Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 1-июлу № 384-т
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2024-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык улуттук паспорттору (ID-карта) менен камсыз кылуу, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү процесстерин, анын ичинде санариптик форматта оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта) Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту - идентификациялык карталарга (ID-карта) акысыз алмаштыруу боюнча улуттук өнөктүктү (мындан ары - улуттук өнөктүк), шашылыш даярдоо учурларын кошпогондо, 2024-жылдын 1-июлунан тартып 31-августуна чейинки мезгилде өткөрсүн;
- өткөрүлүп жаткан улуттук өнөктүк жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- өткөрүлгөн улуттук өнөктүктүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына улуттук өнөктүктү өткөрүүнүн жүрүшүндө келтирилген финансылык чыгымдар жөнүндө отчетту ырастоочу документтерди тиркөө менен берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги улуттук өнөктүктү ишке ашыруунун алкагында паспортторду жекелештирүүгө, 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортту (ID-карта) алмаштыруу, жоготуу жана бузуу боюнча мамлекеттик алымды төлөөгө байланышкан бардык чыгымдардын ордун толтурууну карасын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |