АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2022-жылдын 12-январы № 19
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн вет иснпектору Ш.Токтосуновдун 2021-жылдын 30-декабрь айындагы кайрылуу катындагы Алля Анаров айыл аймагындагы мал жандыктарын 2022-жылга карата каттоо жүргүзүү үчүн 10 кишини жумушка алып элдин карамагындагы жандыктарды каттоодон өткөрүп беришти, ошондуктан ушул тургундарга эмгек акысын чечип берүнү суранган кайрылуу катын карап чыгуу жөнүндө
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн вет иснпектору Ш.Токтосуновдун 2021-жылдын 30-декабрь айындагы кайрылуу катындагы Алля Анаров айыл аймагындагы мал жандыктарын 2022-жылга карата каттоо жүргүзүү үчүн 10 кишини жумушка алып элдин карамагындагы жандыктарды каттоодон өткөрүп беришти, ошондуктан ушул тургундарга эмгек акысын чечип берүнү суранган кайрылуу катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алля Анаров айыл өкмөтүнүн вет иснпектору Ш.Токтосуновдун 2021-жылдын 30-декабрь айындагы кайрылуу каты канаттандырылсын, Алля Анаров айыл аймагындагы мал жандыктарын 2022-жылга карата каттоо жүргүзгөн 10 кишиге 2 миң сомдон ар бирине эмгек акы берилсин.
2. Бул токтомдун финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М. Умаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн вет инспектору жетектөөчү адис Ш.Токтосуновго жана айыл башчысына жүктөлсүн.
Алля Анаров айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р.Худайбердиев. |