Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-июну № 2216-VII
Депутаттык этика кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттык этика кодекси бекитилсин (тиркелет).
2. Депутаттык этика кодексинин талаптарынын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке жүктөлсүн.
3. "Депутаттык этика кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 548-IV токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2216-VII токтомуна тиркеме
|
Депутаттык этика кодекси
Ушул Депутаттык этика кодекси (мындан ары – Кодекс) – бул коомго татыктуу кызмат өтөө, натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишин уюштуруу, кызыкчылыктардын кагылышуусу, кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу максатында жүрүм-турум эрежелерин жана этикалык ченемдерди сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш) депутаттары ыктыярдуу түрдө кабыл алган милдеттенмелер.
1. Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер:
1) депутаттын этикасы – депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан учурда депутаттардын жүрүм-турумунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Кодексте белгиленген моралдык жана адеп-ахлактык ченемдеринин жыйындысы;
2) депутаттын жеке кызыкчылыгы же жеке максаттары – депутаттын, депутат кабыл алуучу саясий жана башка чечимдерге таасир эте ала турган анын жакын жана аффилирленген адамынын моралдык же акы төлөнүүчү кызыкчылыгы;
3) коомдук кызыкчылык – депутат анын ишинин кызыкчылыгында шайланган Кыргыз Республикасынын бүткүл калкынын кызыкчылыктары;
4) кызыкчылыктардын кагылышуусу – депутаттын жеке (жекече) кызыкчылыктары алар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусун тикелей козгогон, мында Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ал финансылык же башка кызыкчылыкты көздөгөн маселе боюнча сөз айткан же добуш берген кырдаал;
5) тартип – ар кандай мүлктүк жана мүлктүк эмес байлыктар, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөр, укуктарды өткөрүп берүү милдеттен/милдеттенмеден бошотуу «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн жактардын пайдасына кандайдыр-бир укуктан баш тартуу, ошондой эле кандайдыр-бир байлык бул жактарга берилишине негиз болгон башка аракеттер;
6) басмырлоо – бул адамга кошумча жүктү арткан же аны айрым укуктардын ажыраткан кандайдыр-бир белгинин негизинде бирдей эмес мамиленин формасы. Мындай аракет атайылап же атайылабастан жасалышы мүмкүн. Ал басмырлоонун тикелей (дене-бой, оозеки, жазуу жүзүндөгү) актыларын, ошондой эле адамдардын айрым топторун теңдеш эмес абалга койгон практикаларды камтышы мүмкүн;
7) куугунтуктоо – бул башка адам үчүн мазактаган же басынткан катары негизсиз бааланышы же кабылданышы мүмкүн болгон ар кандай орунсуз же жагымсыз жүрүм-турум. Жогорку Кеңеште жынысынын белгиси, дене-боюнун мүмкүнчүлүктөрү, тышкы кебетеси, этноско таандыктыгы, расасы, улуттук теги, саясий ынанымдары, курагы, дини боюнча куугунтуктоого тыюу салынган;
8) сабырдуулук – өзүн көрсөтүүнүн формаларын жана адамдык өзүнчөлүктү көрсөтүү ыкмаларын урматтоо, кабылдоо жана тура түшүнүү. Бул адам укуктарын, плюрализмди, демократияны жана укук тартибин бекемдөөгө көмөктөшүү милдети;
9) сексуалдык акидей асылуу – жагымсыз дене-бой контакты, сексуалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө өтүнүч, оозеки жана/же вербалдуу эмес сексуалдык зомбулук түрүндөгү зомбулуктун түрү;
10) урматтаган мамиле – инсандын кадыр-баркын таануу, башка адамга сый мамиле, укуктардын теңдештигин таануу;
11) парламенттик эмес лексика – Жогорку Кеңештин имаратында жол берилбеген сөздөр жана сөз сүйлөө (мазактоо, тукуруу, коркутуп-үркүтүү). Эң оболу, башка депутаттын, Жогорку Кеңештин жыйналышына катышып жаткан адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына сөз тийгизүүгө тыюу салынган.
2. Жогорку Кеңештин депутаттары өз ыйгарым укуктарын төмөнкүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырат:
1) Кер башынын кызыкчылыгын көздөбөгөндүк. Депутаттар коомдун кызыкчылыгында гана аракеттенүүгө тийиш. Алар өз ыйгарым укуктарын өзүнө, жакындарына жана аффилирленген адамдарына финансылык же башка пайданы алуу үчүн жүзөгө ашырууга тийиш эмес.
