ажыаткычтары менен инвентардык эмес (узартылган) кол менен иштеткичтерди пайдаланып которууларды өндүрүүгө тыюу салынат.
Ажыраткычтар менен болгон бардык операцияларды ишке киргизилген тез аракеттенүүчү релелик коргоолордо жана ӨБРТларда ТПЭ менен толук шайкештикте жүргүзүү керек.
Эгерде бланк боюнча которуулар процессинде же которуулар программасы боюнча бул операциялар, качан өткөргүчтүк ажыраткычтарынан чыңалуу тиешелүү өчүргүчтү өчүрүү менен алынып салынса аткарылышы мүмкүн болсо, андан кийин чыңалуу алдындагы кошулуулардын өткөргүчтүк ажыраткычтары менен операцияларды аткаруу сунушталбайт.
Которуулар маалында коркунучтуу зонада чоочун адамдардын (анын ичинде оңдоо персоналынын адамдары дагы) турушуна тыюу салынат.
3.1.6. Ажыраткычтарды кошууну тез жана чечкиндүү бирок жүрүшүнүн аягында соккусуз аткаруу керек. Кошуунун башталган операциясы аягына чейин улантылган болушу керек, контакттар ортосунда догоо пайда болгон учурда дагы.
Ажыраткычтарды өчүрүүнү жай жана абайлап аткаруу керек болот. Адегенде иштеткичтин рычагын анча чоң эмес кймылдатуу жасоо зарыл, термелүүлөрдүн жана обочолоткучтардын сынып калууларды жоктугуна ынануу үчүн. Эгерде контакттар ажыроо учурунда алардын ортосунда догоо пайда болсо, ажыраткычты кошуу керек жана догоо пайда болуу себебин аныктаганга чейин аны менен операцияны аткарууга болбойт. Электр догоосуна кароо сунушталбайт.
Өзгөчөлүктү күч трансформаторлорунун магниттешүүчү агынын,аба жана кабелдик чубалгылардын дүрмөттүү агынын ажыраткычтарын (бөлгүчтөр) өчүрүү боюнча операциялар түзөт. Бул учурларда ажыраткычтардын өчүрүүсүн тез аткаруу керек,догоону өчүрүүнү каммсыздоо үчүн. Мында операцияны аткарып жаткан кезметчи, электр догоосунун таасиринен коргоону үчүн коргоочу калканчтын алдында турууга милдеттүү болот.
Ыкчам ишкерсан ажыраткычтар менен операцияларды жүргүзүүгө чейин жана андан кийин, иштеткичтин көзөнөгүндө ажыраткычтары электр магниттик тосмолоонун блок-кулпуларынын өзөгүн фиксациялоо жүргөндүгүнө ынануусу керек.
3.1.7. Бир полюстуу ажыраткычтарды ыкчам штангалардын жардамы менен өчүрүү операцияларын персонал үчүн эң жогорку коопсуздукту камсыздай турган кезекте аткаруу керек.
Ажыраткычтардын каалагандай жайгашуучу учурунда биринчи болуп ортоңку фазанын ажыраткычтарын өчүрүү керек. Горизонталдуу-бурама тибиндеги ажыраткычтарды экинчи болуп бычактары тышка карап тарап кеткен ажыраткыч өчүрүлүүгө тийиш. Акырында бычактары ажыраткычтын ичин карай ачылган ажыраткыч өчүрүлөт. Ажыраткычтар вертикалдуу (биринин үстүнө бири) жайгашкан учурда, экинчи болуп жогорку ажыраткыч, үчүнчү болуп төмөнкү ажыраткычтарды өчүрүшөт.
Бир полюстуу ажыраткычтарды кошуу операциясын кайтарым тартипте аткарышат.
3.1.8. КТБ жана ТКБТ бөлгүчтөрдү, ажыраткычтарды, алына турган контакттары менен өчүрүүгө жана иштетүгө уруксат берилет (ченемик документтердин талаптарын сактоо менен):
А) 110-220 кВ күч трансформаторлорунун нейтралдары;
Б) 6-35 кВ жердештирүү догоо өчүргүч реакторлорду жерге карата кыска туташып калуусу жок болгон учурда;
Г) 6-35кВ күч трансформаторлорунун магниттештирүү агынын;
Д) электр берүүнүн аба жана кабелдик чубалгыларынын жерге карата кыска туташуусунун агынын жана дүрмөттүк агынын;
Е) жыйналма өткөргүч системасынын, ошондой эле кошулуулардын дүрмөттүк агынын.
3.1.9. 6-10 кВ шакектүү тармактарда 70 Ага чейинки теңдештирүү агындарынын ажыраткычтарын өчүрүүгө жана тармактын шакекчеге туташуусун ажыраткычтарындагы ажыратылган контакттарындагы чыңалууларынын айырмачылыгы 5% жогору болбосо.
10 кВ чыңалуусу жана жүктөм агыны 15Адан төмөн болбогон учурда тышкы орнотмону үч полюстуу ажыраткычтар менен өчүрүүгө жана кошууга жол берилет.
220 кВ жана андан жогору чыңлуудагы бузук болгон өчүргүчтү ажыраткычтар менен аралыктан өчүрүүгө,бир өчүргүч же бир нече өчүргүчтөр чынжыры менен өткөргүч системасынын башка кошулушунун бир нече өчүргүчтөрүн жарыш чынжырлоого жол берилет (төрт бурчту, бир жарымдык схемасы ж.б.у.с), эгерде өчүргүчтүн өчүүсү анын талкалануусуна же көмөкчордонунун агынсыздалышына алып келиши мүмкүн болсо.
3.1.10. Ажыраткычтар менен өчүрүлүп жана кошулуп жаткан агындардын жол бериле турган мааниси ченемдик документтердин негизинде аныкталышы керек.
Конкреттүү электр орнотмолорундагы электр жабдууларынын түрлөрү үчүн ажыраткычтардын операцияларын аткаруу тартиби жана шарттары жергиликтүү нускамаларда көрсөтүлгөн болушу керек
Тышкы жана ички орнотулуштардын ажыраткычтарын жана бөлгүчтөрүн аба жана кабель чубалгыларынын дүрмөттүү агынындагы өчүрүү жана кошуу үчүн колдонулат, ошондой эле 6-35 кВ чыңалуудагы бөлүштүрүүчү электр тармактарында жерге кыска туташуунун агыны, чыңалууга орнотуу ыкмасы жана полюстар окторунун ортосунда аралык 9.2. бөлүмү менен регламенттештирилет [5].
3.1.12. Пружиналуу жана жүктүү иштеткичтери менен камтыган өчүргүчтөрдү чынжырлардагы ажыраткычтар менен операцияларды, аларды ката иштетүүнүн алдын алуучу чаралар кабыл алынгандан кийин аткаруу керек.
3.1.13. Ыкчам ишкерсан жүктөлбөгөн трансформаторлордун (автотрансформаторлордун), электр берүү чубалгыларынын, жыйналуучу өткөргүчтөрдүн жана кошулуулардын ажыраткычтары жана бөлгүчтөрү менен операцияларды аткаруу учурунда төмөнкүгө милдеттүү:
а) бир чынжырда бөлгүчтөргө жана ажыраткычтарга ээ болгон 35-220 кВ кошулууларында магниттешип калган агын трансформаторлорун жана чубалгылардын дүрмөттүк агындарын өчүрүүнү аралыктан туруп бөлгүчтөр менен, ал эми кошууну – алдын ала иштетилген бөлгүчтөр менен аткаруу керек.
Трансформатордун магниттешип калган агынын өчүрүүнүн алдында анын ЧЖКсын минималдуу чыңалууга шайкеш келген абалга орнотуу сунушталат. Вольткошуучу трансформаторду которгуч (удаалаш жөнгө салуу трансформатору) кошумча ЭДСтин нөлдүк маанисине шайкеш келе турган абалга орнотушат.
б) нейтралдын толук эмес обочолонуусуна ээ жана жердештирүүдөн чыгарылган нейтрал менен иш алып барган 110-220 кВ күч трансформаторлорунун магниттештирүү агындарын өчүрүү жана кошуу, дүрмөтсүздөгүч менен коргоонун бардыгынан көз карандысыз, алардын нейтралын ажыраткыч нейтрал же агынды чектөөчү реактор (же резистор) менен алдын ала жердештирүүдөн кийин аткаруу керек;
в) жүк келтирилбеген, алардын нейтралына догоо өчүргүч реактор кошулган трансформаторлорду өчүрүү жана кошуу, ашуу чыңалуу пайда болушун болтурбоо үчүн догоо өчүргүч реактор өчүрүлгөндөн кийин аткарылышы керек;
г) жүк келтирилбеген трансформаторду фазалаштырып өчүрүүнү ушул Нускаманын 3.1.7 п. баяндалган тартипте жүргүзүү керек;
д) 110 кВ жана андан жогору чыңалуудагы нейтралынын ажыраткычын кошуунун алдында трансформатордун нейтралынын чыгуусунда чыңалуунун жоктугун текшерүү керек (тиешелүү класстын чыңалуусун көрсөтүү менен). Толук фазалуу эмес режимде (фазанын үзүлүшү) трансформатордун жердештирүүчү бычагын иштетүүгө тыюу салынат.
3.1.13. Анда 35-220 кВ үйлөтүү кошкучтары менен бөлгүчтөр жана ажыраткычтар колдонулган электр орнотмолору үчүн, жергиликтүү нускамаларда ушул аппараттардын жардамы менен аткарыла турган операциялар так көрсөтүлгөн болууга тийиш.
Үйлөтмө жалгамалары бар бөлгүчтөр же ажыраткычтарды иштетүү операциясы үйлөтпөстөн бөлгүчтөрдү жана ажыраткычтарды иштетүүнүн кадимки операциясы катары аткарылат:
а) аппарат тарабынан өчүрүү үчүн жол берилген чектен ашпоого тийиш болгон кошулууга карата жүктөмдү текшерүү (амперметр менен текшерилет);
б) үйлөтмө жалгаманын даярдыгын текшерүү, үйлөтүүсү бар болгон учурда, бул үчүн минималдуу артыкбаш кысым учурунда үйлөтүү клапанынын штогуна басуу керек болот. Бөлгүчтөрдүн жана ажыраткычтардын бардык фазаларын үйлөтүү бар учурда капкактарын ачуу боюнча жана сопло аркылуу чыгып жаткан абанын үнү боюнча аныкталат.
в) резервуарда аппараттын жумушчу басымына шайкеш келүүчү басым түзүү;
г) резина (диэлектрдик) кол каптарды, ботторду кийип көрүү жана коргоосу калканчы алдына туруш керек;
д) өчүрүү операциясын аткаруу.
3.1.14. Жабдуунун иштебей калуусун болтурбоо үчүн (ажыраткычтардын, бөлгүчтөрдүн, аба өчүргүчтөрүнүн фарфор обочолотуусун бузуулар ж.б.) электр орнотмолорунда курчап турган чөйрөнүн төмөн температураларында, ошондой эле курчап турган абанын температурасынын кескин термелүүлөрүндө (15ºСден ашык) 0ºС аркылуу өтүүсү менен пландык которууларды жүргүзүү сунушталбайт. Анда пландык которууларды электр орнотмолорунда жасоого мүмкүн болгон абанын минималдуу терс температурасы тигил же бул климаттык зонасында жайгашуусу жергиликтүү нускамада көрсөтүлгөн болууга тийиш.
3.1.15. ЭЖЧ жана ЭЖЧП серияларынын кадимки конструкциясынын жүктөмдөрүнүн өчүргүчтөрү менен алардын мааниси аппараттын номиналдуу агынынан ашпоого тийиш болгон жүктөм агындарын жана теңдештик агындарын кошуу жана өчүрүү операцияларын аткарууга уруксат берилет.
3.1.16. Жүктөм өчүргүчүн кол иштеткичи менен кошуу иштеткичтин кармагычын төмөндөн жогору кайра аягына чейин тез жылыштыруу менен жүргүзүлөт. Мында жүктөм өчүргүчүнүн жумушчу бычактары кыймылсыз контакттарга кирүүсү керек.
3.1.17. Жүктөм өчүргүчүн кол иштеткичи менен өчүрүү үчүн иштеткичтин сабынын кыскычына басуу жана сабын төмөн карай аягына чейин алып баруу керек болот. Мында жумушу бычактардын жылышуу ылдамдыгы 3-4 м/сден кем болбошу керек. Жумушчу бычактардын кыймылы жүрүштүн аягында жай жылып, катуу ургулабастан аткарылышы керек.
Жүктөм өчүргүчүн өчүрүүнүн алдында өчүрүлүүчү чынжырдагы агын маанисин текшерүү зарыл, ал аппараттын номиналдуу агынын ашпоого тийиш.
Электр чынжырында өлчөгүч алет жок болгондо чынжырдагы агындын максималдуу мүмкүн болуучу мааниси алдын ала өлчөнүп жана агындын мааниси аппараттын бул номиналдуу агынынан ашпашы керектиги жергеликтүү нускамада көрсөтүлүшү керек.
3.1.18. ЭЖЧ сериясындагы жүктү өчүргүчтүн жардамы менен жабдууну кароосуз жана бузулууларды четтетүүсүз, релелик коргоо түзүлүштөрүнүн аракети менен өчүрүлгөн чубалгыга, трансформаторго жана өткөргүчтөрдө чыңалууну берүүгө тыюу салынат.
3.1.19. Коммутациялык аппараттар менен операцияларда ыкчам ишкерсан жергиликтүү шарттарды, жабдуунун конструктивдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен же которууну көзөмөлдөөчү адамдын көрсөтмөсү боюнча аныкталган коопсуз зонада турушу керек.
3.2. Коммутациялык аппаратардын иштеткичтеринен ыкчам
агынды алып салуу
3.2.1. Аралыктан башкарууга ээ болгон коммутациялык аппараттар менен операцияларга ыкчам агын чынжырларында жерге кыска туташуу жок болгондо уруксат берилет.
Ыкчам агын чынжырларында жерге карата кыска туташуу болгондо өчүргүчтөр менен пландуу операцияларга жерге чукул туташууну издөө жана жоюу убагында уруксат берилбейт.
Ыкчам агын чынжырларында жерге кыска туташуу болгондо туташтыруулар өчүргүчү менен операцияларга авариялык кырдаалда гана уруксат берилет.
Эгер авариялык кырдаалда ажыраткычтар менен, тиешелүү туташтыруулардын өчүрүлгөн өчүргүчтөрүнүн иштеткичтери менен операцияларды аткаруу зарылчылыгы пайда болсо, башкаруу чынжырларынын эки полюсунда тең автоматтык өчүргүчтөрдү (же сактагычтарды) өчүрүү менен ыкчам агынды алуу керек.
3.2.2. Коммутациялык аппараттардын (ажыраткычтардын, бөлүгүчтөрдүн, жүктү өчүргүчтөрдүн) иштеткичтеринен ыкчам агынды алуу ТКЭде каралган учурларда жүргүзүлүшү керек.
3.2.3. Өткөргүчтөрдүн бир системасынан туташтырууларды өткөргүч бириктирүүчү өчүргүчтүн жардамы менен башкага которуу үчүн өткөргүч ажыраткычтары менен операцияларды өткөрүү алдында иштеткичтен жана кошулган өткөргүч бириктирүүчү өчүргүчтөн ыкчам агынды алуу керек.
Ыкчам агын орнотуу ордунда өткөргүч бириктирүүчү өчүргүчтүн абалын текшергенден кийин башкаруу жана коргоо чынжырларынын эки полюсунда автоматтык өчүргүч (же сактагыч) менен алынат (өткөргүч бириктирүүчү өчүргүчтү коргоонун оперативдик чынжырларын азыктандыруу үчүн айрым автоматтык өчүргүчтөр же сактагычтар болгондо бул автоматтык өчүргүчтөр дагы өчүрүлөт же сактагычтар алынып салынат).
3.2.4. Эгер которуулар процессинде кошулган абалда ажыраткычтарды катуу фиксациялоо зарыл болгондо, ыкчам агын аралыктан башкарууга ээ болгон ажыраткычтар иштеткичинен алынат.
Ошондой эле көрсөтүлгөн ажыраткычтардын иштеткичтеринин өзгөрмөлүү агын чынжырларын дагы өчүрүү сунушталат.
3.2.5. Жеңилдетилген схема боюнча аткарылган, көмөкчордон тарабынан ажыраткычтарды (бөлгүчтөрдү) кошуу менен чубалгыга чыңалууну берүү алдында бул чубалгынын башка учунан (өчүргүч болгон) бул убакта өчүрүлгөн өчүргүч иштеткичинен ыкчамагынды алып салуу керек.
3.2.6. Өчүргүчү өчүрүлгөн туташтырууда ажыраткычтар менен операцияларды аткаруу алдында бул өчүргүчтүн иштеткичинен ыкчам агынды алуу жана өчүргүчтүн өзүнөн өзү кошулуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган чаралар көрүлүшү керек.
3.2.7. Өчүргүчтүн ажыраткычтары менен жарыш чынжырлоо же жарыш чынжырлоодон чыгаруу операцияларын аткаруу алдында кошулган өчүргүчтүн иштеткичинен ыкчам агынды алуу зарылчылыгы жергиликтүү нускамалардын көрсөтмөлөрү менен аныкталат.
3.2.8. Фазалоону кыйыр метод менен (чыңалуу трансформаторлорунун экинчи ором кыскычтарында) өткөрүү убагында туташтырууда фазалануучу чынжыр боюнча чыңалууну берүүгө чейин чыңалуу булактарын бөлгөн өчүрүлгөн өчүргүч иштеткичинен оперативдик агынды алуу керек.
3.3. Коммутациялык аппараттардын абалдарын текшерүү
3.3.1. Өзүнүн чынжырында өчүргүчү бар туташтыруунун ажыраткычтарды өчүрүү жана кошууну өчүргүчтү өчүрүлгөн абалын текшергенден кийин аткаруу керек.
3.3.2. Түзмөлөрү жөнөкөй болгон көмөкчордондо трансформатордун жогорку чыңалуу тарабында ажыраткычтар же бөлүгүчтөр менен операцияларды аткаруу алдында трансформатордун орточо жана төмөнкү чыңалуу тарабында өчүргүчтөрүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү керек.
3.3.3. Тоголотуп аткарылган ТБТда өчүргүчтүн арабасын жумушчу абалдан контролдук абалга жылдыруу жана тескерисинче өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшергенден кийин аткаруу керек.
3.3.4. Орнотуу ордунда өчүргүчтүн абалын текшерүү төмөндөгүлөр боюнча ар бир фазаларда ишке ашырылышы керек:
- өчүргүчтөгү механикалык көрсөткүч боюнча;
- агындын чынжырынын көрүнгөн ажыраган жери бар өчүргүчтөрдө жумушчу тиймектеринин абалы боюнча;
- аба өчүргүчтөрүндөгү манометрлердин көрсөткүчтөрү боюнча.
3.3.5. Башкаруу ачкычтарынын эскертүү жарыктарыжана өлчөгүч алеттердин (амперметрлердин, вольтметрлердин) көрсөткүчтөрү боюнча өчүргүчтөрдүн абалын текшерүүгө жол берилет:
- туташтырууну өчүргүч менен гана өчүрүү (ажыраткычтар менен андан ары операция өткөрүүсүз);
- өчүргүч меен туташтырууларды өчүрүү жана аралык иштеткичтин жардамы аркылуу ажыраткычтар менен операцияларды өткөрүү;
- жүктөм астында туташтырууну кошуу;
- өткөргүчкө чыңалууну берүү жана алуу.
3.3.6. Ажыраткычтарды, бөлүгүчтөрдү, жүктөмдү өчүргүчтөрдү, ошондой эле стационардык жердетүүчү бычактарды кошуу же өчүрүү операцияларынан кийин алардын учурдагы абалын визуалдуу текшерүү керек. Мында коммутациялык аппараттын ар бир фазасы жана жердетүүчү бычактар башка фазалардын аппараттарынын иш жүзүндөгү абалынан (башка жердетүүчү бычактардын абалы) жана алардын ортосунда механикалык байланыштардын болушунан көз карандысыз өзүнчө текшерилиши керек.
3.4. Ыкчам тосмолоо иш-аракеттери
3.4.1. Ыкчам тосмолоо электр орнотмолорундагы бардык которуу процессинде коммутациялык аппараттар менен жердетүүчү бычактар менен жаңылыш операцияларды аткаруунун алдын алуучу кошумча каражат катары каралышы керек.
Өчүргүчү менен ажыраткычтарды тосмолоо өчүргүчтүн кошулган абалында жүктөм астында ажыраткычтарды жаңылыштык менен кошуу жана өчүрүү операцияларынын алдын алышы керек.
Жердештирүүчү бычактарды тосмолоо жаңылыш операциялардын алдын алышы керек:
- жердештирүүчү бычактарды шиптерге жана чыңалуу алдында турган
туташтыруу бөлүктөрүн кошуу;
- ажыраткычтарды бөлүктөргө, топтомо өткөргүч тутумдарына,
жердештирүүчү бычактардын жардамы менен жердетилген туташтыруу бөлүктөрүнө кошуу;
- өчүргүч менен жердештирүүчү бычактардын жардамы менен
жердетилген өткөргүтөр бөлүгүнө чыңалууну берүү;
- күйгүзүлгөн жердештирүүчү бычактарда генераторду дүүлүктүрүү.
3.4.2. Өткөргүч ажыраткычтары жана топтомо өткөргүчтөрдүн жердештирүүчү бычактары үчүн кошулган өткөргүч ажыраткычтарында топтомо өткөргүчтөрдү жердештирүүчү бычактарды кошууну (жок дегенде бир өткөргүч ажыраткычында) жана топтомо өткөргүчтөрдүн кошулган жердештирүүчү бычактарда өткөргүч ажыраткычтарынын бирин толук ыкчам тосмолоо аткарылышы керек.
Тосмолоо толук көлөмдө аткарылбаган электр орнотмолорунда (топтомо өткөргүчтөрдө жердештирүүчү бычактары чыңалуу трансформаторунун ажыраткычтары менен гана тосмолоого ээ болот жана өткөргүчтөрүн бул тутумунунбардык туташтырууларынын өткөргүч ажыраткычтары менен тосмолоо түзүлүштөрүнө ээ болбойт) топтомо өткөргүчтөрдүн жердештирүүчү бычактарынын зымдары асма кулпулар менен бекитилиши керек, алардын ачкычы электр орнотмосун тейлеген ыкчам персоналда болушу керек. Бул учурда өткөргүчтөр тутумун оңдоого чыгарууда өткөргүчтөргө жердештирүүчү бычактарды кошуу, ал эми оңдоого чыгарылган өткөргүч ажыраткычтары менен туташтыруу операциялары электр кошуулар түзмөсүнкылдат текшергенден кийин гана аткарылышы керек.
3.4.3. Чубалгылык ажыраткычтарда жердештирүүчү бычактардын зымдары чубалгы тарабында башкы бычактардын зымдары менен механикалык тосмолоого гана ээ болушат, бул кошулган жердештирүүчү бычактарга чубалгынын карама-каршы тарабынан чыңалууну берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Жергиликтүү ишкерсандын жаңылыш иш-аракеттеринин алдын алуу үчүн чубалгынын эки тарабында операцияларды аткарууну координацияланган диспетчер жергиликтүү ыкчам ишкерсанга чубалгыга чыңалууну берүү жана оңдоого чыгарууда аны жердетүү алдында ар бир жолу чубалгынын карама-каршы тарабындагы чубалгылык ажыраткычтардын башкы жана жердештирүүчү бычактарынын абалы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
3.4.4. Электр орнотмолорундагы которуулар убагында бардык ыкчам тосмолоо түзүлүштөрү иштеп турушу керек.
Пайдаланылып жаткан тосмолоо кулпулары пломбаланышы керек.
3.4.5. Тосмолоо кандайдыр бир операцияларды аткарууга уруксат бербеген учурда, которууну токтотуп жана төмөндөгүлөрдү текшерүү керек:
- туташтыруу жана коммутациялык аппарат туура тандалганбы;
- алар менен аткарылуучу операциядан мурда аткарыла турган башка коммутациялык аппараттардын абалы;
- тосмолоо чынжырларында чыңалуунун болушу жана электр магниттик ачкычтын оңдугу;
- коммутациялык аппараттын зымдарынын механикалык бөлүгүнүн оңдугу (визуалдуу түрдө текшерилет).
Эгер мындай текшерүү менен натыйжада тосмолоо операцияны аткарууга тыюу салган себеп аныкталбаса, бул тууралуу которуу жөнүндө буйрук берген ыкчам жетекчиге билдирүү керек.
3.4.6. Которууларды аткарган ыкчам-диспечтер ишкерсанынын коопсуздук тосмолоосун иштен өз алдынча чыгаруусуна тыюу салынат.
Өчүргүчтү өчүрүлгөн абалдагы ордунда текшерүүдөн жана тосмолоонун иштебей калуусунун себебин аныктагандан кийин гана жазуу түрүндөгү көрсөтмө менен энергия обьекти боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын уруксаты жана жетекчилиги астында тосмодон чыгарууга уруксат берилет. Бул учурда которуу бланкына тосмолоодон чыгаруу боюнча операцияны киргизүү керек. Эгер тосмолоодон чыгаруу зарыл болсо, ал эми операциялар которуулар бланкы жок аткарылса, тосмолоодон чыгаруу боюнча операцияларды киргизүү менен которуулар бланкын түзүү керек.
Авариялык кырдаалдарда тосмолоодон чыгарууга уруксатты ишкананын (электр станциясынын, электр тармагынын) нөөмөтүндө ыкчам жетекчи бере алат.
3.4.7. Чыңалуусу 1000 Вдон жогору болгон электр орнтмолорунда агынды өлчөгүч кыпчыгычтар менен иштегенде, түз ыкма менен жабдууну фазалоодо жана обочоолоотучу штанганын жардамы менен байланыштардын ысуу деңгээлин аныктоодо ячейкалардын тор тосмолорунун эшигин ачуу үчүн тосмолоодон чыгаруучу ачкычты пайдаланууга уруксат берилет. Бул иштер коопсуздук эрежелердин талаптарына ылайык аткарылышы керек. Тор тосмолордун эшиктерин тосмолоодон чыгарууга уруксат ыкчам жетекчи тарабынан берилиши керек.
3.4.8. Бардык тосмолоо түзүлүштөрүн тосмолоодон чыгаруу учурлары жөнүндө ыкчам журналда жазуу жүргүзүлүшү керек.
3.5. Чубалгылардын, трансформаторлордун, синхрондуу компенсаторлордун жана генераторлордун коммутациялык аппараттары менен болгон операциялардын удаалаштыгы
3.5.1. Коммутациялык аппараттар менен операциялар бул аппараттардын багыты менен аныкталган ырааттуулукта жана которууларды аткаруучу адамдар үчүн коопсуздукта аткарылышы керек.
Жергиликтүү нускамаларда которуу процессинде ишкерсан аткарышы керек болгон текшерүү иш-аракеттери дагы көрсөтүлүшү керек.
Төмөндө негизинен типтүү долбоордук чечимдер боюнча аткарылган электр орнотмолорунун түзмөлөрундөгүкоторууларда коммутациялык аппараттар менен операциялардын ырааттуулугу берилген. Бардык башка учурларда операциялардын ырааттуулугу жергиликтүү нускамалар менен аныкталышы керек.
3.5.2. Аба жана кабелдик чубалгыларды туташтырууларды кошууда жана өчүрүүдө коммутациялык аппараттар менен типтүү операциялардын ырааттуулугу:
Кошуу (1-сүрөт)
а) өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү;
б) өткөргүч ажыраткычын кошуу;
в) чубалгы ажыраткычын кошуу;
г) өчүрүүгүчтү кошуу.
Өчүрүү:
а) өчүргүчтү өчүрүү;
б) чубалгы ажыраткычын өчүрүү;
в) өткөргүч ажыраткычын өчүрүү.
1 - өткөргүч ажыраткычы; 2 - чубалгы ажыраткычы; 3 - өчүргүч
|
1-сүрөт - 10 кВ чубалгысын туташтыруу
Эскертүү — Жабык типтеги 6-35 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө БТ конструкциясына жараша чубалгыларды туташтыруунун өчүргүчүн өчүргөндөн кийин алгач өткөргүч ажыраткычын, андан кийин чубалгы ажыраткычын өчүрүүгө жол берилет. Чубалгыны кошууда – биринчи чубалгы ажыраткычы, андан кийин өткөргүч ажыраткычы кошулат. Операциялардын ырааттуулугу жергиликтүү нускамада көрсөтүлүшү керек.
3.5.3. Тоголоктолуп чыгарылган элементтери бар ТБТда аба жана кабелдик чубалгыларды туташтырууларды жүргүзүүдөгү операциялардын ырааттуулугу:
Кошуу:
а) өчүргүч өчүрүлгөнүн текшерүү;
б) өчүргүчтүн арабасын көзөмөлдөөлүктөн жумушчу абалга жылдыруу;
в) өчүрүүгүчтү кошуу.
Өчүрүү:
а) өчүргүчтү өчүрүү;
б) өчүргүч өчүрүлгөнүн текшерүү;
в) өчүргүчтүн арабасын көзөмөлдүк же оңдоо абалына жылдыруу.
Эскертүү — ТБТдан тышкары (чубалгыда) ишти жүргүзүү үчүн чубалгыларды өчүрүүдө өчүргүч бар араба эреже болгондой, шкафтан сууруп чыгарылышы керек (оңдоо абалы). Жердеткич бычактардын жана өчүргүч бар арабанын ортосунда тосмолоо болгондо чубалгыда жердеткич бычактарды кошкондон кийин арабаны контролдук абалга орнотууга жол берилет. Тосмолоо жок болгондо, ошондой эле эгер СБТ шкафтары стационардык жердеткич бычактар менен жабдылбаса, арабаны көзөмөлдүкжана оңдоо абалынын ортосундагы орто аралык абалга орнотууга жана аны ушул абалда кулпулап бекитүүгө жол берилет.
3.5.4. Үч ором трансформаторду кошууда жана өчүрүүдө операциялардын ырааттуулугу:
Кошуу:
а) жогорку чыңалуудагы өткөргүч жана трансформатор ажыраткычтарын кошуу;
б) орточо чыңалуудагы өткөргүч жана трансформатор ажыраткычтарын кошуу;
в) төмөнкү чыңалуудагы өткөргүч жана трансформатор ажыраткычтарын кошуу;
г) трансформатордун жогорку, орточо жана төмөнкү чыңалуулары тарабынан өчүргүчтөрдү кошуу.
Жогорку чыңалуудагы ЧЧга ээ болгон автотрансформатордун өчүргүчтөрүн кошуу операциялардын ырааттуулугу төмөндөгүдөй болушу керек: орточо, төмөнкү, андан кийин жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөрдү кошуу.
Өчүрүү:
а) трансформатордун жогорку, орточо жана төмөнкү чыңалуулары тарабынан өчүргүчтөрдү өчүрүү;
б) төмөнкү чыңалуудагы өткөргүч жана трансформатор ажыраткычтарын өчүрүү;
в) орточо чыңалуудагы өткөргүч жана трансформатор ажыраткычтарын өчүрүү;
г) жогорку чыңалуудагы өткөргүч жана трансформатор ажыраткычтарын өчүрүү.
Жогорку чыңалуудагы ЧЧ ээ болгон автотрансформатордун өчүргүчтөрүн өчүрүүдөгү операциялардын ырааттуулугу төмөндөгүдөй болушу керек: жогорку, андан кийин төмөнкү жана орточо чыңалуулар тарабында өчүргүчтү өчүрүү.
3.5.5. 110 кВ ором нейтралынын толук эмес обочолоотуусу менен жүктөлбөгөн трансформаторду аба өчүргүчү менен кошууда же өчүрүүдө нейтраль жердетилбеген болсо, аны ашыкча чыңалуудан дүрмөтсүздөгүч же чектегич менен коргоонун болушунан көз карандысыз, аны алдын ала жердетүү керек.
3.5.6. Электр чордондорунда энергия тутуму менен байланыш трансформаторлорду (автотрансформаторлорду) кошуу жана өчүрүнүн ырааттуулугу жергиликтүү шарттардан көз каранды болот жана жергиликтүү нускамаларга ылайык аткарылышы керек.
3.5.7. Эки трансформаторлуу көмөкчордондо Т1 трансформаторун кошуу жана өчүрүүдөгү ишкерсандын жеңилдетилген түзмөбоюнча аткарган операцияларынын жана иш-аракеттеринин ырааттуулугу:
Т1 трансформаторун кошуу (2-сүрөт);
а) аралыктан башкарууда Т1 трансформаторунун АРКТ которуу;
б) аралыктан Т1 трансформаторунун ЧЖК анын номиналдуу дүүлүгүү режимине ылайык келген абалга которуу;
в) B1 өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү;
г) B1 өчүргүчүнүн арабасынын абалын контролдук абалга жылдыруу; экинчи коммутациянын чынжырларынын штепселдик бириктиргичтерин кошуу;
д) ДГР1 догоо өчүргүч реактордун ажыраткычы өчүрүлгөнүн текшерүү;
е) К31 кыска туташтыргычы өчүрүлгөнүн текшерүү;
ж) Т1 трансформаторунун нейтралында ажыраткычты кошуу;
з) ОД1 бөлгүчүн кошуу;
и) чыңалуу алдында Т1 трансформаторун кошуу толук фазалуулугун текшерүү жана анын нейтралында жердештирүүчү ажыраткычты өчүрүү;
2-сүрөт - Жеңилдетилген схема боюнча аткарылган өтмө эки трансформаторлуу көмөкчордону менен 110 кВ тармагынын бөлүгү
Эскертүү – Андан ары түзмөлөрдө коммутациялык аппараттардын абалдарынын ушундай эле шарттуу графикалык белгилери колдонулган
к) иштеп жаткан Т2 трансформаторунун АРКТ автоматтыктан аралыктан башкарууга которуу;
л) аралыктан Т1 трансформаторунун ЧЖК Т2 трансформаторунун ЧЖК абалына окшош абалга которуу;
м) Т1 трансформаторунун В1 өчүрүлгөн өчүргүчү менен арабаны жумушчу абалга жылдыруу;
н) В1 өчүргүчүн жана анын АККТ кошуу;
о) ДТбөлүмдүк өчүргүчүн өчүрүү жана РАИ ДТ кошуу;
п) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун АРКТ аралыктан башкаруудан автоматтык башкарууга которуу;
р) өздүк керектөөлөр жүгүнүн нормалдуу азыктандыруу схемасын 0,4 кВ чыңалуусуна калыбына келтирүү;
с) ДГР1 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын кошуу (сыйымдуулук агындын компенсациясынын нормалдуу режиминде иштөө үчүн тескелген);
т) ДГР2 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын өчүрүү, сыйымдуулук агындын компенсациясынын нормалдуу режиминде иштөө үчүн ДГР2 тескөө, ДГР2 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын кошуу.
Т1 трансформаторун өчүрүү:
а) өздүк керектөөлөр жүктөрүн азыктандырууну TCHI трансформаторунан ТСН2 трансформаторуна которуу жана өчүрүлгөн автоматтык АВ1 өчүргүчүндө 0,4 кВ шапын ТСН1 трансформатору тарапка өчүрүү;
б) ДГР2 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын өчүрүү, ДГР2 1 жана 2-секциялардын туташтырууларынын сыйымдуулук агындын компенсациясына тескөө, ДГР2 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын кошуу;
в) ДГР1 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын өчүрүү;
г) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун АРКТ автоматтык башкаруудан аралыктан башкарууга которуу;
д) Т1 трансформаторунун ЖАЖСТ2 трансформаторунун ЖАЖС абалына бирдей абалга аралыктан которуу;
е) бөлүктүк өчүргүчтүн РАИ өчүрүү жана ДТ кошуу;
ж) Т1 трансформаторунун АККТ жана В1 өчүргүчүн өчүрүү;
з) иштеп жаткан Т2 трансформаторунун АРКТ аралыктан башкаруудан автоматтык башкарууга которуу;
и) аралыктан Т1 трансформаторунун ЖАЖС анын номиналдуу козголуусунун режимине ылайык абалга которуу;
к) өчүрүлгөн В1 өчүргүчү менен арабаны белгиленген иштин мүнөзүнө жараша контролдук же оңдоо абалына жылдыруу;
л) жердештирүүчү ажыраткычты Т1 трансформаторунун нейтралына кошуу;
м) Т1 трансформаторунун чынжырында ОД1 бөлгүчүн өчүрүү,
3.5.8. Жеңилдетилген түзмөдө аткарылган жана эки тараптуу азыктандыруучу эки өтмө параллелдүү чубалгыга туташтырылган бутактама эки трансформатордук көмөкчордондо Т1 трансформаторун өчүрүү жана кошуу операциялардын жана ишкерсандыниш-аракеттеринин ырааттуулугу:
Т1 трансформаторун өчүрүү (3-сүрөт):
а) В бутактама көмөкчордондо өздүк керектөөнүн жүгүн азыктандырууну ТСН1 трансформаторунан ТСН2 трансформаторуна которуу;
б) ДГР2 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын өчүрүү, ДГР2 1 жана 2-секциялардын туташтырууларынын сыйымдуулук тогунун сенсациясына тескөө, ДГР2 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычын кошуу;
в) ДГР1 догоо өчүргүч ректорунун ажыраткычын өчүрүү;
г) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун АРКТ автоматтык башкаруудан аралыктан башкарууга которуу;
д) Т1 трансформаторунун ЧЖК Т2 трансформаторунун ЧЖК абалына бирдей абалга аралыктан которуу;
е) бөлүктүк өчүргүчтүн ДАЖС өчүрүү жана ДТ кошуу;
ж) Т1 трансформаторунун АККТ жана В1 өчүргүчүн өчүрүү;
з) иштеп жаткан Т2 трансформаторунун АРКТ аралыктан башкаруудан автоматтык башкарууга которуу;
3-сүрөт – Эки тараптуу азыктандыруусу менен эки өтмө параллелдүү чубалгылардан азыктануучу жеңилдетилген эки трансформаторлуу көмөкчордону менен 116-220 кВ тармагынын бөлүгү
и) өчүрүлгөн В1 өчүргүчү менен арабаны белгиленген иштин мүнөзүнө жараша контролдук же оңдоо абалына жылдыруу;
к) жердештирүүчү ажыраткычты Т1 трансформаторунун нейтралына кошуу;
л) А жана Б азыктануучу көмөкчордондорунда телемеханика түзүлүштөрүнүн жардамы менен (же аралыктан кол менен) Л1 чубалгысынын эки тарабынан өчүргүчтөрдү өчүрүү (мында чыңалуу Л1 чубалгысынан алынат жана бир убакта В көмөкчордонунда Т1 трансформаторунун магниттөө тогу өчүрүлөт);
м) В көмөкчордонунда Т1 трансформаторунун ОД1 бөлгүчүн өчүрүү;
н) А жана Б көмөкчордондорунда телемеханика түзүлүштөрүнүн жардамы менен (же аралыктан кол менен) Л1 чубалгысынын өчүргүчтөрүн өчүрүү.
Т1 трансформаторун кошуу:
а) Е1 өчүрүлгөн өчүргүчү менен арабаны жумушчу абалга жылдыруу; экинчи коммутациянын чынжырларынын штепселдик бириктиргичтерин кошуу;
б) ДГР1 догоо өчүргүч реакторунун ажыраткычы өчүрүлгөнүн текшерүү;
в) К31 кыска туташтыргычы өчүрүлгөнүн текшерүү;
г) Т1 трансформаторунун нейтралында ажыраткычты күйгүзүү;
д) А жана Б азыктандыруучу көмөкчордондорунда телемеханика түзмөктөрүнүн (же аралыктан кол менен) жардамы менен Л1 чубалгысынын эки тарабынан тең өчүргүчтөрдү өчүрүү;
е) А көмөкчордонунда Т1 трансформаторунун ОД1 бөлүштүргүчүн иштетүү;
ж) А жана Б азыктандыруучу көмөкчордондорунда телемеханика түзмөктөрүнүн (же аралыктан кол менен) жардамы менен Л1 чубалгысынын өчүргүчтөрүн иштетүү;
з) Б көмөкчордонунда 1 трансформаторунун нейтралында ажыраткычты өчүрүү (эгерде ал иштетилген болсо);
и) Т жана Т2 трансформаторлорунун аралыктан башкаруудагы ТКАЖга которуу;
к) Т1 трансформаторунун ЧЖКсын Т2 трансформаторунун ЧЖКсынын абалы менен бирдей абалга аралыктан которуу;
л) В1 өчүргүчүн жана анын ТАККсин иштетүү;
м) ДТны өчүрүү жана ДТ РАИни иштетүү;
н) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ТКАЖын аралыктан автоматтык башкарууга которуу;
о) өздүк керектөөлөр жүктөмүнүн азыктандыруусунун нормалдуу схемасын 0,4 кВ чыңалуусу менен калыбына келтирүү;
п) ДӨР1 догоону өчүрүүчү реакторунун сыйымдуулук агынын компенсациялоонун нормалдуу режиминдеги иш алып баруусуна калыпка салынган ажыраткычын иштетүү;
р) ДӨР2 догоону өчүрүүчү реакторунун ажыраткычын өчүрүү, ДӨР2ни сыйымдуулук агынынын нормалдуу режиминде иштөө үчүн калыпка салуу, ДӨР2 догоону өчүрүүчү реакторунун ажыраткычын иштетүү.
Эскертүү — Тармактандыруучу көмөкчордонунда трансформаторду өчүрүү жана иштетүүнүн эки учурунда тең тармактандыруучу көмөкчордонундагы туурасынан кеткен параллель чубалгыларды дифференциалдуу коргоо жана автоматтык түзмктөр менен операциялар жергиликтүү нускамалардын талаптарына ылайык аткарылууга тийиш.
3.5.9. КСВ сериясындагы синхрондуу компенсаторду автоматтык иштетүү учурунда машиналык дүүлүктүрүү менен компенсатордун суу, май жана газ системаларын нормалдуу режимде иштөө үчүн даярдагандан кийин операциялардын жана персоналдын аракеттеринин ушундай эле удаалаштыгы сакталууга тийиш:
а) компенсаторду иштете баштоо үчүн автоматика аппаратурасынын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
б) иштете баштоо өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын ажыраткычтарын иштетүү;
в) жумушчу өчүргүч абалын текшерүү жана компенсатордун өткөргүч ажыраткычтарын иштетүү;
г) компенсатордун чыңалуу трансформаторун иштетүү;
д) дүүлүктүргүч кыймылдаткычынын өчүргүчүнүн арабасын жумушчу абалына орнотуу;
е) дүүлүктүргүчтүн жарыш чынжыр жөнгө салгычын курулай жүрүү абалына орнотуу;
ж) ыкчам агынды башкаруунун автоматика чынжырына берүү жана автоматтык иштете баштоо ачкычы менен импульсту компенсаторду иштетүүгө карата берүү;
з) сигнализация түзмөктөрү жана алеттери боюнча иштете баштоо операцияларынын удаалаштыгын контролдоо: дүүлүктүрүү агрегатын, майлоо жана суу менен муздатуу системасын, иштете баштоо өчүргүчүн, талааны өчүрүү автоматын иштетүү, иштете баштоо агыны төмөндөгөндөн жана иштете баштоо өчүргүчү өчүрүлгөндөн кийин жумушту өчүргүчүн иштетүү;
и) ДАЖС жана дүүлүгүүнү ылдамдатуу түзмөгүн иштетүү, эгерде алар аракет принциби боюнча өчүрүлгөн болсо;
к) жүктөмдү алуу (мында статордун жана ротордун агындарынын жогорулоо ылдамдыгы чектелбейт).
3.5.10. Синхрондук компенсаторду токтотуу учурунда төмөнкүдөй операциялар удаалаштыгы жана ишкерсандын аракеттери болушу керек:
а) компенсатордун жүктөмүн толугу менен алып салуу;
б) эгерде ал алардын аракети принциби боюнча зарыл болсо, ДАЖС жана дүүлүгүнү ылдамдатуу түзмөгүн өчүрүү;
в) компенсаторду автоматтык башкаруу ачкычы менен өчүрүүгө карата импульсту берүү;
г) жумушчу өчүргүчүн, дүүлүгүү кыймылдаткычынын өчүргүчүн жана ТАБнун өчүрүүнү көзөмөлдөө;
д) ыкчам агынды компенсатордун автоматтык башкаруу чынжырынан алып салуу, эгерде аны оңдоого чыгаруу божомолдонуп жаткан болсо;
е) иштете баштоо өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын ажыраткычтарын өчүрүү;
ж) жумушчу өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана компенсатордун өткөргүч ажыраткычтарын өчүрүү;
з) дүүлүктүргүч кыймылдаткычынын өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана КБТ шкафынанөчүргүч арабасын сүйрөп чыгуу.
3.5.11. Генераторду тармакка так синхрондоштуруу ыкмасы менен генератордун номиналга жакын айлануу жыштыгына жетишилген учурдагы иштетүүдө төмөнкүдөй операциялар удаалаштыгы жана ишкерсандын кыймыл-аракети сакталууга тийиш:
а) генератордун өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын өткөргүч ажыраткычтарын ал иштечү өткөргүч тутумуна кошуу;
б) генератордун чыңалуу трансформаторлорунун ажыраткычтарын жана автоматтык өчүргүчтөрүн кошуу (сактагычтарды орнотуу);
в) синхрондоштуруу колонкасын жана синхрондук эмес иштетүүлөрдү тосмолоону иштетүү;
г) дүүлүгүнүн жарыш чынжыр реостаты толугу менен киргизилгендигин текшерүү.
Талааны өчүрүү автоматын иштетүү, генераторду өткөргүчтөрү чыңалуунун маанилерине барабар чыңалууга чейин дүүлүктүрүү.
Эскертүү — Дүүлүгүүнүн тиристордук, жогорку жыштыкту же башка түзмөктөрү болгон учурда генераторду синхрондоштуруу операциялары жергиликтүү нускамалардын талаптарына ылайык аткарылууга тийиш;
д) Генератордун жыштыгы энергия тутумунун жыштыгынан жогору болушун, жыштыкты өлчөгүчтүн жебеси боюнча көзөмөлдөөнүчү сүрүлүү маанисинен ашып тургандай, оператор тарабынан ТБМ ачкычына таасир кылуу менен аткарышы керек.
Генератордун өчүргүчүн иштетүүгө импульс иштетиле баштаган генератордун жыштыгынан чыңалууларынын жана энергия тутумунун электр тармагынын фазалардын чыңалууларынын векторлору боюнча өчүргүчтү иштетүү убактысын эсепке алуучу дал келишүүлөрдүн теңдештиги учурунда берилет.
Эгерде биринчи импульсту берүү учурунда генератор иштебеген болсо өчүргүчтү иштетүүгө карата кайталанган импульсту берүүгө тыюу салынат. Генератордон дүүлүгүү алынып салынышы керек, жана өчүргүч оңдоого чыгарылууга тийиш. Иштебей калуу себеби четтетилгенден кийин өчүргүч иштетүүгө жана өчүрүүгө карата сыналып көрүлүүгө тийиш.
3.5.12. Генераторду тармакта өзүн синхрондоштуруу ыкмасы менен иштетүү жергиликтүү нускамалардын талаптарына ылайык аткарылат.
3.5.13. Бууну өнөр жай тандоосуна ээ болгон турбина менен иштеп турган турбогенераторду тармактан өчүрүү учурунда, турбинанын тарап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн генераторду активдүү жана реактивдүү жүктөмдөр боюнча дүрмөтсүздөндүрүүдөн кийин турбинанын клапандарын жана башкы буу жапкычтарын жабуу жөнүндө буйрук берүү зарыл. Буунун турбинага берилиши толук аяктагандыгына ынанып гана, генератордун өчүргүчүн өчүрүүгө болот. Андан кийин анын толук фазалуу өчүрүлүшүн текшерүү жана ТАБты өчүрүү керек. Деиондуу торлору бар ТАБ (ТАБ1 жана арааракеттенүү принциби боюнча окшоштор) агынды автоматтын номиналдуу агынынан 10% төмөн өчүрүүгө жөндөмсүз экенин эстен чыгарбоо керек.
3.5.14. Генератордун өчүргүчүнүн толук фазалуу эмес өчүрүлүшү учурунда (эки фазанын өчпөй калуусу) генераторду кайра дүүлүктүрүүгө тыюу салынат жана ТАБ толук эмес фазалуу режим четтетилгенден кийин гана өчүрүүгө болушу мүмкүн. Жергиликтүү нускамаларда персоналдын мындай режимди жоюу боюнча аракеттеринин удаалаштыгы көрсөтүлүш керек.
3.5.15. Тармактан турбогенератор-трансформаторду генератордук өчүргүчсүз өчүрүү учурунда операциялардын жана ишкерсандын аракетинин төмөнкүдөй удаалаштыгы сакталууга тийиш:
а) активдүү жана реактивдүү жүктөмдөр боюнча турбогенераторду блоктун өздүук керектөөлөрүнүн механизмдеринин керектелүүчү кубаттуулугунан төмөн эмес маанилерге чейин;
б) энергия блогунун өздүк керектөөлөрүнүн өткөргүч бөлүгүнүн азыктандырылышын резерв булакка которуу жана блоктун өздүк керектөөлөрүнүн жумушчу трансформаторунун өчүргүчтөрүн өчүрүү;
в) турбогенераторду активдүү жана реактивдүү жүктөмдөрдөн толук бошотуу;
г) турбинага буунун берилишин токтотуу жөнүндө буйрук берүү жана буунун турбинага жеткиликтүүлүгүнүн толук токтотулушун текшерүү;
д) блоктун өчүргүчүн жогорку чыңалуу тарабынан өчүрүү жана анын толук фазалуу өчүрүлгөндүгүнө ынануу;
е) ротор чынжырындагы агындын талап кылынуучу мааниге (ТАБ жөндөмүн өчүрүү боюнча) шайкештигин текшерүү жана ТАБну өчүрүү; дүүлүктүргүчтүн тунга жөндөгүчүн толук киргизүү;
ж) блоктун жогорку чыңалуусу тарабындагы ажыраткычтарды өчүрүү;
з) блоктун өздүк керектөөлөрөрүнүн жумушчу трансформаторунун өткөргүч ажыраткычын өчүрүү (ТБТ шкафтарындагы өчүргүчтөр арабасын сүйрөп чыгуу);
и) генератордун чыңалуу трансформаторлорунун автоматтык өчүргүчтөрүн (сактагычтарын чыгаруу) жана ажыраткычтарын өчүрүү.
3.5.16. Турбогенераторлорду жана гидрогенераторлорду иштетүү жана токтотуу боюнча бардык көрсөтүүлөр жергиликтүү нускамаларда режимдин параметрлеринин конкреттүү сандык маанилерин көрсөтүү менен (амперлерде, вольттордо ж.б.у.с.) берилүүгө тийиш.
3.6. Электр берүү чубалгыларын кошуу жана өчүрүү учурундагы операциялардын удаалаштыгы
3.6.1. АӨК түзмөктөрү (үч фазалуу же бир фазалуу) менен жабдылышкан электр берүү чубалгыларын кошуу жана өчүрүү учурунда, алар менен болгон аракеттер алардын түзмөлөрүнө жана конструкцияларына жараша жергиликтүү нускамалардын көрсөтмөлөрүнө ылайык аткарылууга тийиш. Ушул Нускамада чубалгылардын АКК менен аракеттер караштырылбайт.
3.6.2. Туюк азыктандыруунун аба жана кабелдик чубалгыларын өчүрүү учурунда биринчи жүктөм тарабынан өчүргүчтү, экинчи – азыктандыруу тарабындагы өчүргүчтү өчүрүү сунушталат.
Кошууну тескери удаалаштыкта жүзөгө ашыруу керек.
3.6.3. Электр чордондорунун чыгуучу чубалгыларды өчүрүү учурунда, биринчи болуп, эреже катары, өчүргүчтү электр чордону тарабынан, экинчиси – энергия тутуму тарабынан өчүрүү керек.
Чубалгыга чыңалууну аны кошуу учурунда, эреже катары, энергия тутуму тарабынан берүү керек.
3.6.4. Экинчиси өчүп турган эки жупташтырылган чубалгылардын бирин (4-сүрөт) ишке киргизүү же өчүрүүнү жалгыздан чубалгыны иштетүү жана өчүрүү үчүн караштырылган кадимки тартипте аткаруу керек.
3.6.5. Жупташтырылган кабель чубалгыларынын бирин иштетүү, мисалы Л2, башкасы иштеп турганда (Л1) ар бир чубалгынын чубалгылык ажыраткычтарынын жайгашуусунан көз карандысыз (жалпы уюкта, өз алдынча камераларда, атайын тосулмалар менен бөлүнгөн уюкта), эреже катары, иштеп жаткан чубалгыны өчүрүүдөн кийин аткарылууга тийиш.
Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
а) Л1 иштеп жаткан чубалгынын В1 өчүргүчү жүктөм тарабынан өчүрүү;
б) жупташтырылган чубалгылардын В3 өчүргүчүн азыктандыруу тарабынан өчүрүү;
в) Л2 иштетиле турган чубалгынын чубалгылык ажыраткычтарын эки тарабынан кошуу;
г) жупташтырылган чубалгылардын В3 өчүргүчүн азыктандыруу тарабынан иштетүү;
д) жүктөм тарабынан В1 жана В2 өчүргүчтөрүн иштетүү.
4-сүрөт – Ар түрдүү ыкчам абалдарда болгон жупташтырылган кабелдик чубалгылардын түзмөсү (Л1 чубалгысы иштетилген, Л2 чубалгысы өчүрүлгөн)
3.6.6. 6-10 кВ жупташтырылган чубалгылардын бирин чубалгынын ажыраткычтары менен өчүргүчтү азыктандыруу тарабынан чубалгынын дүрмөттүү агыны учурунда 9.2 бөлүмүндө караштырылгандан ашык эмес [5] жана ажыраткычты аралыктан башкаруу бар болгон учурда гана, ошондой эле качан чубалгы аралыктан башкаруу менен жүктөм өчүргүч менен жабдылган учурда кошууга же өчүрүүгө жол берилет.
3.6.7. Качан эки чубалгы бирдей иштеп жаткан кезде жупташтырылган эки чубалгылардын бирин өчүрүүнү төмөнкү удаалаштыкта аткаруу керек:
а) эки чубалгынын тең өчүргүчтөрүн жүктөм тарабынан өчүрүү;
б) жупташтырылган чубалгылардын өчүргүчүн азыктандыруу тарабынан өчүрүү;
в) чубалгынын ажыраткычтарын өчүрүлө турган чубалгынын эки тарабынан тең өчүрүү;
г) жупташтырылган чубалгылардын өчүргүчүн азыктандыруу тарабынан өчүрүү;
д) иштеп кала турган чубалгынын өчүргүчүн жүктөм тарабынан иштетүү.
Орто аралык көмөкчордондо өчүргүчтөрү жок болгон транзиттик чубалгыны иштетүү жана өчүрүү учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы: Л1 чубалгысын иштетүү (2-сүрөттө кара):А көмөкчордонунда:
а) чубалгынын ажыраткычын, андан кийин Л1 чубалгысынын өчүргүчүн кошуу (Л1 чубалгысы чыңалуу менен сыналат);
б) Л1 чубалгысын киргизүүнүн бардык фазаларында чыңалуунун бар болушун текшерүү;
в) Л1 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүү, анын абалын текшерүү жана өчүргүчтүн иштеткичинен ыкчам агынды алып салуу.
ТБ каналдары боюнча А көмөкчордондун өчүргүчтөрүн башкаруу жана бир ЫКБ тарабынан чубалгыны чыңалуу менен сынагандан кийин чубалгыны иштетүү учурундаөчүрүлгөн өчүргүчтүн иштеткичинен ыкчам агынды өчүрүү милдеттүү эмес.
Б көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысын киргизүүсүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу;
б) Л1 чубалгысынын чубалгыдуу ажыраткычын иштетүү – Л1 чубалгысына чыңалуу берилет (3.1.10-п. кара).
А көмөкчордонуна ыкчам агынды өчүргүчтүн иштеткичине берүү жана Л1 чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү.
Л1 чубалгысын өчүрүү:
А көмөкчордонунда Л1 чубалгысынын өчүргүчүн жана чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү.
Б көмөкчордонунда Л1 чубалгысынын ажыраткычын өчүрүү.
Транзттик чубалгыны кошуу жана өчүрүү учурундагы операциялардын удаалаштыгы:
Л1 чубалгысын кошуу (5-сүрөт):
5-сүрөт - 110 кВ транзиттик чубалгысы өчүрүлгөн абалында
А көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычтарынын айрылышындагы жердештирүү бычактарын өчүрүү;
б) Л1 чубалгысынын жердештирүү бычактарын өчүрүү.
Б көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычтарындагы айрылышта жердештирүү бычактарын өчүрүү;
б) Л1 чубалгысынын жердештирүү бычактарын өчүрүү;
в) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтөрдүн тиешелүү тутумунакошуу;
г) Л1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын кошуу.
А көмөкчордонунда: Л1 чубалгысынын жердештирүү бычактарын өчүрүү:
а) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтөрдүн тиешелүү системасына кошуу;
б) Л1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын кошуу;
в) Л1 чубалгысынын өчүргүчүн кошуу.
Б көмөкчордонунда Л1 чубалгысынын өчүргүчүн кошуу.
Л1 чубалгысын өчүрүү:
А көмөкчордонунда Л1 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүү.
Б көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүү;
б) Л1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү;
в) Л1 чубалгысынын өткөргүчүнүн ажыраткычын өчүрүү.
А көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү;
б) Л1 чубалгысынын кирүүсүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу;
в) Л1 чубалгысы тарапка жердештирүүчү ажыраткычты кошуу;
г) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычын өчүрүү;
д) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычтарынын айрылышында чыңалуунун жоктугуна ынануу;
е) Л1 чубалгысынын өчүргүчү тарабына жердештирүүчү ажыраткычты кошуу.
Б көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысынын кирүүсүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу;
б) Л1 чубалгысы тарапка жердештирүүчү ажыраткычты кошуу;
в) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычтарынын айрылышында чыңалуунун жоктугуна ынануу;
г) Л1 чубалгысынын өчүргүчү тарабына жердештирүүчү ажыраткычты кошуу.
110-220 кВ транзиттик чубалгыларды жана 500 кВ электр берүүлөрдүн тутум аралык чубалгыларын кошуу жана өчүрүү тартиби энергия тутумдарынын, «Энергия» КДБсынын диспетчердик кызматтары тарабынан белгиленет жана диспетчердик башкаруунун тиешелүү баскычынын жергиликтүү нускамаларында көрсөтүлүшөт.
Диспетчер транзиттик чубалгыларды жана электр берүүлөрдүн тутум аралык чубалгыларды кошуу жана өчүрүү үчүн жергиликтүү нускамалардын көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алууга жана тармактардын түзмөлөрүнүнакт жүзүндөгү абалын жана электр чордондорунунушул учурга карата иштөө шарттарын, өз алдынча көмөкчордондорунун жана тармактын бөлүктөрүнүн алардан чыңалууну чубалгыга берген учурдагы азыктандыруусунун ишенимдүүлүгү, чубалгыдагы тез аракеттенүүчү коргоолордун бардыгы жана башка шарттар эсепке алынууга тийиш.
Электр берүүлөрүнүн тутум аралык чубалгыларын кошуу жана өчүрүү учурунда, эреже катары, иш тартибине ылайык иш-чаралар алдын ала аткарылууга тийиш: кубаттуулуктун чубалгылар боюнча кайра агуусун жөнгө салуу, бүлүнүүгө каршы автоматика түзмөктөрүн өчүрүү (же иштетүү) (электр чордонун жүктөн бошотуу, чубалгынын кайра иштетилинин автоматтык чектөө ж.б.у.с.)., ошондой эле автоматтык түзмөктөрдүн иштеп кетүү мерчендерин өзгөртүү.
4. Кошулууларды өткөргүчтөрдүн бир тутумунан башкасына которуу учурундагы которуулар
4.1. Өткөргүчтөрдүн бир тутумунан кошулууларды өткөргүчтөрдүн коргоосу жана камдык түзмөктөрү менен өчүргүчтөр иштебей калган кездеги которуу учурунда башка операциялар зарылдыгы жана удаалаштыгы жергиликтүү нускамалар менен аныкталат.
4.2. Кошулууларды өткөргүчтөрдүн бир тутумунан башкасына которуу жана синхронизмди көзөмөлдөө алеттери жок болгон электр орнотмолорундагы чыңалуулардын синхрондуулугун текшерүү зарылдыгы болгон учурунда, өткөргүч тутумунун чыңалууларынын жана которулуучу кошулуулардын синхрондуулугу которуу жөнүндө буйрук берген диспетчер тарабынан тастыкталууга тийиш.
4.3. Иштеп жаткан бардык кошулууларды өткөргүчтөрдүн жумушчу тутумунан КТШнын жардамы менен камдыкка которуу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) өткөргүчтөрдүн резерв системасындагы чыңалуунун жоктугуна, ошондой эле кошулган жердештирүүчү бычактардын жана орнотулган ташылуучу жердештирүүлөрдүн жоктугуна ынануу;
б) КТШ коргоолорундагы мерчендерди текшерүү (алар “Сынап көрүү” иш тартиби үчүн жергиликтүү нускамада көрсөтүлгөн мерчендерге шайкеш келүүгө тийиш) жана КТШты өчүрүүгө карата аракет менен коргоону иштетүү;
в) КТШты иштетүү жана өткөргүчтүн камдык тутумундагы чыңалуунун бардыгын текшерүү;
г) иштеткичтен жана КТШ коргоолорунан ыкчам агынды алып салуу;
д) өткөргүчтүн АӨКсин өчүрүү (эгерде ал алдын ала караштырылган болсо);
е) орнотулган жеринде КТШ иштетилгендигин текшерүү;
ж) өткөргүчтүн камдык тутумун бардык которулуучу кошулуулардын өткөргүчтүн ажыраткычтарын кошуу жана ажыраткычтардын кошулган абалын текшерүү;
з) өткөргүчтөрдүн бошотулуучу тутумунан бардык которулуучу кошулууладын өткөргүчтүн ажыраткычтарын өчүрүү жана ажыраткычтардын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
и) коргоолордун, автоматиканын жана өлчөөчү алеттердин чыңалуунун тиешелүү трансформаторуна чыңалуу чынжырларынын азыктануусун которуу, эгерде чынжырлардын азыктануусу автоматтык түрдө которулбай турган болсо;
к) ыкчам агынды КТШтын иштеткичине жана коргоосуна берүү;
л) амперметр боюнча КТШка жүктөмдүк жоктугуна ынануу жана КТШты өчүрүү;
м) өткөргүчтүн бошотулган тутумундагы чыңалуунун жоктугуна ынануу;
н) өткөргүчтүн АӨКсин иштетүү.
Эскертүүлөр
1. Мында жана мындан ары алардын өткөргүч ажыраткычтары аралыктан башкаруусу менен электр кыймылдаткыч иштеткичтерине ээ болгон кошулуулардын ири саны менен ачык БТлар үчүн кошулууларын өткөргүчтөрдүн бир системасынан башкасына кезектештирип, өз алдынча кошулуулар боюнча жол берилет. Которуудан кийин алардын орнотуу жеринде которулган кошулуулардын өткөргүчтүк ажыраткычтарынын абалын визуалдуу текшерүү милдеттүү болот.
2. Анда феррорезонанстын пайда болушу мүмкүн болгон аба өчүргүчтөрү жана НКФ сериясындагы чыңалуу трансформаторлору менен болгон электр орнотмолорундагы өткөргүч тутумдарын камдыкка чыгаруу учурундагы которуулардын удаалаштыгы жергиликтүү нускамаларда көрсөтүлгөн болушу керек.
4.4. Кошулууларды өткөргүчтүн бир тутумунун башкасына өткөргүч бириктирүүчү өчүргүчсүз которууга, качан өткөргүчтүн камдык тутуму чыңалуу алдында иштетилбеген кездеги шарттар учурунда жол берилет жана ага бардык иштеп жаткан кошулуулардын бардыгы которулушат.
Операциялардын жана ишкерсандын кошулууларды которуу учурундагы аракеттеринин удаалаштыгы:
а) өткөргүчтүн камдык тутумунун чыңалуу алдына иштетүүгө карата даярдыгын тышынан карап чыгуу менен текшерүү;
б) өткөргүчтүн камдык тутумундагы чыңалуунун жоктугуна ынануу;
в) өткөргүчтүн АӨКсин өчүрүү (эгерде ал алдын ала караштырылган болсо);
г) иштеп жаткан жана жергиликтүү шарттардан улам тандалган кошулуунун өткөргүчтүн ажыраткычын өткөргүчтүн камдыктутумуна кошуу;
д) бардык калган кошулуулардын өткөргүч ажыраткычтарын өткөргүчтөрдүн камдык тутумуна кошуу жана ажыраткычтардын абалын текшерүү;
е) коргоолордун чыңалуулар чынжырларын, автоматиканын жана өлчөө алеттеринин азыктандыруусун чыңалуунун тиешелүү трансформаторуна которуу, эгерде азыктануу автоматтык түрдө которулбай турган болсо;
ж) бардык которулуучу кошулуулардын өткөргүчлык ажыраткычтарын өткөргүчтөрдүн бошотулуучу тутумунан өчүрүү жана ажыраткычтардын абалын текшерүү;
з) калкандык вольтметрлер боюнча өткөргүчтөрдүн бошотулган тутумунда чыңалуулардын жоктугуна ынануу;
и) өткөргүчтөрдүн АӨКсин иштетүү.
Эскертүү — Тышынан карап чыгуу менен катар өткөргүчтөрдү камдык тутуму зарыл болгон учурда аны алдын ала өткөргүчтөрдүн сыналып жаткан тутумуна которуу (өчүрүү менен) керек болгон чубалгыадын бири боюнча кошуна көмөкчордонунан бериле турган чыңалуусу менен сыналган болушу мүмкүн.
Өткөргүчтөрдүн камдык тутумун чыңалуу менен сынап көрүүнүн алдында ЧӨДКны өчүрүү зарыл же ал боюнча өткөргүчтөргө чыңалуу бериле турган чубалгынын агын трансформаторунан агын чынжырларын ЧӨДК түзмөсүнөн чыгаруу, ал эми жакын турган көмөкчордонундакамдык оргоолорду ылдамдатууну киргизүү керек.
4.5. Иштеп жаткан бардык кошулууларды өткөргүчтөрдүн бир тутумунан башкасына өткөргүч кошуучу өчүргүчтүн жардамы менен өткөргүч тутумдары боюнча кошулуулардын катталган бөлүштүрүлүшү менен электр орнотмолорунда которуу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) ӨБӨтү иштетүү (эгерде ал өчүрүлгөн болсо);
б) ӨБРТны жана өткөргүчтүн коргоосун каттоосун бузуу менен иштөө иш тартибине которуу;
в) ыкчам агынды иштеткичтен жана ӨБӨ коргоолорунан алып салуу;
г) өткөргүчтүн АККсин өчүрүү (эгерде ал алдын ала караштырылган болсо);
д) ордунан ӨБӨтүн иштетилгендигин текшерүү;
е) бардык которулуп жаткан кошулуулардын өткөргүч ажыраткычтарын өткөргүч иштеген бойдон кала турган тутумуна иштетүү, жана ажыраткычтардын абалын текшерүү;
ж) бардык которулуучу кошулуулардын өткөргүчтүн ажыраткычтарын өткөргүчтүн бошотулуп жаткан тутумунан өчүрүү жана ажыраткычтардын абалын текшерүү;
з) коргоолордун чыңалуу чынжырларынын, автоматикасынын жана өлчөөчү алеттердин азыктануусун эгерде азыктандыруу автоматтык которулбай турган болсо, иштеген бойдон калышы керек болгон өткөргүч тутумунун чыңалуу трансформаторуна которуу;
и) ыкчам агынды ӨБӨиштеткичине жана коргосуна берүү;
к) амперметр боюнча ӨБӨ жүктөмдүн жоктугуна ынануу жана аны өчүрүү;
л) вольтметр боюнча өткөргүч бошотулган тутумундагы чыңалуунун жоктугуна ынануу.
4.6. Кошулуулардын бөлүгүн (эки-үчөөнү) өткөргүчтөрүнүн бир тутумунан башкасына кошулуулардын катталган бөлүштүрүлүшү менен болгон электр орнотмолорунда которууну кезектештирип, өз алдынча кошулуулар боюнча аткарууга жол берилет. Мында ар бир өткөргүч ажыраткычтарды өчүрүү операциясынын алдында кошулуунун өткөргүч ажыраткычтары өткөргүчтөрдүн башка тутумунакошулгандыгын текшерип алуу керек. Кошуу операциясын аткаруудан же өткөргүч ажыраткычтарды өчүрүүдөн кийин алардын абалын визуалдык текшерүү зарыл болот.
4.7. Кошулуулардын бөлүгүн өткөргүчтөрдүн бир тутумунун башкасына өткөргүч кошуучу өчүргүчсүз өткөргүч тутумдарынын өз алдынча иштеген учурунда которуу которулуучу кошулууларды алдын ала өчүрүү менен гана мүмкүн болот. Генераторлорду которуулар учурунда синхрондоштуруу зарыл болот. Чыңалуулардын синхрондуулугу кошулууларды которуу учурунда текшерилүүгө тийиш, аларды өчүрүдөн кийин синхрондуу эмес чыңалуулар пайда болушу мүмкүн.
Кошулууну өткөргүчтөрдүн бир тутумунан башкасына өткөргүч кошуучу өчүргүчсүз которуу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы төмөндөгүдөй:
а) аны өткөргүчтөрдүн башка тутумуна которуу учурунда өчүрүүдөн кийин кошулуунун орнотула турган иш тартибинин жол берилишин текшерүү;
б) кошулуунун өчүргүчүн өчүрүү;
в) өткөргүчтүн АККсин өчүрүү;
г) ордунан которулуучу кошулуунун өчүргүчү өчүрүлгөндүгүн текшерүү;
д) которулуп жаткан кошулуунун өткөргүч ажыраткычын өчүрүү жана ажыраткычтын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
е) которулуп жаткан кошулуунун өткөргүч ажыраткычын ал которулуп жаткан өткөргүч тутумунаиштетүү; ажыраткычтын кошулган абалын текшерүү;
ж) жергиликтүү нускаманын талаптарына ылайык релелик коргоо, автоматиканын түзмөктөрү, өлчөө алеттери менен зарыл болуучу операцияларды аткаруу;
з) эгерде ал талап кылынса, синхрондоштурууну жүргүзүү жана кошулуу өчүргүчүн иштетүү, амперметр боюнча жүктөмдүн бардыгын текшерүү;
и) зарыл болгон учурда өткөргүчтөрдүн коргоонун биринчилик кошулууларын жана ӨБРТны өчүрүү жана түзмөгө шайкеш келтирүү өткөргүчтөрүн коргоону жүктөм агыны менен текшерүү жана ишке кошуу, ӨБРТны жана өткөргүчтөрдүн АККсин иштетүү;
4.8. Кошулуулардын бир бөлүгүн же бардыгын өткөргүчтөрдүн бир тутумунан башкасына электр орнотмолорундагы өткөргүч кошуучу өчүргүчтөрсүз которуу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы, мында кошулуулардын бир бөлүгү чынжырга карата экиден өчүргүчкө (6-сүрөт) ээ жана өткөргүч ажырткычтарды аралыктан башкаруу менен кошулуулар бар *:
________________
*Анын өткөргүч ажыраткычтары аралыктан башкаруу иштеткичтери менен жабдылган кошулуу, мындан ары базистик деп аталат. Абдан көп учурда базистик кошулуу катары айланма өчүргүчтүн кошулуусу пайдаланылат.
а) чынжырга карата экиден өчүргүчкө ээ болгон эки-үч кошулуунун экинчи өчүргүчтөрүн иштетүү;
б) өткөргүчтөрдүн коргоосун “каттоосун бузуу менен” иш тартибине которуу;
в) өткөргүчтөрдүн АККсин өчүрүү;
г) башкаруу калканчынан аралыктан туруп өткөргүчтөрдүн эки тутумуна тең базистик кошулуунун өткөргүч ажырткычтарын иштетүү;
д) базистик кошулуунун өткөргүчтөрүнүн I жана II тутумдарынын өткөргүч ажыраткычтарынын иштеткичтеринен ыкчам агынды алып салуу; өткөргүч ажыраткычтардын иштетилген абалын алардын орнотулган жеринде текшерүү;
е) аралыктан же кол менен которулуучу кошулуулардын ажыраткычтарын өткөргүчтөрдүн башка тутумуна иштетүү жана ажыраткычтардын иштетилген абалын текшерүү;
ж) которулуучу кошулуулардын өткөргүч ажыраткычтарын алар которууга чейин иштетилишкен өткөргүч тутумун өчүрүү; ажыраткычтардын абалын текшерүү;
з) которулган кошулуулардын релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүндө чыңалуунун бар экендигин текшерүү (же чыңалуу чынжырларын аларды кол менен которуу учурунда чыңалуунун тиешелүү транформаторуна которуу);
6-сүрөт – 220 кВ электр орнотмосунун эки өз алдынча иштөөчү өткөргүчтөр системалары жана чынжырга карата эки өчүргүчү менен кошулуулардын бөлүгү кошулууларды өткөргүчтөрдүн бир системасынан башкасына которуу боюнча операцияларды аткаруу түзмөсү
и) ыкчам агынды базистик кошулуунун өткөргүчтөрдүн I жана II тутумдарынын өткөргүч ажыраткычтарынын иштеткичтерине берүү;
к) аралыктан туруп башкаруу калканчынан базистик кошуулуу өткөргүчтөрүнүн эки тутумунун тең өткөргүч ажыраткычтарын өчүрүү;
л) кабыл алынган фикациялоого ылайык чынжырга карата экиден өчүргүчү бар болгон кошулуулардын экинчи өчүргүчтөрүн өчүрүү;
м) өчүргүчтөр жана өткөргүчтөр коргоосу иштебей калган учурда камдык түзмөгүн өчүрүү, эгерде кошулуулардын жаңы фиксациялоосу өткөргүч боюнча узак убакытка карала турган болсо;
н) которулган кошулуулардын агындуу жана ыкчам чынжырларын өткөргүчтөрдүн коргоосунун тиешелүү комплекттерине которуу (эгеде өткөргүчтөр бир системасынан башкасына кошулуулардын бир бөлүгү которулган болсо), ӨБРТ чынжырларын которууну жүргүзүү. Өткөргүчтөр коргоону жүктөм агыны менен текшерүү жана иштөөгө нормалдуу түзмө боюнча кошуу. ӨБРТ жана өткөргүчтөрдүн АККсин иштетүү.
4.9. Бир тарапташтырылган жана камдыкк өткөргүчтөр тутумдары менен электр орнотмолорунда өткөргүчтөдүн бир тарабынан башкасына кошулууларды туюкталган реактордук байланыш учурунда которуу тараптар ортосунда кошулуулардын тараптан өткөргүчтөрдүн камдык тутумун которуу менен аткарылат, ал андан кийин ӨБӨнүн жардамы менен өткөргүчтөрдүн башка секциясы менен кошулат.
Өткөргүчтөрдүн 1-тарабынан азыктануучу Л1 чубалгысын (7-сүрөт) өткөргүчтөрдүн 2-тарабынан азыктанууга которуу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) өткөргүчтүн камдык тутумунда чыңалуунун жоктугуна ынануу;
б) 1-тараптын ӨБӨсүнүн коргоосу жергиликтүү нускамаларга ылайык менчендер менен иштетилгендигин текшерүү;
в) 1-тераптын ӨБӨсүн иштетүү жана вольтметр боюнча өткөргүчтүн камдык тутумунда чыңалуунун бар экенин текшерүү;
г) өткөргүчтүн камдык тутумун 1-тараптын ЧӨДКсынын аракеттенүү зонасына киргизүү;
7-сүрөт – 10 кВ электр орнотмосунун Л1 чубалгысын өткөргүчтөрүн 1-тарабынан 2-тарабына которуу боюнча операцияларды аткаруунун алдында тараптар ортосундагы иштетилген реактордук байланыш менен түзмөсү
д) ыкчам агынды 1-тараптын ӨБӨ иштеткичинен жана коргоолорунун алып салуу;
е) ордунан 1-тараптын ӨБӨ иштетилген абалын текшерүү;
ж) Л1 которулуучу чубалгысынын өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтүн камдык тутумуна кошуу жана ажыраткычтын абалын текшерүү;
з) Л1 чубалгысынын өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтүн 1-тарабынан өчүрүү жана ажыраткычтын абалын текшерүү;
и) Л1 чубалгысынын коргоолорунун, автоматикасынын жана өлчөөчү алеттеринин чыңалуулар чынжырларын өткөргүчтүн камдык тутумунан чыңалуу трансформаторунан азыктанууга которуу;
к) 2-тураптын ӨБӨсүн иштетүү; алеттер боюнча өчүргүчтөгү жүктөмдүн бар экенин текшерүү;
л) өткөргүчтүн камдык тутумун 2-тараптын ЧӨДК аракеттенүү зонасына киргизүү;
м) ыкчам агынды 2-тараптын ӨБӨ иштеткичинен жана коргоолорунун алып салуу;
н) ыкчам агында 1-тараптын ӨБӨ иштеткичине жана коргоолоруна берүү;
о) 1-тараптын ӨБӨ өчүрүү жана алеттер боюнча андагы жүктөмдүн жоктугуна ынануу;
п) ЧӨДКны өчүрүү, өткөргүчтүн резервдик системасынын 1-секциянын ЧӨДКнын аракеттенүү зонасынан чыгаруу; Л1 чубалгысынын чынжырларын 2-тараптын ЧӨДК комплектине которуу, ЧӨДКны жүктөм агыны менен текшерүү жана иштетүү.
4.10. Бардык кошулууларды өткөргүчтөдүн тараптарынын биринен (мисалы, өткөргүчтүн 2-тарабынан) өткөргүчтүн камдык тутумуна которуу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы өткөргүчтүн бириктирүүчү өчүргүчсүз (2-тараптын ЧӨДКсы оңдоодо турат) иштөөдө тараптар аралык реактордук байланышты сактоо менен өткөргүч ажыраткычтардын эки тарамы бар тараптык реакторго ээ болгон түзмөлөрдө төмөнкүдөй (8-сүрөт):
а) өткөргүчтүн камдык тутумунда чыңалуунун жоктугуна ынануу;
б) 1-тараптын ЧӨДКсында коргоолор жергиликтүү нускамаларга ылайык мерчендер менен иштетилгендигин текшерүү;
в) 1-тараптын ЧӨДКсын иштетүү (өткөргүчтүн камдык тутуму өткөргүчтүн 1-терабынын чыңалуусунан сыналат);
г) 1-тараптын ЧӨДКсын өчүрүү жана өткөргүчтүн камдык тутумунда чыңалуу жоктугун текшерүү;
д) өткөргүчтүн 2-тарабы тарабынан тараптык өчүргүчтүн ажыраткычын өткөргүчтүн камдык тутумуна иштетүү жана ажыраткычтын иштетилген абалын текшерүү;
е) өткөргүчтүн 2-тарабынын бардык иштеген кошулууларынын өткөргүч ажыраткычтарын өткөргүчтүн камдык тутумуна иштетүү жана ажыраткычтардын абалын текшерүү;
ж) өткөргүчтүн 2-тарабынын бардык иштеген кошулууларынын өткөргүч ажыраткычтарын, тараптык өчүргүчтүн өткөргүч ажыраткычтарынан башкаларын өчүрүү, ажыраткычтардын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
8-сүрөт – 10 кВ электр орнотмосунун бардык кошулууларды 2-секциядан өткөргүчтүн резервдик системасына өткөргүч бириктиргичсиз өчүргүчтүн иштөөдөгү секция аралык реактордук байланышын сактоо менен которуу боюнча операцияларды аткаруунун башталышына карата түзмосү
з) өткөргүчтүн 2-тарабынын чыңалуу трансформаторунун азыктануучу коргоолордун, автоматиканын жана өлчөө алеттеринин чыңалуу чынжырларын, өткөргүчтүн камдык тутумунун чыңалуу трансформаторунан азыктанууга которуу;
и) өткөргүчтүн 2-тарабынан тараптык өчүргүчүнүн өткөргүч ажыраткычын өчүрүү, ажыраткычтын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
к) вольтметр боюнча өткөргүчтүн 2-тарабында чыңалуунун жоктугуна ынануу.
4.11. Анда өткөргүчтөрдүн тараптары тарап аралык реактор аркылуу нормалдуу туюкталган электр орнотмолорунун түзмөлөрүндө тарап аралык реакторду кошулулардын өткөргүч ажыраткычтарынын айрылышуусу менен жарыш чынжырлоого жана жарыш чынжырлоодон чыгарууга тыюу салынат. Бул операциялар жүктөм алдында өткөрүлүүчү операциялар катары караштырылышат.
5. ЖАБДУУНУ ОҢДООГО ЧЫГАРУУ УЧУРУНДАГЫ ЖАНА АНЫ ОҢДООДОН КИЙИН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ УЧУРУНДАГЫ КОТОРУУЛАР
5.1. Камдык абалында турган өткөргүчтөр тутумун оңдоого чыгаруу учурундагы операциялардын жана ыкчам ишкерсандын текшерүүчү аракеттеринин удаалаштыгы (ӨБӨ өчүрүлгөн):
а) ӨБӨ башкаруу ачкычында “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
б) ӨБӨ өчүрүлгөндүгүн ордунда текшерүү, анын өткөргүчтөрдүн камдык тутумундагы өткөргүч ажыраткычын өчүрүү жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү.
Зарыл болгон учурда ӨБӨ өткөргүчтөрүнүн жумушчу тутумунун өткөргүч ажыраткычын өчүрүү жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
в) өткөргүчтөрдүн камдык тутумунун чыңалуу трансформаторунун эң төмөнкү чыңалуусу тарабынан сактоочторду алып салуу (же автоматтык өчүргүчтөрдү өчүрүү), сактоочтор орнотулган шкафты бекитүү (автоматтык өчүргүчтөрдү), жана “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
г) өткөргүчтүн камдык тутумунун чыңалуу трансформаторунун өткөргүч ажыраткычын өчүрүү жана ажыраткычтын абалын текшерүү;
д) бардык туташуулардын өткөргүч ажыраткычтары оңдоого чыгарылып жаткан өткөргүчтөр тутумунан өчүрүлгөндүгүн текшерүү жана ажыраткычтардын иштеткичтерин кулпулап бекитүү. Өчүрүп коюлган ажыраткычтардын иштеткичтеринде “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
е) жердештирүү салынышы керек болгон агын алып баруучу бөлүктөрдө чыңалуунун жоктугуна ынануу. Жердештирүүчү бычактарды иштетүү жана стационардык жердештирүүчү бычактар жок жерде ташылуучу жердештирүүнү коюу;
ж) иштерди коопсуз өндүрүүнү камсыздоочу башка техникалык иш-чараларды аткаруу (тосулмаларды орнотуу, жумуш ордуна тиешелүү плакаттарды илүү).
5.2. Оңдоодон кийин өткөргүчтүк тутумун ишке киргизүүнүн алдында ыкчам ишкерсан жумуш ордун карап чыгууга, оңдоодон кийин кошуулардын өткөргүчтүк ажыраткычтарынын кандай абалда тургандыгын (оңдоо ишкерсаны кандай калтыргандыгын) текшерүүгө милдеттүү болот; жабдууда адамдардын, ошондой эле башка буюмдардын жок экендигине ынануусу керек.
Өткөргүчтөр тутумун ишке киргизүү учурундагы операцияларында ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) жердештирүүчү бычактарды өчүрүү жана алардын өчүрүлгөн абалын текшерүү (ташылуучу жердештирүүлөрдү алып салуу жана аларды сактоо жайларына коюу);
б) өткөргүчтөрдүн обочолотуучунун каршылыгын мегаомметр менен текшерүү (эгерде бул зарыл боло турган болсо);
в) өткөргүч ажыраткычтардын иштеткичтеринен кулпуларын алып салуу, жумуш ордуна илинген убактылуу тосмолорду жана плакаттарды алып салуу. Эгерде алар алынып салынган болсо, туруктуу тосмолорду орнотуу. Иштер башталганга чейин илинген плакаттарды коммутациялык аппаратардын башкаруу ачкычтарынан жана иштеткичтеринен алып салуу;
г) ишке киргизилип жаткан өткөргүч тутумунун чыңалуу трансформаторунун ажыраткычын иштетүү жана эң төмөнкү чыңалуу тарабынан сактоочторду орнотуу(автоматтык өчүргүчтөрдү иштетүү);
д) ӨБӨнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана ӨБӨ ажыраткычтарын иштетүү;
е) ӨБӨ коргоолорундагы мерчендерди текшерүү жана коргоолорду иштетүү. Ыкчам агынды ӨБӨ иштеткичине берүү, эгерде ал өчүрүлгөн болсо;
ж) ӨБӨ иштетүү жана өткөргүчтөрүн сыналып жаткан тутумунда чыңалуунун бар экендигин текшерүү;
з) электр орнотмосунун нормалдуу түзмөсүн калыбына келтирүү.
5.3. Электр чордонунун өздүк керектөөлөрүнүн КБТ секцияларын оңдоого чыгаруу учурундагы операциялардын жана персоналдын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) КБТнын секцияларынын оңдоого чыгарылып жаткан трансформаторлорунун эң төмөнкү чыңалуусу тарабынан бардык шаптарын жана автоматтык өчүргүчтөрүн өчүрүп коюу жана текшерүү. Шаптарда жана автоматтык өчүргүчтөрдө “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
б) ушул тараптан азыктануучу кошулуулардын өчүргүчтөрүн өчүрүп коюу. Башкаруу ачкычтарында “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
в) РАИ тараптарын өчүрүү;
г) тарапты азыктандыруучу жумушчу булактын (трансформатордун же чубалгынын) өчүргүчтөрүн өчүрүү; өчүргүчтөрдү башкаруу ачкычтарында “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү; өчүргүчтөрдү иштетүү электромагниттеринин азыктанууну өчүрүп коюлгандыгын текшерүү;
д) өчүргүчтөрдүн өчүрүлүп коюлган абалын текшерүү жана алар боюнча чыңалууну жумуш ордуна (азыктандыруунун жумушчу жана камдык булактарына, тараптык өчүргүчүнө ж.б.) бардык кошулуулардын өчүргүчтөрүнүн арабасын оңдоо абалына жылыштыруу;
е) экара өчүргүчтү кошуунун ажыраткычынын арабасын оңдоо абалына жылыштыруу жана чөнөктүн эшигине “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
ж) чыңалуу трансформаторунун арабасын оңдоо абалына жылыштыруу жана чөнөктөрдүн эшиктерине “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү. Стационардык жасалышында чыңалуу трансформатору эң төмөнкү чыңалуу тарабынан сактоочтор (шаптар, автоматтык өчүргүчтөр) жана жогорку чыңалуу тарабын ажыраткычтар менен өчүрүлөт;
з) жумушчу жана камдык азыктандыруу булактарынын шкафтар бөлүктөрүнүн өчүргүчтөрүнүн эшиктерин жана автоматтык пардаларын, ошондой эле алардын шкафтарында ажыратыла турган тиймектер чыңалуу алдында болуп калышы мүмкүн болгон кошулууларды кулпулап бекитүү. Чөнөктөрдүн эшиктерине “Токто – жогорку чыңалуу” плакатын илип коюу.
Кулпулардын ачкычтарын кезметчи өзүндө сактоого жана иштерди өндүрүү учурунда эч кимге бербөөгө милдеттүү.
Жердештирүүнү кошуу, жумуш орундарын тосуу жана плакаттарды илүү коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык иштердин берилген шарттарына жараша жүргүзүлөт.
5.4. КБТ тараптарын оңдоодон кийин ишке киргизүүнүн алдында ыкчам ишкерсан жумуш ордун карап чыгуу, жабдууда адамдардын жок экендигине, ошондой эле башка буюмдардын болбогондугуна ынануусу керек.
КБТ тараптарын ишке киргизүү учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) жердештирүү бычактарын өчүрүү, ташылуучу жердештирүүлөрдү чыгаруу жана аларды сактоо жайына жайгаштыруу;
б) эгерде ал зарыл болсо, мегаомметр менен өткөргүчтөрдүн обочолотуу каршылыгын текшерүү;
в) жумуш орундарынын убактылуу тосмолорун жана плакаттарды алып салуу. Туруктуу тосмону орнотуу (эгерде аны алып салышкан болсо). Чөнөктөрдүн жана коммутациялык аппараттардын башкаруу ачкычтарынан плакаттарды алып салуу;
г) өчүргүчтөрдүн иштетүү электромагниттеринин азыктандыруусу өчүрүлгөндүгүн текшерүү;
д) коммутациялык аппараттын өчүрүлгөн абалында жумушчу абалына жылыштыруу:
1) экара өчүргүчтүн кошулуунун араба-ажыраткычын;
2) экара өчүргүчтүн арабасын;
3) бардык ишке киргизилип жаткан кошуулардын жана азыктандыруунун камдык булагынын өчүргүчтөр арабасын;
е) жумушчу абалына чыңалуу трансформаторунун арабасын жылыштыруу (же стационардык жасалган учурунда ажыракычтарды иштетү жана сактагычтарды чыңалуу трансформаторунун эң төмөнкү чыңалуусу тарабынан орнотуу);
Арабалардын жумушчу абалында алардын шкафтардын тулкусунда бекитилишинин тууралыгын жана экинчилик коммутациянын чынжырларынын штепсель ажыраткычтарын орнотуунун ишенимдүүлүгүн текшерүү;
ж) өчүргүчтөрдү башкаруу ачкычтарынан плакаттарды алып салуу жана тарапты азыктандыруучу жумушчу булактын өчүргүчүн өчүрүү; алеттер боюнча тараптык өткөргүчтөрүндө чыңалуу бар экенин текшерүү;
з) тараптардын РАИсин кошуу;
и) өткөргүчтөрдүн ушул тарабынан азыктануучу кошулуулардын өчүргүчүн өчүрүү.
5.5. Жабдуунун жана КБТ шкафтарындагы ажыратыла турган тиймек кошулууларынын жеткиликсиз көрүнө тургандыгынан улам ишкерсан аппараттар менен операцияларды аткаруу жана жумуш орундарын даярдоо учурунда КБТ тосмолоочу түзмөктөрүнүн ишине көз салып турууга милдеттүү. Тосмолоочу түзмөктөрдүн ишиндеги кандайдыр бир бузуктуктар табылган учурда ал ушул Нускаманын 3.4.5 п. ылайык аракеттенүүгө тийиш.
Аппараттарды өз каалоосу менен тосмолоодон чыгарууга, шкафтардын чыгарыла турган тетиктерин бурап чыгарууга, автоматтык пардаларды, чыңалуу алдында турган түзмөктүн жабылуучу бөлүктөрүн ачууга катуу тыюу салынат.
5.6. Электр чордонунунөздүк керектөөлөрүнүн 6/0,4 кВ трансформаторун оңдоого чыгаруу учурундагы операциялардын жана ишкерсан аракеттеринин удаалаштыгы:
а) оңдоого чыгарылып жаткан трансформатордун минималдуу чыңалуу коргоонун өчүрүү;
б) камдык трасформатордун (азыктандыруунун камдык булагынын) РАИсин өчүрүп коюу;
в) 6 кВ өчүргүчүн жана өздүук керектөөлөр тарабынын 0,4 кВ азыктандыруусунун камдык булагынын автоматтык өчүргүчтөрүн өчүрүү жана алеттер боюнча азыктануунун камдык булагындагы жүктөмдүн бар экендигин текшерүү;
г) оңдоого чыгарылып жаткан трансформатордун 0,4 кВ автоматтык өчүргүчтөрүн өчүрүп коюу жана “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын илүү;
д) трансформатордун 6 кВ тарабындагы өчүргүчтү өчүрүү жана башкаруу ачкычына “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
е) трансформатордун 0,4 кВ автоматтык өчүргүчтөрүнүн абалын текшерүү, шаптарды өчүрүү жана алардын иштеткичтерин кулпуга бекитүү, “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
ж) трансформатордун 6 кВ өчүргүчүнүн абалын текшерүү жана өчүргүчтүн арабасын оңдоо абалына жылдыруу; шкафтын эшиктерин кулпулап бекитүү жана “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
з) чыңалуунун жоктугуна ынануу жана трансформатордун эң жогорку жана эң төмөнкү чыңалуулары тарабынан чыгууларына жердештирүүнү орнотуу; жумуш ордун тосуу жана ТКЭ талаптарына ылайык плакаттарды илүү.
5.7. Электр чордонунун өздүк керектөөлөрүнүн чыңалуусу 6/0,4 кВ трансформаторун оңдоодон кийин ишке киргизүү иштер аяктагандан жана ишкерсан тарабынан жумуш орду каралып чыккандан кийин жүргүзүлөт.
Трансформаторду ишке киргизүү учурундагы операциялардынжана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы:
а) трансформаторду туташтыруудагы бардык орнотулган жердештирүүлөрдү чечүү, ташылуучу жердештирүүлөрдү сактоо жайларына жайгаштыруу;
б) убактылуу тосмолорду жана плакаттарды алып салуу; туруктуу тосмолорду орнотуу; иштеткичтерден жана коммутацияык аппараттардын башкаруу ачкычтарынан плакаттарды алып салуу;
в) трансформатордун 6 кВ тарабынан өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана өчүргүчтүн арабасын жумушчу абалына жылыштыруу.
Арабанын жумушчу абалында анын шкафтын корпусуна бекитилишинин тууралыгын жана экинчилик коммутациянын чынжырларынын штепсель ажыраткычтарын орнотуунун ишенимдүүлүгүн текшерүү;
г) 0,4 кВ автоматтык өчүргүчтөрүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана шаптарды иштетүү, алардын абалын текшерүү;
д) трансформатордун 6 кВ өчүргүчүн кошуу;
е) трансформатордун 0,4 кВ автоматтык өчүргүчтөрүн кошуу;
ж) алеттер боюнча трансформатордогу жүктөмдүн бар экендигин текшерүү;
з) автоматтык өчүргүчтөрдү жана азыктандыруунун камдык булагынын өчүргүчүн өчүрүү;
и) азыктандыруунун камдык булагынын РАИсин иштетүү;
к) трансформатордун минималдуу чыңалуусунун коргоосун иштетүү.
5.8. Эки трансформатордуу көмөкчордонундагы трансформаторду (мисалы, Т1) оңдоого чыгаруу учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеинин удаалаштыгы (9-сүрөт):
9-сүрөт – 220 кВ эки трансформатордуу туташтыргычындагы өчүргүчү бар жана нормалдуу иштөө иш тартибиндеги трансформаторлор чынжырларындагы бөлгүчтөрү менен көмөкчордонунун түзмөсү
а) эгерде Т1 трансформатору өчүрүлө турган болсо, иштеп кала турган Т2 трансформаторундагы жүктөмдүн жол бериле турган маанисин тактоо;
б) көмөкчордонунун өздүк керектөөлөрүн азыктандырууну ТСН1 трансформаторунун ТСН2 трансформаторуна которуу (АВ1 автоматтык өчүргүчүн өчүрүү, мында АВ1-2 автоматтык өчүргүчү иштей башташы керек);
в) ТСН1 трансформаторунун РБ1 шабын өчүрүү, шаптын кармагычын кулпуга бекитүү, “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
г) 35 кВ тармагындагы фазанын жерге кыска туташуусу жоктугун текшерүү, Р1 ДГР ажыраткычын өчүрүү жана Р2 ДГР ажыраткычын иштетүү;
д) Т1 жана Т2 ТКАЖды автоматтыктан аралыктан башкарууга которуу;
е) Т1 трансорматорунун ЧЖКсын аралыктан Т2 трансформаторунун ЧЖКсынн абалына окшош абалга которуу;
ж) 10 кВ СӨ РАИни өчүрүү жана ушул өчүргүчтү кошуу, анда жүктөмдүн бар болушун текшерүү;
з) 35 кВ СӨ иштетүү жана анда жүктөмдүн бар болушун текшерүү;
и) Т1 трансформаторунун В1 жана В3 өчүргүчтөрүн өчүрүү, башкаруу ачкытарына “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
к) Т2 трансформаторундагы жүктөмдүн маанисин текшерүү;
л) Т2 трансформаторунун ТКАЖын аралыктык башкарудан автоматтыкка которуу;
м) Т1 трансформаторунун ЧЖКсын аралыктан анын номиналдуу дүүлүгүү режимине шайкеш келе турган абалга которуу;
и) Т1 трансформаторунун В1 өчүргүчү өчүрүлгөндүгүн текшерүү;
о) Т1 трансформаторунун нейтралындагы жердештирүүчү ажыраткычты иштетүү;
п) Т1 трансформаторунун ОД1 бөлгүчүн өчүрүү (аралыктан) бөлгүчтүн бычактарынын өчүрүлүшүнүн толук фазалуулугун текшерүү, бөлгүчтүн иштеткичин кулпу салып бекитүү жана иштеткичинде “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
р) Т1 трансформаторунун В1 өчүргүчү өчүрүлгөндүгүн текшерүү, В1 өчүргүчүнүн арабасын оңдоо абалына жылыштыруу, “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
с) Т1 трансформаторунун газ жана технологиялык коргоолорун өчүрүү;
т) өчүрүлгөн В3 өчүргүчү учурунда РТ1 трансформатордук ажыраткычты өчүрүү, ажыраткычтын өчүрүлгөн абалын текшерүү, ажыраткычтын иштеткичин кулпу салып бекитүү жана иштеткичине “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
у) жердештирүүлөрдү кошуунун алдында Т1 трансформаторунун кошулуусунда агын алып баруучу бөлүктөрүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу керек жана жумуштардын мүнөзүнө жараша жердештирүүнүн Т1 трансформаторунун жогорку, орто жана төмөнкү чыңалуулары тарабынан, ошондой эле ТСН1 трансформаторлорунун чыгуусунда салуу. Иштөө ордун тосуу жана плакаттарды илүүнү ТКЭнин талаптарына ылайык жүргүзүү.
5.9. Оңдоодон кийин эки трансформатордуу көмөкчордонундагы Т1 трансформаторун ишке киргизүү учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы (9-сүрөттү караңыз):
а) иш орундарын карап чыгууну жүргүзүү, жабдуудан чоочун предметтердин жоктугун текшерүү;
б) Т1 жана ТСН1 трансформаторлорунун кошулууларында орнотулган ташылуучу жердештирүүлөрдүн бардыгын алып салуу жана аларды сактоо жайларына жайгаштыруу;
в) иштердин ордунда илинген убактылуу тосмолорду жана плакаттарды алып салуу; плакаттарды Т1 жана ТСН1 трансформаторлорунун коммутациялык апараттардын иштеткичтеринен жана башкаруу ачкычтарынан алып салуу;
г) текшерилет:
1) К31 кыска туташтыргычы өчүрүлгөндүгүн;
2) Т1 трансформаторунун нейтралында ажыраткычты кошулгандыгын;
3) Т1 трансформаторунун ЧЖКсы номиналдуу дүүлүгүү иш тартибинде шайкеш келип тургандыгын;
4) Т1 трансформаторунун ТКАЖы аралыктан башкарууга которулгандыгын;
д) В1 өчүргүчүнүн арабасын көзөмөлдөө абалына жылыштырууну; экинчилик коммутациянын чынжырларынын штепсель ажыраткычтарын орнотуу;
е) Т1 трансформаторунун газ жана технологиялык коргоолорун иштетүү;
ж) Т1 трансформаторунун ОД1 бөлгүчүн иштетүү жана анын толук фазалуу иштетилишин текшерүү;
з) Т1 трансформаторунун нейтралындагы жердештирүүчү ажыраткычты өчүрүү;
и) В3 өчүргүчү өчүрүлгөндүгүн жана Т1 трансформаторунун РТ1 трансформатордук ажыраткычын иштетүү, ажыраткычтын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
к) В1 өчүргүчүнүн өчүрүлүп коюлгандыгын текшерүү жана өчүргүчү бар арабаны жумушчу абалына сүйрөп кирүү;
л) иштеп жаткан Т2 трансформаторунун ТКАЖын автоматтыктан аралыктан башкарууга которуу;
м) Т1 трансформаторунун ЧЖКсын Т2 трансформаторунун ЧЖКсы менен бирдей абалга аралыктан которуу;
н) Т1 трансформаторунун В3 жана В1 өчүргүчтөрүн иштетүү жана жүктөмүн текшерүү;
о) 35 кВ СӨ өчүрүп коюу;
п) 10 кВ СӨнү өчүрүү жана 10 кВ СӨ РАИ иштетүү;
р) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ТКАЖын аралыктан башкаруудан автоматтык башкарууга которуу;
c) ТСН1 трансформаторунун РБ1 шабын иштетүү жана көмөкчордонунун өздүк керектөөлөрүн азыктандыруунун нормалдуу түзмосүн калыбына келтирүү;
т) 35 кВ тармагында фазанын жерге кыска туташуусу жоктугун текшерүү, ДӨР Р2 ажыраткычын өчүрүү жана ДӨР Р1 ажыраткычын кошуу.
5.10. Электр берүүнүн Л1 чубалгысын оңдоого чыгаруу учурунда аба өчүргүчтөрү менен электр кошулуулардын бир жарымдык түзмөсү учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы* (10-сүрөт):
РШ –өткөргүчлык ажыраткыч
РЛ – чубалгылуу ажыраткыч
10-сүрөт – 500 кВ электр орнотмосунун бир жарымдык түзмөсү боюнча иштетилишкен кошууларынын жабдууларын оңдоого чыгаруу боюнча операцияларды аткаруунун башталышына карата түзмөнүн бир бөлүгү
_________________
*Ыкчам ишкерсан чубалгынын эки учундагы бардык аракеттери диспечтер тарабынан кооринацияланат жана анын буйрутмасы боюнча гана аткарылышат.
а) Л1 чубалгысынын БТ жүктөмү жана түзмөсү боюнча өчүрүгө жол бериле тургандыгын текшерүү зарыл болгон шарттамалык иш-чараларды аткаруу, анын ичинде бүлүнүүгө каршы тутумдуу автоматика түзмөктөрү менен операциялар, В50, B5I өчүргүчтөрү менен чубалгынын чыңалуу чынжырларын НКФ51 чыңалуу трансформаторунан НКФ52 чыңалуу трансформаторуна которуу;
б) В50 жана В51 өчүргүчтөрүн өчүрүү, ыкчам агынды алып салуу жана чубалгыда жүктөмдүн жоктугуна ынануу;
в) өчүргүчтөрдүн башкаруу ачкычтарында “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
г) В50 жана В51 өчүргүчтөрүнүн өчүрүлгөн абалын ордунан текшерүү;
д) РВЛ1 чубалгылуу ажыраткычын өчүрүп коюу жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү; ажыраткычтын иштеткичин кулпу салып бекитүү; РВЛ1 ажыраткычынын иштеткичинин башкаруу чынжырларындагы сактагычтарды (автоматтык өчүргөчтөрдү өчүрүү) алып салуу; көрсөтүлгөн ажыраткычтын иштеткичинин күч чынжырларын өчүрүү;
е) НКФ51 чыңалуу трансформаторунун эң төмөнкү чыңалуу оромодору тарабынан сактагычтарды (шаптарды, автоматтык өчүргүчтөрдү өчүрүү) алып салуу;
ж) РВЛ1 ажыраткычынын жердештирүү бычактарын чубалгы тарапка иштетүүгө карата диспетчердин уруксатын алуу, Л1 чубалгысындагы чыңалуунун жоктугун текшерүү, РВЛ1 ажыраткычтарында чубалгы тарапка жердештирүү бычактарын кошуу жана алардын иштетилген абалын текшерүү;
з) РВЛ1 ажыраткычынын иштеткичинде “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илип коюу;
и) башкаруу ачкычтарынын “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын алып салуу жана В51 жана В5 өчүргүчтөрүн иштетүү, алеттер боюнча жүктөм агынын текшерүү.
5.11. Л1 электр берүүсүнүн чубалгысын оңдоодон кийин ишке киргизүү учурундагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы (10-сүрөттү кара):
а) Л1 чубалгысын иштетүү боюнча операцияларды өткөрүүгө жол бериле тургандыгын текшерүү, зарыл болуучу шарттамалардык иш-чараларды аткаруу, анын ичинде бүлүнүүгө каршы тутумдуу автоматика түзмөктөрү менен болуучу операциялар;
б) диспетчердин уруксаты менен Л1 чубалгысы тарабынан РВЛ1 ажыраткычынын жердештирүүчү бычактарын өчүрүү жана алардын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
в) сактагычтарды НКФ51 чыңалуу трансформаторунун эң төмөнкү чыңалуусунун оромолу тарабынан орнотуу (шаптарды, автоматтык өчүргүчтөрдү өчүрүү);
г) В50 жана В51 өчүргүчтөрүн өчүрүп коюу, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
д) башкаруу ачкычтарындагы өчүргүчтөргө “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
е) В50 жана В51 өчүргүчтөрүнүн абалын өчүрүү жеринде текшерүү;
ж) “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын РВЛ1 ажыраткычынын иштеткичинен алып салуу;
з) РВЛ1 ажыраткычынын иштеткичинен кулпуну алып салуу, ыкчам чынжырларда ажыраткычтын иштеткичинин сактагычтарын орнотуу (автоматтык өчүргүчтөрдү иштетүү), ажыраткычтын иштеткичтеринин күч чынжырларына карата чыңалуу берүү; РВЛ1 ажыраткычын иштетүү жана анын иштетилген абалын текшерүү;
и) “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын башкаруу ачкычтарынан алып салуу жана В50 жана В51 өчүргүчтөрүн иштетүү, жүктөмдүн агымын текшерүү;
к) зарыл болуучу шарттамалык иш-чараларды аткаруу, анын ичинде которуулардын диспетчердик программалары менен караштырылган тутумдуу автоматика түзмөктөрү менен.
5.12. Аба өчүргүчтөрү жана ЧТ электромагниттери менен электрдик кошулуулардын бир жарымдык түзмөсү учурундагы АТ2 автотрансформаторун оңдоого чыгаруу учурундагы операциялардын жана ишкерсандык аракеттеринин удаалаштыгы (10-сүрөттү кара):
а) АТ2 автотрансформаторун БТ жүктөмүң жана түзмөсү боюнча өчүрүүнүн жол бериле тургандыгын текшерүү;
б) АТ2 автотрансформаторун эң төмөнкү жана ортоңку чыңалууларынын оромдорунун өчүргүчтөрүн өчүрүү; жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
в) В50 жана В52 өчүргүчтөрүн өчүрүү, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
г) өчүргүчтөрдүн башкаруу ачкычтарында “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
д) ордунан эң төмөнкү жана ортоңку чыңалуулардын өчүргүчтөрүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана АТ2 автотрансформаторунун эң төмөнкү жана ортоңку чыңалуулары тарабынан ажыраткычтарды өчүрүү; ажыраткычтардын иштеткичтеринде “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын илүү;
е) В50 жана В52 өчүргүчтөрү өчүрүлгөндүгүн ордунда текшерүү;
ж) РТ50 жана РТ52 ажыраткычтарын өчүрүп коюу жана алардын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
з) РВАТ2 ажыраткычын өчүрүп коюу жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү, ажыраткычтын иштеткичин кулпу салып бекитүү; РВАТ2 ажыраткычынын иштеткичин ыкчам чынжырлардагы сактагычтарын (автоматтык өчүргүчтөрдү өчүрүү) алып салуу; ажыраткычтын иштеткичинин күч чынжырларын өчүрүп коюу; ажыраткычтардын иштеткичтеринде “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
и) агын алып баруучу бөлүктөрүндөгү чыңалуунун жоктугуна ынануу жана РВАТ2 ажыраткычынын жердештирүү бычактарын АТ2 автотрансформатору тарапка иштетүү, алардын иштетилген абалын текшерүү;
к) В52 өчүргүчүнүн башкаруу ачкычынан “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын алып салуу, В52 өчүргүчү менен РТ52 ажыраткычын тосмолоодон чыгаруу*;
л) В52 өчүргүчүн кошуу жана анын кошулган абалын ордунан текшерүү;
м) РТ52 ажыраткычын кошуу жана анын кошулган абалын текшерүү;
н) В52 өчүргүчү менен РТ52 ажыраткычынын тосмолоосун калыбына келтирүү;
о) В50 өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү, РТ50 ажыраткычын иштетүү жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
п) «Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын башкаруу ачкычынан алып салуу жана В50 өчүргүчүн иштетүү; В50 жана В52 өчүргүчтөрүнүн жүктөм агынын текшерүү.
АТ2 автотрансформаторун оңдоого чыгарууну аяктоо боюнча бардык андан аркы ыкчам аракеттер кадимки тартипте белгиленген иштердин мүнөзүнө жараша жана ТКЭнин талаптарына ылайык аткарылышат.
5.13. АТ2 автотрансформаторун оңдоодон кийин ишке киргизүү учурунда НКФ сериясындагы чыңалуу трансформаторунун түзмөсүнүн түйүнүнө туташтырылган учурлагы операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин удаалаштыгы (10-сүрөттү караңыз):
а) иштердин ордун карап чыгууну жүргүзүү, жабдууда башка буюмдардын жок экендигин текшерүү;
б) жердештирүүчү бычактарды алып салу, АТ2 автотрансформаторунун кошулууларынан бардык ташылуучу жердештирүүлөрдү чыгаруу, ташылуучу жердештирүүлөрдү сактоо жерлеринде жайгаштыруу, жумуш ордундагы убактылуу тосмолорду жана плакаттарды алып салуу;
в) В50 өчүргүчүн өчүрүү жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу; башкаруу ачкычына “Иштетпе — адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
г) Б50 өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана РТ50 ажыраткычын өчүрүү, ажыраткычтын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
д) В52 өчүргүчү менен РТ52 ажыраткычын тосмолоодон чыгаруу, РТ52 ажыраткычын өчүрүү жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
_______________
*Эгерде БТда тиймек айрылууларды жарыш чынжырлоочу конденсаторсуз өчүргүчтөр (май, элегаз ж.б.у.с.) орнотулган болсо, анда тармактарга туташтырылган НКФ сериясындагы чыңалуу трансформаторлорунун түзмөсүн өчүргүчтөрү менен ажыраткычтардын тосмолоодон чыгаруусу талап кылынбайт, ыкчам аракеттер кадимки удаалаштыкта аткарылышат.
е) В52 өчүргүчүн өчүрүү, башкаруу ачкычына «Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакатын илүү;
ж) В52 өчүргүчү менен РТ52 ажыраткычын тосмолоону калыбына келтирүү;
з) эң төмөнкү жана ортоңку чыңалуулардын өчүрүлгөн абалын ордунан текшерүү, “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын ажыраткычтардын иштеткичтеринен алып салуу жана АТ2 автотрансформаторунун эң төмөнкү жана ортоңку чыңалуулары тарабынан ажыраткычтарды иштетүү;
и) РВАТ2 ажыраткычынын иштеткичин ачуу, ажыраткычтын иштеткичинин ыкчам чынжырларындагы сактагычтарды орнотуу (автоматтык өчүргүчтөрдү иштетүү); чыңалууну ажыраткычтын иштеткичинин күч чынжырына берүү; “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын алып салуу жана РВАТ2 ажыраткычынын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
к) В50 жана В52 өчүргүчтөрүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү; РТ50 жана РТ52 ажыраткычтарын иштетүү, ажыраткычтардын иштетилген абалын текшерүү;
л) “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын башкаруу ачкычтарынан алып салуу жана В52 жана В50 өчүргүчтөрүнө өчүрүү, өчүргүчтөрдөгү чыңалууну текшерүү;
м) өчүргүчтөрдүн башкаруу ачкычтарынын плакаттарды алып салуу жана АТ2 автотрансформаторунан ортоңку жана эң төмөнкү чыңалуулардын өчүргүчтөрүн өчүрүү, өчүргүчтөрдөгү чыңалууну текшерүү.
6. ӨЧҮРГҮЧТӨРДҮ ОҢДООГО ЧЫГАРУУ ЖАНА ОҢДООДОН КИЙИН ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ЫКМАЛАРЫ
6.1. Кошулуулардын өчүргүчтөрүн оңдоого чыгаруу электр орнотмосунун түзмөсүнө жараша төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылган болушу мүмкүн:
а) чынжырына карата бир өчүргүчү бар электр орнотмосунун каалагандай түзмөсүнө – кошулууну өчүргүчтү оңдоонун бүт мезгилине карата өчүрүү менен, эгерде бул электр орнотмосунун жана тармактын иштөө иш тартиби боюнча жол бериле турган болсо;
б) өткөргүчтөрдүн эки тутуму жана чынжырына карата бир өчүргүчү менен түзмөсүнө кошулуунун өчүргүчүн өткөргүчтү бириктирүүчү өчүргүчү менен алмаштырып;
в) эки жумушчу жана айланма өткөргүчтөр тутуму менен чынжырына карата бир өчүргүчү бар түзмөсүнө – кошулуунун өчүргүчүнүн айланма өчүргүчү менен алмаштырып;
г) чынжырына карата эки өчүргүчү, көп бурчтугу жана бир жарымдык түзмөсүнө – оңдоого чыгарылып жаткан кошулуунун өчүргүчүн өчүрүү жана аны түзмөдөн ажыраткычтардын жардамы менен чыгаруу менен;
д) экара өчүргүчтү оңдоо үчүн ажыраткычтардагы өчүргүчү жана оңдоо туташтыргычы менен көпүрөчө түзмөсүнө – жумушка ажыраткычтарды камтыган туташтыргычты кошуу жана түзмөдөн анын чынжырындагы ажыраткычтардын жардамы менен экара өчүргүчтү чыгаруу менен.
6.2. Өчүргүчтөрдү оңдоого чыгаруунун каалагандай ыкмасы учурунда башкы түзмөдөгү жана релелик коргоо жана автоматика түзмөсүндөгү которууларды аткаруу удаалаштыгы жергиликтү нускамалар менен аныкталышат.
11-сүрөт – Кошулуунун өчүргүчүнүн өткөргүч бириктирүүчү өчүргүч менен алмаштыруу түзмөсү
6.3. Кошулуу өчүргүчүн өткөргүч бириктирүүчү өчүргүч менен алмаштыруу учурундагы операциялардын негизи топтору (11-сүрөт):
а) которууга биринчилик кошулуулар түзмөсүн даярдоо: ӨБӨ коргоосун жергиликтүү нускамага ылайык мерчендер менен иштетүү, ӨБӨнү жана кошулууну, анын өчүргүчү оңдоого чыгарылышы керек болгон кошулуудан башкаларын иштетүү, мисалы, өткөргүчтөрдүн биринчи, же экинчи тутумуна которуу, ӨБӨнү иштетилген бойдон калтыруу;
б) ЧӨДК аракеттери аймагында анда иштетилген бойдон оңдоого чыгарыла турган өчүргүчү бар кошулуу калтырылган өткөргүчтөр тутумун чыгаруу; релелик коргоо жана автоматика түзмөгүн кезеги менен иштөөдөн чыгаруу жана оңдоого чыгарылып жаткан агын трансформаторунан ӨБӨ агын трансформаторуна которуу; коргоону жүктөм агыны менен текшерүү жана ишке киргизүү.
Эскертүү — Оңдоого чыгарылуучу өчүргүчтүн агын трансформаторлорунан коргоолорду ӨБӨ агын трансформаторлоруна которуу милдеттүү эмес, эгерде ӨБӨ коргоолору кошулуунун толук кандуу корголоушун камсыздай алышпаса. Мында өзгөртүүлөрдү болгону өткөргүчтөрдүн коргоо түзмөсүнө киргизүү жана коргоону жүктөм агыны менен текшерүү зарыл;
в) ТКЭ талаптарына ылайык кошулууну жана оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтү өчүрүү жана жердештирүү; бириктирүүчү өткөргүчтөрдү оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтөн ажыратуу (айрым учурда кошулуунун чубалгылуу ажыраткычтарынан дагы); түзмөдөн чыгарылган өчүргүчтүн ордуна тиешелүү кесилиштеги зымдан жасалган атайын туташтыргычты орнотуу;
г) ӨБӨгө ыкчам агын чынжырлары боюнча кошулууларды коргоо аракетин которуу жана ӨБӨнү өчүрүүгө карата коргоону сынап көрүү;
д) тышкы карап чыгуу менен туташтыргычтарды орнотуунун тууралыгын текшерүү (фазалардын дал келишүүсүнө карата); өткөргүчтөрдү биринчи тутумуна кошулуунун өткөргүчтүк ажыраткычтарын иштетүү (эгерде чубалгылуу ажыраткычтар түзмөдөн чыгарылышкан болсо); ӨБӨнү иштетүүнү ишке кошууну киргизүү.
6.4. 11-сүрөттөгү түзмө боюнча кошулуу иштеген учурда кошулууларды өткөргүчтөрдүн бир системасынан башкасына коргоолордун агын чынжырларындагы тиешелүү которууларсыз эч кандай которууларга жол берилбейт.
6.5. Оңдоодон кийин кошулууну өчүргүчтү ишке киргизүү учурундагы, ӨБӨнүн жардамы менен ишке киргизилген негизги операциялар (11-сүрөттү караңыз):
а) ТКЭнин талаптарына ылайыканын өчүргүчү ишке киргизилүүгө тийиш болгон кошулууну өчүрүү жана жердештирүү; өчүргүчтүн ордуна орнотулган туташтыргычты чыгаруу, ал эми оңдоодон киргизилип жаткан өчүргүчтү (жана чубалгылуу ажыраткычты) кадимки түзмө боюнча кошуу;
б) кошулуунун коргоолорунун аракетин ыкчам агын чынжырлары боюнча оңоодон киргизилип жаткан өчүргүчкө которуу, жана өчүргүчтү өчүрүүгө карата коргоону сынап көрүү;
в) тышынан карап чыгуу менен жумуштардын ордунда коммутациялык аппараттарга карата өткөргүчтөрдү кошуунун тууралыгын текшерүү (фазалардын дал келиши); ташылуучу жердештирүүнү алып салуу, өткөргүч жана чубалгы ажыраткычтарды өткөргүчтөрдүн биринчи тутумун иштетүү; кошулууну удаалаш эки өчүргүчтү (оңдоодон чыккан жана өткөргүч бириктирүүчү) иштетүү менен ишке киргизүү;
г) кезектештирип иштен чыгаруу жана релелик коргоо жана автоматика түзмөгүнӨБӨ агын трансформаторунан оңдоодон чыккан өчүргүчтүн агын трансформаторуна которуу, коргоолорду жүктөм агыны менен текшерүү жана ишке киргизүү;
д) биринчилик кошулуунун нормалдуу түзмөгүн кошулууларды өткөргүч боюнча кабыл алынган каттоого ылайык бөлүштүрүү менен калыбына келтирүү, өткөргүчтөрдүн коргоосун кошулууларды каттоо менен иш алып баруу иш аракетине которуу.
6.6. Кошулуунун өчүргүчүн оңдоого чыгаруу жана аны айланма өчүргүч менен алмаштыруу учурундагы негизги операциялар (12-сүрөт):
12-сүрөт – Кошулуунун өчүргүчүн айланма өчүргүч менен алмаштыруу түзмөсү
а) өткөргүчтөрдүн айланма тутумун өткөргүчтөрдүн жумушчу тутумунан чыңалуу меен сыноо үчүн айланма өчүргүчтүн, ага оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүч менен кошулуу киргизилгентүзмөсүн даярдоо;
б) анын коргоолорунда “сынап көрүү” мерчендери менен айланма өчүргүчтү, өткөргүчтөрдүн киргизилген, ыкчам чынжырлар боюнча айланма өчүргүчтү өчүрүүгө карата иштетилген жана коргоолордон ӨБРТ иштете баштоосу менен иштетүү; өткөргүчтөрдүн айланма системасындагы чыңалуунун бар экенин текшерүү;
в) айланма өчүргүчтү өчүрүү. Айланма өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана өткөргүчтөрдүн айланма тутумун кошулуунун анын өчүргүчү оңдоого чыгарылган ажыраткычын иштетүү;
г) кошулуунун өчүргүчү катары айланма өчүргүчтү агын трансформаторунун чынжырынын өткөргүчтөрүн коргоо түзмөсүндөгү чыноо блокторунун жардамы менен киргизүү; айланма өчүргүчтөгү коргоолордо, ушул кошулуунун коргоо мерчендерине шайкеш келе турган мерчендерди коюп чыгуу; тез аракеттенүүчү коргоолорду (ДФК, ЧДК ж.б.) корголуучу кошулуунун бардык тарбынан өчүрүү;
д) айланма өчүргүчтү иштетүү жана жүктөм агынын текшерүү, оңдоого чыгарылып жаткан кошулуу өчүргүчүн өчүрүү жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
о) өткөргүчтөрдүн коргоосун өчүрүү, анын чынжырларындагы зарыл болгон которууларды аткаруу, коргоону жүктөм агыны менен текшерү жана ишке киргизүү;
ж) кошулуунун тез аракеттенүүчү коргоолорунун агын чынжырларын айланма өчүргүчтүн агын трансформаторуна которуу жана айланма өчүргүчкө чынжырлары менен аракет кылуу; коргоону жүктөм агыны менен текшерүү, коргоолорду жумушка киргизип иштетүү жана аларды айланма өчүргүчтү АККде өчүрүү менен өчүрүүгө карата сынап көрүү;
з) ажыраткычтарды оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтүн эки тарабынан өчүрүү, анда чыңалуунун жоктугун текшерүү жана жердештирүүчү бычактарды өчүргүч тарапка иштетүү.
6.7. Оңдоодон кийин, айланма өчүргүчтүн жардамы менен оңдоого чыгарылган кошулуу өчүргүчүн ишке киргизүү учурундагы операциялардырн негизги топтору (12-сүрөттү караңыз):
а) жердештирүүчү бычактарды ишке киргизилип жаткан өчүргүчтүн эки тарабынан өчүрүү;
б) агын трансформаторлоруна ишке киргизилип жаткан, тийиштүү ыкма менен калыпка салынган камдык коргоо өчүргүчүн туташтыруу (же болбосо атайын, убактылуу иштетиле турган коргоону) жана коргоону өчүргүчтү өчүрүүгө карата иштетүү;
в) чыңалуу менен ишке киргизиле турган өчүргүчтү* өчүрүлгөн өткөргүч ажыракычтар учурунда сынап көрүү;
_________________
*Чыңалуу менен өчүргүчтү сынап көрүү операциялары, эгерде мында зарылдык болсо жүргүзүлүшөт.
г) корголуучу кошууларды бардык тарабынан тез аракеттенүүчү коргоону (ДФЗ, ДЗЛ ж.б.) өчүрүү;
д) сыноо блокторунун жардамы менен өткөргүчтөрдү коргоо түзмөсүнө карата ишке киргизилип жаткан өчүргүчтүн агын трансформаторлор чынжырларын туташтыруу;
с) ишке киргизилип жаткан өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү, анын өткөргүчтүк ажыраткычтарын өткөргүчтөрдүн тиешелүү тутумуна иштетүү (жана чубалгылуу ажыраткычка, эгерде ал өчүрүлгөн болсо);
ж) ишке киргизиле турган өчүргүчтү иштетүү жана жүктөмдүн бар болушун текшерүү; айланма өчүргүчтү өчүрүү жана жүктөмдүн жоктугун текшерүү;
з) өткөргүчтөрдүн коргоонун өчүрүү жана анын чынжырларындагы керектүү которууларды аткаруу, коргоону жүктөм агыны менен текшерүү жана ишке киргизүү;
и) агын чынжырлары боюнча кошулуунун тез аракеттенүүчү коргоолорун ишке киргизилген өчүргүчтүн агын трансформаторуна ушул өчүргүчкө ыкчам чынжырлар боюнча аракет менен которуу. Коргоолорду жүктөм агыны менен текшерүү, ишке кошуу жана өчүрүүгө карата аны АККден өчүрүү менен өчүргүчтү өчүрүүгө карата сыноо. Жүктөм агыны менен кошулуунун камдык коргоосун текшерүү жана аны ишке кошуу; эгерде алар иштетилген болбосо, убактылуу коргоолорду өчүрүү;
к) өчүрүлгөн абалды айланма өчүргүч менен текшерүү жана кошулууну ажыраткычты өткөргүчтөрдүн айланма тутумунан өчүрүү (нормалдуу түзмөгө ылайык келтирүү);
6.8. Оңдоого өчүргүчтү чыгаруу учурундагы операциялардын негизги тобу түзмөдөгү эки жумушчу өткөргүчтөр тутуму жана чынжырга карата эки өчүргүчтөр менен (13-сүрөт):
а) оңдоого чыгарылуучу кошулуу өчүргүчүн өчүрүү жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
б) ордунан оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын эки тарабынан ажыраткычтар менен өчүрүү, ажыраткычтардын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
в) өткөргүчтөрдүн коргоонусун өчүрүү, аны оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтүн агын трансформаторлорунун чынжыр түзмөсүнөн чыгаруу, өткөргүчтөрдүн коргоосун жүктөм агыны менен текшерүү жана ишке киргизүү;
г) кезектештирип кошулуунун коргоосун өчүрүү, аларды агын чынжырларынан оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтүн агын трансформаторлорунан өчүрүү, коргоолордун жана автоматиканын оңдоого чыгарылып жаткан иштеткичтен ыкчам чынжырларын өчүрүү, алардын жумушта калган жупташкан өчүргүчкө карата аракетин сактоо; текшерүүнү жүктөм аыны менен текшерүү жана ишке киргизүү, автоматика түзмөктөрүн ишке киргизүү. РКА чынжырларындагы которууларды сыноо блокторунун жана бастыргылардын жардамы менен жүргүзүү;
д) чыңалуунун жоктугунда түзмө боюнча ынануу жана жердештирүүчү бычактарды оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүч тарапка иштетүү.
