КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясынын (7-чакырылыштагы) жыйыны
2024-жылдын 30-январы № 27/5
Кызыл-Жар айыл өкмөтү менен Алайку айыл өкмөтүн кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ№370”Кыргыз Республикасынын айыл авймактарынын жана шаарларынын денгеелинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндо” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Жар айыл өкмөтү жана Алайку айыл окмөтүн бириктирүу жолу менен “Алайку” айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2.Мекемелердин мүлкун инвентаризациялоо жана өткөруп берүү актысына кол коюу жагы “Кызыл-Жар “ айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбеке жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Зарипбеков |