Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кенешинин (VII–шайланган) кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 06-мартындагы №17

 

Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын Токтош участкасындагы №2899 контурундагы 2.13 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун, туризмдин багытындагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген убактылуу Жобонун талаптарына ылайык Капчыгай айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын15-июлундагы № 145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген убактылуу Жобонун талаптарына ылайык Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

2. Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылынын Токтош участкасындагы №2899 контурундагы 2.13 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун, туризмдин багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берет.

3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Арзи уулу Азизбекке тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына (Б.Азимбаевге) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

С.Калыбаев