2) Ак ниеттүүлүк. Депутаттар өздөрүнүн милдеттерин жеке кызыкчылыктарда аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон кандайдыр-бир милдеттенмелерди адамдардын же уюмдардын алдында өзүнө алууга тийиш эмес. Депутаттардын аракеттери жана чечимдери өзү, жакындары жана аффилирленген адамдары үчүн финансылык же башка материалдык пайданы алууга багытталууга тийиш эмес.
3) Объективдүүлүк. Депутаттар чечимдерди калыс, адилеттүү, так, мүмкүн болгон бардык образдардын ичинен мыкты, басмырлабастан же бейтарап кабыл алууга жана аракеттенүүгө тийиш.
4) Отчет берүү. Депутаттар өзүнүн иши жөнүндө маалыматты шайлоочулардын алдында ачык берүүгө даяр болууга тийиш.
5) Ачыктык. Депутаттар чечимдерди ачык жана маалымдуу кабыл алууга жана аракеттенүүгө тийиш. Маалымат, эгерде бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген так жана мыйзамдуу негиздер жок болсо, коомчулуктан жашырылууга тийиш эмес.
6) Чынчылдык жана сатылбастык. Депутаттар өздөрүнүн мамлекеттик милдеттери менен байланышкан ар кандай жеке кызыкчылыктар жөнүндө билдирүүгө жана келип чыккан ар кандай жаңжалдарды коомдук кызыкчылыктар корголгудай түрдө чечүү үчүн кадамдарды көрүүгө милдеттүү. Депутаттар өзү жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн эч кандай байлыктарды жана артыкчылыктарды түзүүгө, мында өз абалын пайдаланууга тийиш эмес.
7) Коррупцияга аралашуунун жоктугу. Депутаттар парламенттик чечимдерди кабыл алууга таасир этиши мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактарга карата финансылык же башка милдеттенмелерди өзүнө алууга тийиш эмес, өз ыйгарым укуктарын коррупциялык көрүнүштөргө түрткү болгон үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдалануу менен атайын шарттарды түзүүгө тийиш эмес.
8) Лидерлик жана үлгү болуу. Депутаттар келтирилген принциптерди өзүнүн мисалында көрсөтүүгө, аларды өзүнүн жүрүм-турумунда жүзөгө ашырууга тийиш. Алар бул принциптерди жигердүү пропагандалоого жана бул принциптерди чечкиндүү колдоого жана жаман жүрүм-турум кайда болуп жатпасын, аларга каршы турууга даяр болууга тийиш.
1-глава. Жалпы жоболор
1.1.Кызматка киришип жатканда депутаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңештин алдында ант берет.
1.2. Депутат депутаттык ишке байланыштуу өзү айткан пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле андан кийин куугунтуктоого кабылышы мүмкүн эмес.
1.3. Кодекс жүрүм-турумдун стандарттарын (ченемдерин) белгилеген документ болуп саналат, парламентке жарандардын ишеними өсүшүнө көмөктөшүү жана парламентарийлердин ишинде ойдогудай маданият калыптанышы үчүн аларды депутат сактоого тийиш.
1.4. Өз ишинде депутат Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Жогорку Кеңештин Регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Кодексти сактоого тийиш.
1.5. Депутаттын иши азыркы жана келечек муундардын алдында өз Мекени үчүн жоопкерчиликке таянып, мамлекеттин бакубаттуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө жетишүүгө багытталууга тийиш.
1.6. Депутат Жогорку Кеңештин имаратында, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде өзүнүн кадыр-баркына, ошондой эле бүтүндөй алганда Жогорку Кеңештин жана мамлекеттин кадыр-баркына зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай ишке жана жосундарга барууга тийиш эмес.
1.7. Депутат башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын кадыр-баркын урматтоого тийиш. Депутаттын башка депутаттын ар-намысына жана кадыр-баркына зыян келтирүүчү сөздөрдү сүйлөөсүнө, ошондой эле мазактоочу формада болгон сөздөрдү сүйлөөсүнө жол берилбейт.
1.8. Депутаттын Жогорку Кеңештин жыйналыштарынан, парламенттик фракциялардан, депутаттык топтордон, комитеттерден жана убактылуу комиссиялардан тышкаркы жүрүм-туруму ушул Кодексте баяндалган принциптерге шайкеш келүүгө, өзүнүн мисалы менен жарандык милдеттерди аткарууга, адам укуктарын камсыз кылууга, мыйзамдарды, этикалык жана моралдык ченемдерди сактоого көмөктөшүүгө тийиш.
1.9. Басмырлоонун ар кандай формасына, тегинин, жынысынын, расасынын, улутунун, тилинин, дин тутуусунун жана диний ынанымдарынын жүйөөлөрү боюнча же жеке же коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча укуктар менен эркиндиктерди кодулоого тыюу салынат.
1.10. Жогорку Кеңеште мүмкүн болгон бардык, анын ичинде сексуалдык акидей асылууларга тыюу салынат.
1.11. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда депутаттар ар кандай кырдаалдарда ар түрдүү жеке кызыкчылыктардын алдында коомдук кызыкчылыкка артыкчылык берүүгө тийиш. Алар жеке кызыкчылыктарга же чет мамлекеттердин кызыкчылыктарына ар кандай көз карандылыктан эркин болууга тийиш. Алар өз мандатын светтик, чынчылдык жана ак ниеттүүлүк принциптерин урматтоо менен жүзөгө ашырат.
2-глава. Жыйналыштарда депутаттык этиканын эрежелери
Жогорку Кеңеште, парламенттик фракцияларда, депутаттык топтордо, комитеттерде жана убактылуу комиссияларда
2.1. Депутаттардын өз ара мамилелери тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт. Ар бир депутат башка депутаттарга алардын дене-бой мүмкүнчүлүктөрүнө, тышкы кебетесине, этноско таандыктыгына, расасына, улуттук тегине, курагына, динине жана саясий көз караштарына карабастан урматтоо менен мамиле кылууга милдеттүү. Депутаттар өз ишин каралып жаткан маселелер боюнча чечимдерди эркин жамааттык талкуулоо жана кабыл алуу, пикирлердин көп түрдүүлүгүн урматтоо принциптеринде түзүүгө, жаңжалдарга жол бербөөгө, депутаттардын ортосундагы пикир келишпестиктерден дискуссиялар аркылуу арылуу жолдорун издөөгө тийиш. депутат өзүнүн саясий позициясын коркутуп-үркүтүү, кара күчтү же моралдык басым кылууну жана башка зомбулуктуу жана (же) басмырлоочу мүнөздөгү аракеттерди колдонуу аркылуу таңуулай албайт.
2.2. Депутат Жогорку Кеңештин жыйналыштарына, өзү мүчөсү болуп саналган парламенттик фракциялардын, депутаттык топтордун, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына катышууга милдеттүү. Депутаттын жыйналыштарда жок болушуна жүйөөлүү себептер боюнча гана жол берилет, мында депутат Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипке ылайык аракеттенүүгө тийиш.
2.3. Депутат Жогорку Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын ак ниеттүү аткарууга милдеттүү. Депутат Жогорку Кеңештин Регламентинин жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга милдеттүү. Депутаттардын жыйналыштарды үзгүлтүккө учуратууга багытталган жеке жана жамааттык аракеттерине: төрагалык кылуучу сөз бербей туруп сөз сүйлөөсүнө; талкууланбай жаткан маселе боюнча сөз сүйлөөсүнө; кыйкыруусуна, сүйлөп жаткандын сөзүн жара тартуусуна; төрагалык кылуучу жыйналышта сөз берген сөз сүйлөп жаткандарга тоскоолдук кылуусуна; депутаттардын сөздөрүнө комментарий берүүсүнө жана ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келбеген башка аракеттерине жол берилбейт.
2.4. Депутат жыйналышта төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга жана жыйналышка катышып жаткан башка адамдарга сыпай, сый жана урмат көрсөтүүгө тийиш. депутат орой мазактаган сөздөрдү, орунсуз жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир-бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорго жол берүүгө, билип туруп жалган маалыматты пайдаланууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга тийиш эмес. Ошондой эле депутат басмырлоого, чыдамсыздыкка жана кастык менен жек көрүүнү тутантууга чакырыктарды айтууга тийиш эмес. Ал сабырдуулуктун жана урматтоонун үлгүсү болууга тийиш.
2.5. Депутат башка сүйлөп жаткандын сөзүн бузбастан, анын сөзүн угууга тийиш. Депутат пленардык жыйналышта өзү сүйлөгөндөн кийинки бери болгондо эки сөз сүйлөөнүн ичинде катышууга тийиш. Депутаттан, сыйкорлук тартибинде, ал башка депутатка ал жөнүндө өз сөзүндө пикир айтууга ниеттенип жаткандыгы тууралуу эскертет деп күтүүгө болот.
Орунсуз, ошондой эле парламенттик эмес лексиканы (мазактаган, шыкактаган же коркутууну камтыган) пайдалануу Жогорку Кеңештин жыйналыш залындагы сыйкорлук ченемдерин бузуу болуп саналат.
Төраганын милдеттерине депутаттар мазактаган же сөздөрдү жана пикирлерди, ошондой эле калп айттың деп бири-бирин айыптоону колдонуусуна, алардын мас абалында болушуна жана бири-биринин билдирүүлөрүн туура эмес чечмелөөсүнө жол бербөө кирет. Төрага орунсуз жана (же) парламенттик эмес лексиканы пайдаланган депутаттан ал өз сөздөрүнөн баш тартуусун жана кечирим суроосун талап кылууга тийиш. Баш тарткан учурда депутатка тартип жазасы колдонулушу мүмкүн.
2.6. Башка депутаттын сөздөрү жана (же) аракети мени маскаралады деп эсептеген депутат ачык түрдө кечирим суроону талап кылууга укуктуу.
Ачык деп жеке депутаттан башка адамдардын катышуусунда, анын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналышында же Жогорку Кеңештин органдарынын жыйналышында, же болбосо депутатка түздөн-түз кайрылуу түрүндө жазуу жүзүндө келтирилген кечирим суроо эсептелет. Ачык кечирим суроолор аларды эки мааниде чечмелөөнү жокко чыгарган сөздөр жана сөз айкаштары менен келтирилет.
Ачык кечирим суроодон баш тартылган учурда мазакталган депутат Жогорку Кеңештин этикасынын жана Регламентинин маселелери карамагына кирген Комитетке (мындан ары – Комитет) тиешелүү арыз менен кайрылууга укуктуу.
2.7. Депутатка келтирилген ачык кечирим суроолор аны өз ар-намысын, кадыр-баркын жана ишмердик беделин коргоо үчүн белгиленген тартипте сотко кайрылуу укугунан ажыратпайт.
2.8. Депутаттык ишти жүзөгө ашырууда, анын ичинде ачык сөз сүйлөгөндө депутат мамлекеттик, ошондой эле расмий тилди анын ченемдерине ылайык пайдалана алат.
2.9. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын, расмий жана протоколдук иш-чаралардын учурунда депутаттар Жогорку Кеңештин ишинин расмий мүнөзүнө ылайык келген ишмердик стилдеги кийимди кийүүгө тийиш. Расмий иш-чараларга катышып жаткан учурда депутаттардын кийиминин формасы расмий иш-чаралардын протоколунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2.10. Жогорку Кеңештин жыйналышынын учурунда мобилдүү байланыштын каражаттары үнү чыкпаган режимге которулууга тийиш.
2.11. Эгерде депутаттын жеке турмушунун айрым кырдаалдары менен байланышкан анын жүрүм-туруму же жеке сапаттары мамлекеттик кызыкчылыктарга таасир этиши мүмкүн болсо, же болбосо Жогорку Кеңештин кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн болсо, мындай кырдаалдар жеке турмуш деп эсептелбейт.
2.13. Депутаттар өзүнүн жыйналыштарда жок болгондугу жөнүндө ар бир айдын аягында отчет берүүгө милдеттүү. Жүйөөлүү себеп болбостон 10дон ашык жыйналышты өткөрүп жиберген депутаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акысынын бир бөлүгүнөн ажыратылат.
3-глава. Шайлоочулар менен иштөө учурунда депутаттык
этиканын эрежелери
3.1. Депутат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу таламдарын камсыз кылууга жана мыйзамдарды сактоого багытталган чараларды көрүүгө тийиш.
3.2. Депутат шайлоочулар менен байланышта болууга, алардын кайрылууларын кароого, каттарга жооп берүүгө, жарандарды жеке кабыл алууну жүргүзүүгө, жарандар койгон милдеттерди чечүүгө багытталган сунуштарды мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарына, коммерциялык эмес уюмдарга киргизүүгө тийиш.
3.3. Шайлоочулар менен жеке баарлашкан учурда депутат кесипкөйлүктүн, адамкерчиликтин жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болууга умтулууга тийиш. Депутат шайлоочулардын ишенимине татыктуу болууга, мамлекеттик тартипти чыңдоого, жарандык милдеттерди аткарууга өз мисалы менен көмөктөшүүгө милдеттүү.
3.4. Депутат шайлоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө өз иши, анын ичинде жарандардын жеке кайрылуулары менен байланышкан иши жөнүндө аларга маалымдоого тийиш. Мындай кайрылууларга жооп арыз ээсине 14 жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
3.5. Депутат шайлоочуларга берүүчү маалымат толук, ишенимдүү, объективдүү болууга тийиш.
3.6. Депутат шайлоочулар менен иштөө жөнүндө жылына кеминде бир жолу отчетторду жана маалыматтарды Жогорку Кеңештин, саясий партиялардын веб-сайтындагы жеке барактарда, социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, басылма отчетторду таратуу аркылуу жана калк үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу башка ыкмалар менен отчетторду ачык берүү аркылуу отчет берүүгө милдеттүү.
4-глава. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенүү учурунда депутаттык этиканын эрежелери
4.1. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар менен өз ара мамилелерде депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын жеке максаттарда пайдаланууга укуксуз.
4.2. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына башка юридикалык жакка карата депутаттык суроо-талап менен кайрылган учурда депутат депутаттык этиканын ченемдерин сактоого тийиш.
4.3. Депутат депутаттык суроо-талаптар үчүн гана Жогорку Кеңештин депутатынын расмий бланктарын жана мамлекет менен шайлоочулардын кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди пайдаланууга тийиш.
5-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү учурунда депутаттык этиканын эрежелери
5.1. Депутат өзүнүн ишинин маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгууга укуктуу.
5.2. Депутат расмий ыйгарым укуктуу болгон учурда гана Жогорку Кеңештин атынан иш алып бара алат.
5.3. Эгерде пикирин билдирүү ар кандай негизде, тикелей же кыйыр түрдө жек көрүүнү же чыдамсыздыкты козгобосо же зомбулукка чакырыкты камтыбаса гана, депутат өзүнүн жеке пикирин жалпыга маалымдоо каражаттарында ачык билдирүүгө укуктуу.
5.4. Депутат Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ишине объективдүү баа берүүгө укуктуу. Депутаттын сүйлөгөн сөздөрү таамай, таразаланган жана фактыларга негизделген болууга тийиш.
5.5. Эгерде депутаттын ачык сөз сүйлөөлөрүндө жана билдирүүлөрүндө жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын басмырлаган сөздөр камтылган болсо, депутат өзүнүн сөздөрүнүн таамай эместигин жана ишенимсиздигин ачык мойнуна алууга жана, эгерде ккнын мыйзамдары башка натыйжаларды карабаса, ар-намысы жана кадыр-баркы козголгон адамдан кечирим суроого милдеттүү.
5.6. Өзүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сөздөрүндө депутат тегинин, жынысынын, улутунун, тилинин, дин тутуусунун жана диний ынанымдарынын жүйөөлөрү боюнча же жеке же коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бир башка шарттар жана жагдайлар боюнча укуктар менен эркиндиктерди басмырлоонун, кодулоонун ар кандай формасын камтыган сөздөрдү пайдаланууга тийиш эмес.
6-глава. Чет мамлекеттерде жүргөн учурда жана чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуулардын учурунда
депутаттык этиканын эрежелери
6.1. Расмий делегациялардын курамында чет мамлекеттерде жүргөн мезгилде депутат парламенттин – Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти жүзөгө ашырган жогорку өкүлчүлүктүү органдын атынан иш алып барат.
6.2. Чет мамлекеттерде болуунун жүрүшүндө депутаттын бардык аракеттери Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жана депутаттык корпустун кадыр-баркын жогорулатууга багытталууга тийиш.
6.3. Депутат өзү жүргөн өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн, салттарын жана мыйзамдарын урматтоого, этикетти сактоого жана жаңжалдуу кырдаалдардан алыс болууга тийиш.
7-глава. Депутаттардын Жогорку Кеңештин Аппратынын кызматкерлери менен өз ара мамилелеринин эрежелери
7.1. Депутат мамлекеттик кызматчылардын депутаттык ишке тиешелүү маселелер боюнча өзүнүн кесиптик пикирине ээ болуу укугуна түшүнүү менен мамиле кылууга тийиш. Депутат Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү учурунда адилеттүүлүктүн, жакшылык каалоонун мисалы болууга, натыйжалуу иштөө үчүн жагымдуу моралдык-психологиялык жагдайды түзүүгө көмөктөшүүгө тийиш.
7.2. Аппараттын кызматкерлеринин иши депутат Жогорку Кеңештин Регламентине, Жогорку Кеңештин Аппараты жөнүндө жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык өзүнүн депутаттык милдеттерин аткаруусун камсыз кылууга багытталууга тийиш.
