КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү
1-сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 3
«Май» айыл өкмөтү мекемеси “Кыргызстан” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Кыргызстан” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айылдык аймагынын “Кыргызстан айыл өкмөтү” мекемеси жанаТалас облусунун Манас районунун Май айылдык аймагынын “Майайыл өкмөтү” мекемеси бириктирүү жолу менен «Кыргызстанайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Кыргызстан айыл өкмөтү мекемесинин башчысы М.Б. Дүйшөбаев жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. Оморов |