13-сүрөт – Өткөргүчтөрдүн чынжырга карата эки жумушчу тутуму жана эки өчүргүчтөрү менен электр орнотмосунун кошулуу өчүргүчү оңдоого чыгарылгандан кийинки түзмөсү
6.9. Оңдоодон кийин кошулуу өчүргүчүн ишке киргизүү учурунда операциялардын негизги топтору өткөргүчтөрдүн экижумушчу тутуму жана чынжырга карата эки өчүргүчтөрү менен түзмөсүндө (13-сүрөттү караңыз):
а) ишке киргизилип жаткан өчүргүчтүн эки тарабынан жердештирүүчү бычактарды өчүрүү;
б) ишке киргизилүүчү өткөргүчтү ажыраткычы өчүрүлгөн өчүргүчүнө чыңалууну берүү менен сынап көрүү;
в) камдык коргоолордун агын жана ыкчам чынжырларын агын трансформаторлоруна жана ишке киргизилип жаткан өчүргүчтүн иштеткичине ылайык кошуу; камдык коргоолор чынжырларында агындын бар болушун текшерүү; өткөргүчтөрдүн коргоо түзмөсүнө ишке киргизилип жаткан өчүргүчтүн агын трансформаторунун чынжырларын кошуу. Көрсөтүлүп кеткен коргоолорду ишке киргизүү;
г) өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын өткөргүч жана чубалгы ажыраткычтарын иштетүү;
д) өчүргүчтү өчүрүү жана жүктөмдүн бар экенин текшерүү;
е) кезектештирип өткөргүчтөрдү коргоону, кошулуунун негизги жана камдык коргоолорун өчүрүү, зарыл болгон которууларды алардын түзмөлөрүндө аткаруу жана жүктөм агыны менен коргоонуну текшерүү. Коргоолорду ишке киргизип иштетүү. Автоматика түзмөгүн ишке киргизүү.
6.10. Өчүргүчтү оңдоого чыгаруу учурундагы эки туташтырууга карата үч өчүргүчү менен түзмөдөгү (10-сүрөттө караңыз) жана төрт бурчтук түзмөсүндөгү (14-сүрөт) операциялардын негизги топтору:
а) оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтү өчүрүү жана жүктөмдүн жоктугуна ынануу;
б) ордунда оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана ажыраткычтарды эки тарабынан тең өчүрүү;
в) алардын агын чынжырлары оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтүн агын трансформаторлоруна туташтырылышкан релелик коргоо жана автоматика түзмөктөрүн кезектештирип өчүрүү, ушул агын трансформаторлорунун сыноо блоктору менен коргоолордун жана автоматиканын агын чынжырларын өчүрүү; коргоону жүктөм агыны менен текшерүү жана иштеген бойдон калган жакынкы өчүргүчтөрдүн аракетине карата ишке киргизүү; автоматика түзмөктөрүн ишке киргизүү;
г) түзмө боюнча оңдоого чыгарылып жаткан өчүргүчтө чыңалуунун жоктугуна ынануу жана өчүргүч тарапка жердештирүүчү бычактарды иштетүү.
6.11. Ажыраткычтардагы туташтыргычы бар болгон көпүрөчө түзмөсүндө экара өчүргүчтү оңдоого чыгаруу учурундагы (15-сүрөт) операциялардын негизги топтору:
а) Л1 жана Л2 чубалгыларынын камдык коргоолорун (эки тарабынан тең) жана TI жана Т2 автотрансформаторлорунун ылдамдоосун иштетүү; убакыты сактабастан аракеттенүүчү чубалгылардын жана автотрансформаторлордун коргоолорун өчүрүү;
б) экара өчүргүчтүн чынжырларына орнотулган агын трансформаторлорунан чубалгылардын жана автотрансформаторлордун агын чынжырларынан оңдоо туташтыргычынын агын трансформаторлоруна которуу;
в) экара өчүргүчтүн ыкчам агынынан автоматтык өчүргүчтөрдү өчүрүү (сактагычтарын чыгарып салуу);
г) ордунан экара өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана оңдоо туташтыргычтарынын ажыраткычтарын иштетүү, алардын иштетилген абалын текшерүү;
д) экара өчүргүчтүн ыкчам агынынын автоматтык өчүргүчтөрүн (сактагычтарды орнотуу) иштетүү; экара өчүргүчтү өчүрүү жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
е) жүктөм агыны менен Л1 жана Л2 чубалгыларынын жана АТ1 жана АТ2 автотрансформаторлорунун убакытты сактабастан аракеттенүүчү коргоолорун текшерүү, жана аларды ишке киргизүү. Ылдамдоо аракетинен чубалгылардын жана автотрансформаторлорунун камдык коргоолорун чыгаруу;
ж) ордунан экара өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын эки тарабынан тең ажыраткычтарды өчүрүү;
з) чыңалуунун жоктугуна ынануу жана экара өчүргүч тарапка жердештирүүчү бычактарды иштетүү; РП1, РП2 ажыраткычтарынын иштеткичтеринде “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын илип коюу.
6.13. Оңдоодон кийин ажыраткычтардагы туташтыргычы бар болгон көпүрөчө түзмосүндө экара өчүргүчтү ишке киргизүү учурундагы операциялардын негизги топтору (15-сүрөттө караңыз):
а) ишке киргизилип жаткан экара өчүргүчтүн эки тарабынан жердештирүүчү бычактарды өчүрүү; РП1, РП2 экара өчүргүчтүн ажыраткычтарынын иштеткичтеринен “Иштетпе – адамдар иштеп жатат” плакаттарын алып салуу;
б) чыңалуу менен экара өчүргүчтү (эгерде ал зарыл болсо) сыноо. Бул үчүн чубалгылардын бирин, мисалы, Л2 чубалгысын эки тарабынан тең өчүрүү керек: В2 өчүргүчү жана чубалгынын алыстагы учунун өчүргүчү менен. Л2 чубалгынын өчүргүчтөрүнүн иштеткичтеринен ыкчам агынды алып салуу керек (автоматтык өчүргүчтөрдү өчүрүү же сактагычтарын алып салуу). Л2 чубалгысында чыңалуунун жоктугуна ынануу жана РП2 ажыраткычын жана СӨнү иштетүү. Экара өчүргүчкө карата чыңалууну Л2 чубалгысынын алыстагы учундагы өчүргүчтү кошуу менен берүү керек. Карап чыккандан кийин экара өчүргүчтү өчүрүп жана анын иштеткичинен ыкчам агынды алып салуу керек. РП1 ажыраткычын иштетүү, убакытты сактабастан аракеттенген чубалгылардын жана автотрансформаторлордун коргоосун өчүрүү;
в) Л1, Л2 чубалгыларынын коргоосунун агын чынжырларын жана T1, T2 трансформаторлорун оңдоочу туташтыргычка орнотулган агын трансформаторунан экара өчүргүчтүн агын трансформаторуна которуу;
г) убакытты сактабастан иштеген Л1, Л2 чубалгыларынын жана T2 трансформаторлорунун коргоосун ишке киргизүү жана камдык коргоолорду ылдамдатууларды нормалдуу иш тартибине алып келүү;
д) СВ жана В2 өчүргүчтөрүн иштетүү жана жүктөм агынынын бар экендигин текшерүү;
е) СВнын иштетилген абалын текшерүү; РР1 жана РР2 ажыраткычтарын өчүрүү.
15-сүрөт – 220 кВ көмөкчордону экара өчүргүчү бар туташтыргычтагы көпүрөчө жана оңдоочу ажыраткычтардагы туташтыргыч менен түзмө боюнча
6.14. Адатта өткөргүч бириктирүүчү өчүргүч катары пайдаланылуучу айкалыштырылган аткаруудагы (өткөргүч бириктиргич жана айланма) өчүргүчтү айланма өчүргүч иш тартибине которуу учурундагы операциялардын негизги топтору (16-сүрөттү кара):
а) ӨБӨдөгү жүктөм агынын бар экенин текшерүү жана аны өчүрүү. Ордунда ӨБӨнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтөрдүн I тутумунан өчүрүү жана КША кошумча өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтөрдүн II тутумунан өчүрүү;
б) ӨБӨ коргоолорун иштетүү (“сынап көрүү” мерчендери менен), ӨБРТ ӨБӨ коргоолорунун өчүрүлгөндүгүн текшерүү, ӨБӨ АККни иштетүү жана ӨБӨнү АКК түзмөктөрүнүн коргоолорун өчүрүү жана иштетүүгө карата ӨБӨ сынап көрүү;
в) ӨБӨ АККни өчүрүү, ӨБӨнү өчүрүү. Ордунан ӨБӨнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана анын өткөргүч ажыраткычын өткөргүчтөрдүн тиешелүү жумушчу тутумуна иштетүү жана өткөргүчтөрдүн айланма тутумун өткөргүч ажыраткычына иштетүү;
г) ӨБРТны жана өткөргүчтөрдүн коргоонун өчүрүү. Жергиликтүү нускамаларга ылайык сыноо блокторунун жардамы менен өткөргүчтөрдүн коргоолорунун агын жана ыкчам чынжырларын, өткөргүчтөрдүн айланма тутуму өткөргүчтөрдү коргоонун аракетте болуу аймагына кире тургандай кылып аны чыңалуу менен сыноо учурунда которуу керек. Өткөргүчтөрдү жана ӨБРТны коргоону иштетүү.
д) ӨБРТны ӨБӨ коргоолору менен иштете баштоо. ӨБӨнү иштетүү жана өткөргүчтөрдүн айланма тутумунда чыңалуунун бар экенин текшерүү. ӨБӨнү өчүрүү.
16-сүрөт – 220 кВ электр орнотмосунун кадимки иш тартибинде өткөргүч бириктирүүчү өчүргүч катары пайдаланыла турган айкалыштырып аткарылган (өткөргүч бириктиргич жана айланма) өчүргүчү менен түзмөсүнүн бир бөлүгү
7. БӨЛҮШТҮРҮҮЧҮ ЭЛЕКТР ТАРМАКТАРЫНДАГЫ КОТОРУУЛАР
7.1. Которууларды аткаруунун өзгөчөлүктөрү
7.1.1 35 кВга чейинки чыңалуусу менен бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы которуулар ушул электр тармактарынын жабдуусу анын ыкчам башкаруусунда турган диспетчердин буйрутмасы боюнча аткарылууга тийиш.
Диспетчерлештирүү жок болгон учурда, бул диспетчердин милдетин аткарып жаткан административдик-техникалык ишкерсандын буйрутмасы боюнча которууларды өндүрүүгө жол берилет (1.20-п. караңыз).
7.1.2. Которууларды аткарууга карата буйрутмаларды берүүнүн жана алуунун кийинки тартиби сакталууга тийиш:
а) диспетчер, которуу жөнүндө буйрукту берип жатып, аны ыкчам журналга жазуусу керек;
б) буйрутманы алып жаткан адам аны кайталоого милдеттүү, диспетчердин буйрутма туура түшүнүлгөндүгүн тастыктоосун алышы керек, жана ушундан кийин гана буйрутманы аткарууга киришүүсү зарыл.
7.1.3. Которуу жөнүндө буйрутма, эреже катары, которууларды баштоонун тике алдында берилүүгө тийиш. Диспетчердин ЫКБ менен тике байланышы жок учурда же анын орнотуу татаал болгондо которуу жөнүндө буйрутманы ЫКБ которууга чыгуунун алдында берилишине жол берилет.
7.1.4. СЭЧтин диспетчери, которуу жөнүндө буйрутманы берип жатып, алдын ала ыкчам түзмө (түзмө-макет) боюнча которуулардын жол берилээрин текшерүүгө жана операциялардын жана ишкерсандын аракеттеринин так аткарылуу удаалаштыгын белгилөөгө милдеттүү.
ЫКБнын ишкерсаны жана ыкчам-оңдоо ишкерсаны диспетчердик котору жөнүндө буйрутмасын алуу учурунда өзү менен тармактын бөлүгүнүн бир сызыктык (ыкчам) түзмөсүн алып жүрүшү керек, анда буйрутманы алуу учуруна каратакоммутациялык аппараттардын абалы белгиленген болууга тийиш.
7.1.5. Жабдууну оңдоого чыгарууга карата буйрутма жумуш ордун даярдоого жана ишке киришүүгө карата уруксаттан (буйрутмадан) өзүнчө берилүүгө тийиш.
7.1.6. Жабдууну оңдоого өчүрүү, жумуш орундарын даярдоо жана уруксат берүү, ошондой эле жабдууну оңдоо иштери аяктаган кезде ишке киргизүү боюнча бардык ыкчам сүйлөшүүлөр диспетчер тарабынан ыкчам журналгаже убактысын көрсөтүү менен магниттик тасмага жазууга милдеттүү.
7.1.7. Бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы 0,4 кВ чыңалуусу менен которуулар, эреже катары, диспетчердин буйрутмасы боюнча аткарылууга тийиш. Ишкана боюнча буйрук (буйрутма) менен жергиликтүү шарттарга жараша буйрутмаларды которууларды аткарууга карата берүүнүн башка тартиби орнотулган болушу мүмкүн.
7.1.8. Алардын жабдуусу ЖЧЭТИнин диспетчеринин ыкчам башкаруусунда турган 35-110 кВ электр тармактарында, электр тармагын азыктандыруучу өз алдынча чубалгыларды пландык өчүрүүлөрдү жана бөлүштүрүүчү СЭЧнин ЫКБнын ишкерсаны тарабынан аткарылышына жол берилет. Көрсөтүлгөн которууларды СЭЧнун ЫКБнын ишкерсаны ЖЧЭТИнин диспетчеринин буйрутмасы боюнча аткарышат.
7.1.9. Которуулар учурунда ЖЧЭТИнин жана СЭЧнун диспетчерлери алдын ала 35-110 кВ көмөкчордонунан келе турган жана бөлүштүрүү электр тармактарын азыктандыруучу чубалгыларды өчүрүү жана иштетүү операцияларын аткаруунун удаалаштыгын макулдашууга тийиш, жана ушундан кийин гана СЭЧнун ЫКБнын ишкерсанына буйрутмаларды берүүгө тийиш болот.
7.1.10. 35-110 кВ көмөкчордонунда, бөлүштүрүүчү электр тармактарын азыктандыруучу чубалгыларды пландык өчүрүү жана иштетүүдөн тышкары, СЭЧнун ЫКБнын ишкерсанына ушул чубалгыларды чыңалуу алдында аларды автоматтык өчүрүүдөн кийин иштетүүгө (ЖЧЭТИ башкы инженеринин кароосу боюнча), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн чубалгылардын көмөкчордондорунда жабдууларын карап чыгууларды аткарууга уруксат берилиши мүмкүн. Бул операциялар жана аракеттер ЖЧЭТИнин диспетчеринин буйрутмасы боюнча аткарылууга тийиш.
7.1.11. Алардын жабдуулары ЖЧЭТИнин диспетчеринин ыкчам башкаруусунда болгон СЭЧнун ЫКБнын ишкерсанына 35-110 кВ көмөкчордондорундагы которууларды аткаруу укугун берүү, ар бир учурда ЖЧЭТИ боюнча буйрутмада көмөкчордондорун жана алардагы ыкчам которуулар түрлөрүн көрсөтүү менен белгиленүүгө тийиш.
7.1.12. БТдагы өчүргүчтөрдү башкаруу ачкычтарындагы башкаруу калканчтарында өчүргүчтөрдү иштеткичтерде, ошондой эле ажыраткычтардын иштеткичтеринде жана жердештирүүчү бычактарында чубалгылар тарапка, алар менен операцияларды аткаруу СЭЧ ЫКБ ишкерсанына уруксат берилгенде, кошулуунун диспетчердик аталышы менен катар төмөнкүдөй жазуу болушу керек: “СЭЧнун чубалгысы”, КБТда жана ТКБТда “СЭЧнун чубалгысы” жазуусу эшикте жана чөнөктөрдүн арт жагында жасалган болушу керек.
7.1.13. 35-110 кВ көмөкчордондорундагы которууларды аткарып жатып, СЭЧнун ЫКБнын ишкерсаны ыкчам документацияны ЖЧЭТИде бекитилген тартиптке ылайык жүргүзүүгө милдеттүү: көмөкчордонунун ыкчам журналында бардык аткарылган которуулар жөнүндө жазууларды жүргүзүү; көмөкчордонунун ыкчам түзмөгүндөа (түзмөк-макетинде) коммутациялык аппараттардын жана релелик коргоо жана автоматика түзмөктөрүнүн абалын белгилөө, ошондой эле жердештирүүчү бычактарды иштетүү жана өчүрүү (ташылуучу жердештирүүлөрдү салуу жана алып салуу); которуулардын бланктарын толтуруу жана аларды которуулар маалында колдонуу; Кемчиликтер жана жабдуулар менен бузуктуктар журналында жазууларды жүргүзүү.
7.1.14. 35-110 кВ көмөкчордондорундагы СЭЧнун ЫКБнын ишкерсаны тарабынан аткарылган бардык которуулар жөнүндө ЖЧЭТИнин диспетчери ушул көмөкчордондоруна бекитилишкен ЖЧЭТИнин ЫКБ ишкерсанына маалымдоого милдеттүү, ал ишкерсанл өзүнүн ыкчам журналына жазуусу керек жана ыкчам түзмөгө тиешелүү өзгөртүлөрдү киргизүүгө тийиш.
7.1.15. Жергиликтүү нускамаларга ылайык СЭЧнун ЫКБнын ишкерсанынын керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорунда (тиешелүү документти тариздетүү менен) которууларды аткаруусуна катышууга жол берилет.
Керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорунун түзмөсү бул учурда диспетчердин ыкчам түзмосүндө чагылдырылган болушу керек.
7.1.16. Бөлүштүрүүчү электр тармактарынын 0,4 кВ чубалгыларындагы, керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун азыктандыруучу, камдык азыктандыруу электр чордонуна ээ болушкан которуулар тартиби В тиркемесинде, ал эми которуулар бланкыны формасы – Г тиркемесинде келтирилишкен.
7.2. Которууларды аткаруу боюнча жалпы көрсөтмөлөр
7.2.1. Электрдик байланыштырылган бөлүштүрүү тармагында которууларды аткаруу учурунда чубалгыларды параллель иштетүү жана шакекчеге туташтырууга (пайдалануунун нормалдуу иш тартибинде өз алдынча иштеп туруучу) өзгөчө түрдө гана керектөөчүлөрдүн жүктөмүн которуу үчүн же кийинкиге калтырууга болбой турган оңдоо иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон убакытка гана жол берилет. Мында чубалгыларды параллель (шакектүү) иштетүү мүмкүндүгү алдын ала фазалоо менен белгиленген болууга тийиш.
7.2.2. Электрдик байланышкан туюкталган бөлүштүрүү тармагында белгиленген ажыраткычтарды иштетүү жана өчүрүүгө 70Аден жогору эмес теңдештирилген агын учурунда жол берилет. Эгерде бул шарт сакталбаса, жарыш чынжырлоо байланыштарын иштетүү зарыл, алар ажыраткычтар менен операциялар аяктаганда токтоосуз өчүрүлүүгө тийиш.
7.2.3. Эгерде транзитке киргизүү жана коммутациялык аппарат менен эки тараптан азыктандырууга ээ болгон чубалгыны өчүрүү мүмкүн болсо, анда бөлүү жеринде төмөнкүлөр зарыл:
коммутациялык аппаратты иштетүүнүн алдында, анын эки тарабынан чыңалуу бар экендигин жана фазанын жерге кыска туташуусу жоктугун текшерүү керек;
коммутациялык аппарат өчүрүлгөндөн кийин, аппараттын эки тарабынан чыңалуу бар экендигин текшерүү керек.
Эгерде коммутациялык аппаратты иштетүүнүн алдында фазанын жерге кыска туташуусу же коммутациялык аппараттын тараптарынын биринде чыңалуу жок болгондугу табылган болсо, операцияларды андан ары өткөрүү токтотулууга тийиш, бул тууралуу диспетчерге маалымдалат.
7.2.4. Электрдик байланышпаган бөлүштүрүү тармактарында* параллель жумушка кошуунун алдында же чубалгыларды өз ара кыска туташтырууда же тармактардын бөлүктөрүндө алдын ала убактылуу электрдик байланышты азыктандыруу борборлору ортосунда жүзөгө ашыруу зарыл (экара өчүргүчтү иштетүү; эки азыктандыруучу борборлордун өткөргүчтөрүнүн тике туташтыруучу чубалгылар, ж.б.у.с).
Убактылуу электрдик байланышты иштетүүнүн алдында азыктандыруучу борборлордун өткөргүчтөрүндөгү чыңалуунун бирдей деңгээлин орнотуу керек.
Убактылуу электрдик байланышты иштетүүдөн кийин дароо эле теңдештирүү агынынын маанисин текшерүү зарыл, ал бул байланыш боюнча жүктөмдүн жол бериле турган маанисинен ашпоого тийиш.
