КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-июлу № 364
2022-жылдын 16-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 16-сентябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |