Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 28-июну ПЖ № 168
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2024-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу боюнча чаралар жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыз кылуу, республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып:
1) пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,18 өлчөмүндө бекитилсин;
2) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларга мурда белгиленген электр энергиясы үчүн ар айлык компенсациялык төлөмдөрдү төлөө жокко чыгарылсын;
3) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү, аталган Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен 6900 (алты миң тогуз жүз) сомдон аз болушу мүмкүн эмес деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 1,18 өлчөмүндө, бирок 1000 (бир миң) сомдон кем эмес индексациялоо коэффициентине индексацияласын;
2) аталган Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, жалпы өлчөмү кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен 6900 (алты миң тогуз жүз) сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн 2024-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча төлөмдөрдү көңүлгө алуу менен мындай пенсиялардын жалпы өлчөмүн 6900 (алты миң тогуз жүз) сомго чейин жеткирүүнү эске алуу менен индексацияласын;
3) ушул Жарлыктын 1-пунктунун 3-пунктчасын, 2-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн республикалык бюджетте зарыл болгон көлөмдө каражаттарды карасын.
3. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы № 226 "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 509 "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-октябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы "2010-жылдын 1-мартынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 49 (3602) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |