Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-июну № 326
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 , 2024-жылдын 17-октябрындагы № 624 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 230-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп эсептелет деп белгиленсин.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 624 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- бир айлык мөөнөттө көрсөтүлгөн мамлекеттик мекеменин Уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик мекемени юстиция органдарында кайра каттоо боюнча чараларды жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 48 (3601) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |