Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-июну № 316
Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын граждандарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартиби жана шарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Элдик Банк" ачык акционердик коому Жарандардын кепилденген аманаттары боюнча суммаларды төлөөнүн тартибине жана шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын, ошондой эле мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) жарандарынын акчалай аманаттарын калыбына келтирүүнү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин агенти болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Элдик Банк" ачык акционердик коомунун атайын эсептерди ачууга жана аларга калыбына келтирүү суммаларын кошуп эсептөөгө байланышкан чыгымдарынын ордун толтурууга чыгымдарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте карасын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 698 "Калктын салымдары боюнча индексацияланган суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 10-апрелиндеги № 184 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-апрелиндеги № 326 "Калктын салымдары боюнча индексацияланган суммаларды төлөөнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 698 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |