АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2022-жылдын 5-февралы № 2
“Нуржан БЖК” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мамашов Т.Ш.нын 2022-жылдын 28-январь айындагы арызын карап чыгуу жөнүндө
“Нуржан БЖК” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мамашов Т.Ш.нын 2022-жылдын 28-январь айындагы А.Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Араван авто унаа жолунун сол тарабындагы Кекилик-Тоо участкасындагы № 913 контурундагы жайыт эсебинде турган 12 га жер тилкесине кыш заводун курууга сурап жазган арызы менен таанышып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 7 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.“Нуржан БЖК” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мамашов Т.Ш.нын 2022-жылдын 28-январь айындагы А.Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Араван авто унаа жолунун сол тарабындагы Кекилик-Тоо участкасындагы № 913 контурундагы жайыт эсебинде турган 12 га жер тилкесин топурагын казып алууга ал эми 1 га жер тилкесине кыш завод курууга трансформация кылуу үчүн сурап жазган арызы канаттандырылсын.
2.“Нуржан БЖК” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Мамашов Т.Ш. айыл өкмөтүнө топурагын казып алууга кыш завод курууга тийиштүү болгон документтерин алып келсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү айыл өкмөтүнүн жер адиси С. Жусуповго жүктөлсүн.
Алля Анаров айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р. Худайбердиев. |