Эгерде убактылуу электрдик байланышты түзүү мүмкүн болбосо, жүктөмдү бир чубалгыдан башкасына которуу боюнча операциялар керектөөчүлөрдү аларга алдын ала эскертилгенден кийин кыска мөөнөттүү өчүрүү менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
7.2.5. Параллель ишке киргизүү, ошондой эле азыктандырууну нормалдуу пайдалануу иш тартибинде азыктандыруунун ар түрдүү борборлорунан алышкан 6-10 кВ тармактарынын бөлүктөрүнүн өз ара кыска туташуусу ар бир жолу ЫДКнын жана ЖЧЭТИнин РКАЖК менен макулдаштырылышы керек, ал эми биргелешкен иштерге кыска туташтыруу менен жогоруда көрсөтүлгөн тармактар бөлүктөрү менен байланышкан көп кайталануучу типтүү оңдоо схемаларын түзүү жергиликтүү нускамада чагылдырылган болууга тийиш, аны которуулар учурунда ыкчам ишкерсан жетекчиликке алуусу керек.
7.2.6. 0,4 кВ тармагында туташтырууга, ошондой эле азыктандыруунун ар түрдүү борборлорунан же ар түрдүү чубалгылардан азыктануучу трансформаторлордун 0,4 кВ бир шиптерине кошууга тыюу салынат.
Бир чубалгыдан азыктануучу, бирок ар түрдүү көмөкчордондорунда орнотулган трансформаторлордун 0,4 кВ тармагында туташуу, катуу күч келген трансформаторлорду же 0,4 кВ чыңалуусу менен чубалгыларды бошотуу үчүн өзгөчө учур катары жол берилет.
7.2.7. Чубалгыны (же трансформаторду) оңдоодон кийин, анда фазалардын кезектешүүсү бузулган болушу мүмкүн болсо, чубалгыны (трансформаторду) иштетүүнүн алдында фазалануусун текшерүү зарыл болот.
Алардын аталышы бир кыскычтарында фазаланбаган чыңалуу болуп калышы мүмкүн болгон коммутациялык аппараттарды иштетүүгө тыюу салынат. Мындай аппараттардын иштеткичтери кулпуга бекитилген болушу керек жана аларда “Иштетпе – фазалануусу бузулган” плакаты илинген болушу керек.
Ыкчам түзмөктө жана диспетчердик калканчта өз ара фазаланбаган тармак бөлүктөрү жана аларды бөлүп турган коммутациялык аппараттар атайын белги менен белгиленген болууга тийиш.
7.2.8. Фазалоону ар бир жолу, бөлүктүрүү электр тармагын электр энергиясын керектөөчүлөр тармактары менен бөлүү жеринде орнотулган коммутациялык аппаратты иштетүүнүн алдында текшерип туруу зарыл.
7.2.9. Агынды жерге кыска туташтыруу ордун толтуруу менен иштешкен бөлүштүрүүчү электр тармактарында, бул агындын маанилеринин өзгөрүүсүн пайда кылышкан которуулар учурунда, тийиштүү ыкма менен догоо өчүрүүчү реакторлордун калыпка салуусу өзгөртүлүүгө тийиш.
7.2.10. Бөлүштүрүүчү электр тармактарынын электр орнотомолорун имараттарында которууга киришүүдөн мурун, ишкерсан анын жабдуусун карап чыгууну жүргүзүүгө жана электрдик кошулуулар түзмөсүн текшерүүгө тийиш болушат.
__________________
* Бир трансформатордун өз алдынча оромдорунун же бир оромдон эки эселенген реактор аркылуу азыктануучу өткөргүчтөрдү же өткөргүчтөр тарабын азыктануунун өз алдынча борборлору катары эсептөө керек болот.
7.2.11. Которууларды ар түрдүү объекттерде аткарган учурда которуулар бланкында, анда которуу аткарылып жаткан объектти көрсөтүү менен темаларды жазуу керек болот. Которуу бланкындагы пункттарды номурлоо өтмө болуп жасалат.
7.3. КОТОРУУЛАРДЫН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮН АТКАРУУ УЧУРУНДАГЫ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫН УДААЛАШТЫГЫ
7.3.1. КЛ1 азыктандыруучу кабелдик чубалгысын оңдоого чыгаруу учурундагы негизги операциялар (17-сүрөт):
АБда:
а) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ТКАЖын автоматтык башкаруудан аралыктан башкарууга которуу жана Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ЧЖКсын бирдей абалга орнотуу;
б) экара өчүргүчтүн РАИсин өчүрүү, экара өчүргүчтү иштетүү жана жүктөм агынынын бардыгын текшерүү.
БПда:
а) экара өчүргүчтүн РАИсин өчүрүү, экара өчүргүчтү иштетүү жана жүктөм агынынын бардыгын текшерүү;
б) КЛ1 чубалгычынын өчүргүчүн өчүрүү жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу.
АБда:
а) экара өчүргүчтү өчүрүп коюу жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, экара өчүргүчтүн РАИсин иштетүү;
б) трансформаторлордун ТКАЖын автоматтык башкарууга которуу;
17-сүрөт - 6-10 кВ азыктандыруучу тармагынын иштөөсүнүн нормалдуу режиминдеги түзмөсү
в) КЛ1 чубалгычынын өчүргүчүн өчүрүү, өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын ордунда текшерүү жана КЛ1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү, ажыраткычтын өчүрүлгөн абалын текшерүү. Ажыраткычтын иштеткичин кулпулап бекитүү жана иштеткичте «Иштетпе - чубалгыдагы иштер» плакатын илип коюу.
БПда:
а) КЛ1 чубалгысынын өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын орунда текшерүү жана өчүргүчтүн арабасын оңдоо абалына жылыштыруу; уюктун эшиктеринде «Иштетпе - чубалгыдагы иштер» плакатын илип коюу;
б) КЛ1 чубалгысынын кирүүсүндөгү чыңалуунун жоктугуна ынануу жана жердештирүүчү бычактарын чубалгы тарапка иштетүү, алардын абалын текшерүү; КЛ1 чубалгысынын уюктарынын эшиктерин кулпулап бекитүү.
АБда КЛ1 чубалгысынын кирүүсүндөгү чыңалуунун жоктугуна ынануу жана жердештирүүчү бычактарды чубалгы тарапка иштетүү, алардын иштетилген абалын текшерүү.
7.3.2. КЛ1 кабелдик чубалгысын оңдоодон кийин ишке киргизүү учурундагы негизги операциялар (17-сүрөтү караңыз):
АБда КЛ1 чубалгысынын жердештирүү бычактарын өчүрүү жана алардын өчүрүлгөн абалын текшерүү.
БПда:
а) КЛ1 чубалгысынын жердештирүү бычактарын өчүрүү жана алардын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
б) КЛ1 чубалгысынын чөнөктөрүнүн эшиктеринен операцияларга тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу, КЛ1 чубалгысынын өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү жана өчүргүчтүн арабасын жумушчу абалына жылыштыруу.
АБда:
а) КЛ1 чубалгысынын өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү; КЛ1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычынын иштеткичинен операцияны тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу, КЛ1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын иштетүү, анын иштетилген абалын текшерүү;
б) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ТКАЖын автоматтык башкаруудан аралыктан башкарууга которуу жана Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ЧЖКсын бирдей абалга орнотуу:
в) секциялуу өчүргүчтүн РАИсин өчүрүү, секциялуу өчүргүчтү иштетүү жана жүктөм агынынын бардыгын текшерүү;
г) КЛ1 чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү.
БПда:
а) КЛ1 чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү жана жүктөм агынынын бардыгын текшерүү;
б) секциялуу өчүргүчтү өчүрүп коюу жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, экара өчүргүчтүн РАИсин иштетүү.
АБда:
а) экара өчүргүчтү өчүрүп коюу жана жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, экара өчүргүчтүн РАИсин иштетүү;
б) Т1 жана Т2 трансформаторлорунун ТКАЖын аралыктан башкаруудан автоматтык башкарууга которуу.
7.3.3. 6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармагынын Л6 чубалгысын оңдоого чыгаруу учурундагы негизги операциялар (18-сүрөт):
РП1 бөлүштүрүү пунктунда РАИни өчүрүү жана КЛ8 камдык чубалгынын өчүргүчүн иштетүү, жүктөм агынынын бардыгын текшерүү.
ТП3 трансформатордук көмөкчордонунда:
а) ВН4 жүктөмүнүн өчүрүлгөн өчүргүчүнүн эки тарабынан чыңалуу бар экендигин текшерүү жана тармактагы фазанын жерге кыска туташуусу жоктугуна ынануу;
6) РАИ өчүрүү жана ВН4 жүктөмүнүн өчүргүчүн иштетүү.
ТП5 трансформатордук көмөкчордонунда:
а) Л6 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүп коюу, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу;
б) Л6 чубалгысынын өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын ордунда текшерүү, Л6 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү жана анын абалын текшерүү. Ажыраткычтын иштеткичин кулпулап бекитүү жана иштеткичте «Иштетпе - чубалгыдагы иштер» плакатын илип коюу.
РП1 бөлүштүрүү пунктунда КЛ8 камдык чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүп коюу, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, РАИни иштетүү.
РП2 бөлүштүрүү пунктунда:
а) АКК жана Л6 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүп коюу;
б) Л6 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүлгөн абалын ордунан текшерүү жана Л6 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү, ажыраткычтын абалын текшерүү жана анын иштеткичин кулпулап бекитүү. Ажыраткычтын иштеткичинде “Иштетпе – чубалгыдагы иштер” плакатын илүү;
в) Л6 чубалгысынын кирүүсүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу жана ташылуучу жердештирүүнү салуу.
Л6 чубалгысында чыңалуунун жоктугуна ынануу жана Л6 чубалгысынын зымдарына 20 тирөөчтө ташылуучу жердештирүүнү орнотуу. Иштердин ордунда Л6 чубалгысынын зымдарына ташылуучу жердештрүү салынган болууга тийиш.
7.3.4. Л6 чубалгысын оңдоодон кийин ишке киргизүү учурундагы негизги операциялар (18-сүрөт):
18-сүрөт — 6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармагынын ТПЗда секциялаштырылган нормалдуу иштөө иш тартибиндеги аймагынын түзмөсү
Л6 чубалгысында Л6 чубалгысынын жердештирүүсүн жумуш ордунан алып салуу; Л6 чубалгысынын 20 тирөөчтөгү чубалгы замдарына орнотулган жердештирүүнүн алып салуу.
РП2 бөлүштүрүү пунктунда:
а) Л6 чубалгысынын кирүүсүндөгү ташылуучу жердештирүүнү алып салуу жана аны сактоо жайларында жайгаштыруу;
б) иштеткичтен операцияга тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу; Л6 чубалгысынын ажыраткычын иштетүү, ажыраткычтын иштетилген абалын текшерүү;
в) Л6 чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү, өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын текшерүү, АККни иштетүү.
РП1 бөлүштүрүү пунктунда РАИни өчүрүү жана камдык чубалгынын өчүргүчүн иштетүү, жүктөм агынынын бардыгын текшерүү.
ТП5 трансформатордук көмөкчордонунда:
а) Л6 чубалгычынын өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү, иштеткичтен операцияга тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу жана Л6 чубалгысынын ажыраткычын иштетүү, ажыраткычтын абалын текшерүү;
б) Л6 чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү жана жүктөм агынынын бардыгын текшерүү.
ТП3 трансформатордук көмөкчордонунда ВН4 жүктөмдүн өчүргүчү өчүрүү, ВН4 эки тарабынан тең чыңалуу бар экендигин текшерүү, РАИни иштетүү.
РП1 бөлүштүрүү пунктунда КЛ8 камдык чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүү, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, РАИни иштетүү.
7.3.5. ТП1 трансформатордук көмөкчордонун оңдоого чыгаруу учурундагы негизги операциялар (18-сүрөттө караңыз):
РП1 бөлүштүрүү пунктунда РАИнин өчүрүү жана КЛ8 камдык чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү, жүктөм агынынын бардыгын текшерүү.
ТПЗ трансформатордук көмөкчордонунда:
а) ВН4 өчүрүлгөн жүктөм өчүргүчүнүн эки тарабынан чыңалуу бар экендигин текшерүү, жана тармакта жерге карата фазанын кыска туташуусу жоктугуна ынануу;
б) РАИни өчүрүү, ВН4 жүктөмүнүн өчүргүчүн иштетүү.
ТП1 трансформатордук көмөкчордонунда:
а) 0,4 кВ бардык кеүүчү чубалгыларынын шаптарын өчүрүп коюу;
б) трансформатордун 0,4 кВ автоматык өчүргүчүн өчүрүү;
в) трансформатордун ВН2 жүктөм өчүргүчүн өчүрүп коюу жана анын өчүрүлгөн абалын текшерүү.
РП1 бөлүштүрүү пунктунда:
а) АККни жана Л1 чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүү;
б) өчүргүчтүн өчүрүлгөн абалын ордунда текшерүү жана Л1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын өчүрүү, анын өчүрүлгөн абалын текшерүү; ажыраткычтын иштеткичин кулпуга бекитүү жана “Иштетпе – чубалгыдагы иштер” плакатын илип коюу;
в) КЛ8 камдык чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүп коюу, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, РАИни иштетүү.
ТП2 трансформатордук көмөкчордонунда жүктөм агынынын жоктугуна ынануу жана Л2 чубалгысынын ажыраткычын өчүрүп коюу, анын абалын текшерүү, иштеткичти кулпулап бекитүү. Иштеткичте «Иштетпе - чубалгыдагы иштер» плакатын илип коюу.
ТП1 трансформатордук көмөкчордонунда;
а) Л1 чубалгысынын кирүүсүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу жана ташылуучу жердештирүүнү салуу;
б) Л2 чубалгысынын кирүүсүндө чыңалуунун жоктугуна ынануу жана ташылуучу жердештирүүнү салуу.
Зарыл болгон учурда ТП1 жабдуусунда кошумча жердештирүүнү салуу.
7.3.6. ТП1 трансформатордук көмөкчордонун оңдоодон кийин ишке киргизүү учурундагы негизги операциялар (18-сүрөттү караңыз):
ТП1 трансформатордук көмөкчордонунда:
а) Л1 чубалгысынын кирүүсүнөн ташылуучу жердештирүүнү алып салуу; Л2 чубалгысынын кирүүсүнөн ташылуучу жердештирүүнү алып салуу, ошондой эле жабдууга салынган бардык калган жердештирүүлөрдү алып салуу. Жердештирүүлөрдү сактоо жайларына жайгаштыруу;
б) ВН1 жүктөмүнүн жана Л1 жана Л2 чубалгыларынын ажыраткычтарында өчүргүчүнүн өчүрүлгөн абалын текшерүү.
РП1 бөлүштүрүү пунктунда:
а) Л1 чубалгысынын өчүргүчүндөгү өчүрүлгөн абалды текшерүү;
б) иштеткичтен операцияга тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу;
в) Л1 чубалгысынын чубалгылуу ажыраткычын иштетүү, анын иштетилген абалын текшерүү;
г) Л1 чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү;
д) РАИни өчүрүү жана КЛ8 камдык чубалгысынын өчүргүчүн иштетүү, жүктөм агынынын бардыгын текшерүү.
ТП1 трансформатордук көмөкчордонунда Л1 чубалгысынын ВН1 жүктөмүнүн өчүргүчүн өчүрүү, анын өчүрүлгөн абалын текшерүү, операцияга тыюу салуучу плакатты илүү.
ТП2 трансформатордук көмөкчордонунда иштеткичтен операцияга тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу, Л2 чубалгысынын ажыраткычын иштетүү, анын иштетилген абалын текшерүү.
ТП1 трансформатордук көмөкчордонунда:
а) иштеткичтен операцияга тыюу салуучу плакатты жана кулпуну алып салуу, Л1 чубалгысынын ВН1 жүктөмүнүн өчүргүчүн өчүрүү, анын иштетилген абалын текшерүү;
б) трансформатордун ВН2 жүктөмүнүн өчүргүчүн өчүрүү, анын иштетилген абалын текшерүү;
в) трансформатордун 0,4 кВ автоматтык өчүргүчүн иштетүү;
г) 0,4 кВ кетүүчү чубалгыларынын шаптарын өчүрүү.
ТПЗ трансформатордук көмөкчордонунда:
а) ВН4 жүктөмүнүн өчүргүчүн өчүрүү, анын өчүрүлгөн абалын текшерүү;
б) ВН4 жүктөмүнүн өчүрүлгөн өчүргүчүнүн эки тарабынан чыңалуу бар экендигин текшерүү, РАИни иштетүү.
РП1 бөлүштүрүү пунктунда:
а) Л1 чубалгысынын АККсин иштетүү;
б) КЛ8 резервдик чубалгысынын өчүргүчүн өчүрүп коюу, жүктөм агынынын жоктугуна ынануу, РАИни иштетүү,
7.3.7. 0,4 кВ Л10 магистралдык чубалгысын оңдоого чыгаруу учурундагы негизги операциялар (18-сүрөттү караңыз):
а) МТКда Л10 чубалгысынын шабын өчүрүү, анын абалын текшерүү жана операцияга тыюу салуучу “Иштетпе – чубалгыдагы иштер” плакатын илип коюу;
б) иштердин ордунда Л10 чубалгынын зымдарында чыңалуунун жоктугуна ынануу жана ташылуучу жердештирүүлөрдү салуу.
Эскертүү — Эгерде оңдоого чыгарылып жаткан чубалгынын тирөөчтөрүндө радиотартуучу тармактын байланыш зымдары жана көчөгө жарык берүү илинген болсо, анда аларды өчүрүү жана жердештирүүсү аларды пайдалануучу уюмдун персоналы тарабынан РЭТтин оңдоо ишкерсанынын катышуусу менен аткарылышат. Л10 чубалгысын оңдоодон кийин иштетүү кайтарым удаалаштыкта аткарылат.
7.3.8. Л6 чубалгысынан тармактануу менен азыктануучу МТК трансформаторун оңдоого чыгаруу учурундагы негизги операциялар (18-сүрөтт караңыз):
а) МТКда 0,4 кВ бардык чыгуучу чубалгыларынын шаптарын өчүрүү;
б) трансформатордун 0,4 кВ шабын өчүрүү;
в) ажыраткычты өчүрүү, анын өчүрүлгөн абалын текшерүү, иштеткичти кулпулап бекитүү, “Иштетпе — адамдар иштеп жатат” операцияларга тыюу салуучу плакатын илүү;
г) трансформатордун кирүүлөрүндө чыңалуунун жоктугуна жана ташылуучу жердештирүү салынганына ынануу (зарыл болгон учурда жыйнакта 0,4 кВ жердештирүүсүн салуу).
Мачталуу көмөкчордонун оңдоодон кийин иштетүү кайтарым удаалаштыкта аткарылат.
1 тиркемеси
(милдеттүү)
ЖЕРДЕШТИРҮҮЛӨРДҮ ЭСЕПКЕ АЛУУ, ОРНОТУУ ЖАНА
ЧЫГАРЫП АЛУУ
1. Ташылуучу жердештирүүлөр бардык электр орнотмосу үчүн өтмө номурларга номурланган болушу керек жана белгилүү жерлерде сакталууга тийиш. Ар бир жердештирүүнү сактоо жайында ташылуучу жердештирүү ээ болгон номурга шайкеш келген номур көрсөтүлгөн болууга тийиш.
2. Жердештирүүчү бычактарды иштетүү жана ташылуучу жердештирүүлөрдү жабдууда салуу ыкчам түзмөдө (түзмө-макетте), ошондой эле ыкчам журналда чагылдырылган болууга тийиш.
3. Ташылуучу жердештирүүлөр алар жайгашкан жерлерин так көрсөтүү менен номурлары боюнча эсепке алынууга тийиш.
Жазууларга убакытты үнөмдөө үчүн нөөмөттү тапшыруу учурунда ташылуучу жердештирүүлөрдү эсепке алуунун атайын штампын пайдалануу сунушталат (19-сүр.), ал ыкчам журналга коюлат.
4. Жабдууну жана анын жердештирүүсүн оңдоого чыгаруу учурунда биринчи болуп стационардык жердештирүүчү бычактар иштетилүүгө тийиш, андан кийин ташылуучу жердештирүүлөр орнотулат.
Жабдууларды оңдоодон кийин ишке киргизүү учурунда,адегенде бардык ташылуучу жердештирүүлөрдү алып салуу жана аларды сактоо жайларына жайгаштыруу керек, андан кийин гана стационардык жердештирүүчү бычактарды өчүрүү зарыл.
Ташылуучу жердштирүүлөрдү эсепке алуу | |||||||
ББТ | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
| 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
ОК БТ | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 |
| 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 |
|
10 кВ БТ | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 | 31 | 32 |
| 33 | 34 | 35 | 36 | 37 | 38 | 39 |
110 кВ БТ | 40 | 41 | 42 | 43 | 44 | 45 | 46 |
| 47 | 48 | 49 | 50 | 51 | 52 | 53 |
| 54 | 55 | 56 | 57 | 58 | 59 | 60 |
№ 1, 2 жердештирүүлөрү - оңдоодо.
№ 40жердештирүүсү КЛ5те 15-бөлүкчөөдө орнотулган.