Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылынын 05- апрели №1
“Айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө”
Бириктирилген жергиликтүү кеңештердин 2024-жылдын 21-февралында өткөрүлгөн сессиянын негизинде түзүлгөн убактылуу комиссиянын угуп жана талкуулап КРнын 2021-жылдын 20 октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 мыйзамынын 34-беренесинин 9- пунктуна ылайык Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Регламент менен иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Айылдык кеңешинин төрагасы: | М.Култаев |