Редакцияот 20.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 20-июну № 358-т

 

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жантак айылына баруучу, узундугу 1,6 км болгон автомобиль жолунун курулушун жүргүзүү боюнча башкы заказчы болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- жогоруда аталган автомобиль жолун курууну жүзөгө ашырсын;

- курулуш иштери аяктагандан кийин аталган автомобиль жолун белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аталган автомобиль жолун куруу долбоорунун шаар куруу жана долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык тиешелүү жол-жоболорду өз убагында ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

             Төрагасы

 

А.У. Жапаров