КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезектүү
1-сессиясы
2024-жылдын 13-марты № 4
«Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси
айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун, Манас районунун, Кыргызстан айыл аймагынын «Кыргызстан айыл өкмөтү» мекемеси менен Талас облусунун, Манас районунун, Май айылдык аймагынын «Майайыл өкмөтү» мекемесин бириктирүү жолу менен «Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесиболуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кыргызстанайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде:Учреждение "Айыл окмоту Кыргызстанского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмоту Кыргызстанскогоайылного аймака".
2. Талас облусунун, Манас районунун, Кыргызстан айыл аймагынын «Кыргызстан айыл өкмөтү» мекемесинин жана Талас облусунун, Манас районунун, Май айылдык аймагынын «Майайыл өкмөтү» мекемесинин «Кыргызстанайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актылары бекитилсин.
3. «Кыргызстанайыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. «Кыргызстан айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Талас облусу,Манас району,Талас айылы,Чынгыз Айтматов кочосу № 4 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага |
| К. Оморов |