КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясынын (7-чакырылыштагы) жыйыны
2024-жылдын 30-январы № 27/3
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын ) кезектеги 27-сессиясынын шайланган депутаттарынын жыйналышынын экинчи маселесине карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыяевтин 2024-жылга Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгү 27 782 300 (жыйырма жети миллион жети жүз сексен эки миң үч жүз) сомго, чыгаша бөлүгү27 782 300 (жыйырма жети миллион жети жүз сексен эки миң үч жүз ) сомго бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбеке жана Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин жергиликтүү бюджетинин иштелишинин жана маданий иштерин алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Зарипбеков |