Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ПАХТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 4-июлу № 01-5/22
Акча каражатын бөлүү боюнча
Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысы М.Абдыкеримовдун айыл аймагына караштуу жумуштарга ар тараптан кошкон салымдары үчүн кээ бир жараандарга сый акы берүү боюнча койгон маселесин карап жана талкуулап Жаңы-Пахта айылдык кенешинин 28-чакырылышындагы депутаттары төмөндөгүдөй
Токтом кылат:
1. Жаңы-Пахта айыл аймагына караштуу Жаңыпахта ГСВне 5000 сом жана Ак-Кашат ФАПына 3000 сом акча каражаты жардам пул катары бөлүнсүн.
2. Эл каттоого активдүү катышкан жараандарга 5000 сом жардам пул берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кенештин төрагасы |
|
Камчыбеков Н. |