Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 357
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын аймагын кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 13-октябрындагы № 02/3024 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 13-октябрындагы № 270 тескемесин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын № 2740 контурунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 60,0 га кайрак айдоо жери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерлерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) турак жай-курулуш документтерин иштеп чыгууда курулуш ченемдерин жана эрежелерин катуу сактоо менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү жамааттын жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин ордуна кайрак айдоо жерлерин өздөштүрүүнү;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурастардын объекттери аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда алардын менчик ээлерине, жерди пайдалануучуларга карата жер участокторун баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |