Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясынын (7-чакырылыштагы) жыйыны

2024-жылдын 30-январы № 27/4

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен эконом болгон акча каражаты жөнүндө

Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7-чакырылышынын ) кезектеги 27-сессиясынын шайланган депутаттарынын жыйналышынын маселесине карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыяевтин 2023-жылдын бюджетинен эконом болгон акча каражаты жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинен эконом болгон 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом, жана кошумча түшкөн 525 000 (беш жүз жыйырма беш миң) акча каражатын айыл өкмөттүн калган муктаждыктарына жумшалсын ( тиркеме тиркелет).

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Карыяевке жана Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин жергиликтүү бюджетинин иштелишинин жана маданий иштерин алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага милдеттендирилсин.

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Зарипбеков