Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 3-июлу № 112
Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 158-берене "жаза-аткаруу тутумунун" деген сөздөрдөн кийин ", бажы органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 159-беренеде:
а) 1-бөлүктө "282-291" деген цифралар "282-284, 286-291" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Улуттук коопсуздук органдарынын жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси); салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси); баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси) кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүлөт.";
в) 6-бөлүктө "222, 226-228, 230-231" жана "241, 243, 244" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "222, 226-228, 230" жана "243, 244" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 241-беренеде:
а) аталышы "Бажы төлөмдөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө, аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо, салык салуунун башка объекттерин кыйла өлчөмдө жашыруу, -";
2) 243-беренеге карата эскертүүдө "241-243" деген цифралар "242, 243" деген цифраларга алмаштырылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-июлундагы № 51 (3604) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |