Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы

2022-жылдын 12-январы № 5

“Кадыр-Транс” ЖЧКсынын директору Д.Боронбаевдин 2022-жылдын 11-январь айындагы №1 сандуу арызын карап чыгуу жөнүндө

“Кадыр-Транс” ЖЧКсынын директору Д.Боронбаевдин 2022-жылдын 11-январь айындагы №1 сандуу жазган арызы менен таанышып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 6 -сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1. “Кадыр-Транс” ЖЧКсынын директору Д.Боронбаевдин 2022-жылдын 11-январь айындагы №1 сандуу жазган арызы канаттандырылсын.

2. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн, Араван-Ош, Араван–Мангыт, Араван-Эрке-Кашка маршруттук каттамдары бир жүргүнчү үчүн 1км 1,80 тыйын деп белгиленсин.

3. Араван-Ош, Араван–Мангыт, Араван-Эрке-Кашка маршруттук каттамдарын сапаттуу уюштуруу, элдерге ыңгайлуу график түзүп берүү “Кадыр-Транс” ЖЧКсынын директору Д.Боронбаевге жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Октамовго жүктөлсүн.

 

Алля Анаров айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Р.Худайбердиев.