Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 23-декабры № 14
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык Капчыгай айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык МСКнын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022-жылдагы № 01-4/123 чыгуу санындагы каты боюнча Капчыгай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жаманкуловдун жана киреше боюнча башкы адис Т Аматовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Капчыгай айыл аймагында мүлк салыгынын төмөндөгү түрлөрү бекитилсин:
а) Кыймылсыз мүлккө салык (турак жай эмес имаратка мүлк салыгы)
б) Кыймылдуу мүлккө салык ( юридикалык жана жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы)
в) Жер салыгы ( Короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы. Айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы)
2. Бекитилген мүлк салыктарынын өлчөмүн эсептеп чыгып айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралып жаткан бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.
4. Токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| С.Калыбаев |