Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясы
2022-жылдын 28-марты № 1
Алля Анаров айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратуу жөнүндө
Алля Анаров айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадировдун билдирүүсүн угуп жана таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алля Анаров айылдык кеңешинин 6-чакырылыштын кезексиз 24-сессиясындагы, 2019-жылдын 27-ноябрь айындагы № 1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Алля Анаров айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-ноябрь айындагы № 1 токтому менен түзүлгөн, айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратуудагы тизме жокко чыгарылсын.
3. Алля Анаров айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-август айындагы №2 токтому жокко чыгарылсын.
4.Алля Анаров айыл өкмөтү, айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратып берүүдө комиссия курамын түзсүн жана жер тилкесин ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадировго жүктөлсүн.
5. Айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратып берүүдөгү көзөмөлдү, айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
6. Алля Анаров айыл өкмөтү, айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратып берген учурда наарызы болуп ызы чуу жаңжал чыгарган атуулдарга, айыл өкмөтү тийиштүү органдарга кайрылсын.
7. Алля Анаров айыл өкмөтү, айыл аймагындагы муктаж үй-бүлөлөргө жеке тартипте там жай салууга жер тилкесин ажыратып берүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген мыйзамга ылайык иш алып барсын.
А. Анаров айылдык кеңешинин төрагасы |
Р.Худайбердиев. |