7.3. Депутаттар тарабынан Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринин дарегине ар кандай белгилер боюнча басмырлоонун ар кандай формаларына, басынтууга, мазактоого жана кысым көрсөтүүнүн башка формаларына жол берилбейт.
7.4. Аппараттын кызматкерлеринин депутаттар тарабынан алардын укуктарын бузууга, басмырлоого же кысымга алууга даттануулары, анын ичинде сексуалдык, моралдык акидей асылуулар же жаман жүрүм-турумдун башка түрлөрү үчүн ар кандай айыптоолору өтө олуттуу тергелүүгө тийиш.
8-глава. Депутаттарга карата финансылык жана мүлктүк талаптар
8.1. Депутат өзүнүн статусун жеке максаттарда пайдалана албайт жана анын объективдүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына шек туудурган кырдаалдарда оолук болууга тийиш.
8.2. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн депутаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага бөлүнгөн каражаттарды пайдаланат.
8.3. Депутат башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта бир эле учурда боло албайт, ишкердик ишти жүзөгө ашыра албайт, коммерциялык уюмдун жетектөөчү органынын же байкоочу кеңешинин курамына кире албайт. Эгерде илимий, педагогикалык жана башка чыгармачыл иш депутаттык ишти аткарууга зыян келтирбесе, депутат мындай ишти аткара алат.
8.4. Депутат кирешелер жөнүндө жана өзүнө жана анын жакын туугандарына менчик укугунда таандык болгон мүлк жөнүндө декларацияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
8.5. Депутат финансылык, өндүрүштүк же коммерциялык ишканалардын кандай гана болбосун жарнамасында өзүнүн депутаттык статусун көрсөтүү менен өзүнүн атын пайдалануусуна жол берилбейт.
8.6. Депутат кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттерди (аракетсиздикти) жүзөгө ашыргандыгы үчүн үчүнчү жактардан белектер, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сыйакыны алууга укуксуз.
9-глава. Депутаттардын кызыкчылыктарынын кагылышуусу
9.1. Депутат өзүнүн жеке кызыкчылыктарын козгогон маселелер боюнча талкууга катышкан жана добуш берген кырдаал же ал депутаттык ыйгарым укуктарды пайдалануу менен ар кандай башка пайда алуусуна алып келген кырдаал кызыкчылыктарды кагылышуусу болуп саналат.
9.2. Депутат материалдык сыйакы үчүн Жогорку Кеңеште кандайдыр-бир маселени лоббирлөөгө укуксуз.
9.3. Эгерде талкууга депутаттар жеке кызыкдар болгон же келечекте кызыкдар болушу мүмкүн болгон маселе коюлуп жатса, ал бул жөнүндө Жогорку Кеңештин, парламенттик фракциянын, депутаттык топтун, комитеттин жана убактылуу комиссиянын жыйналышында талкуу башталганга чейин билдирүүгө милдеттүү.
9.4. Депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланып, өзүнүн жакын адамдарын Жогорку Кеңештин Аппаратындагы, аткаруу бийлигиндеги же жергиликтүү бийликтеги, же башка мекемелердеги жана уюмдардагы кызмат орундарына ишке орноштуруу кызыкчылыктарын жана маселесин алга илгерилетүүгө тийиш эмес.
9.5. Жогорку Кеңештин депутаты өзүнө мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары берген расмий кызматтык маалыматты жеке пайда алуу үчүн пайдалана албайт.
9.6. Депутат депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында өзүнө белгилүү болуп калган маалыматтарды жарыя кылууга тийиш эмес, эгерде бул маалыматтар:
-Жогорку Кеңештин, фракциялардын, топтордун, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жабык жыйналыштарында каралган маселелерге тиешелүү болсо;
- депутаттын жеке маселесин кароого байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйналыштарында белгилүү болуп калган анын жеке турмушунун мыйзам тарабынан корголуучу сырына тиешелүү болсо;
- шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушунун сырын түзсө жана ал Жогорку Кеңештин депутатына аны жарыя кылбоо шартында ишенип берилсе;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан корголуучу мамлекеттик же башка сырды түзсө.
9.7. Депутаттык ишти жүзөгө ашырууда депутат дайыма шайлоочунун алдындагы өзүнүн жоопкерчилиги жана мамлекеттик кызыкчылыктарды сактоо жөнүндө эске тутууга тийиш.
10-глава. Депутаттын этикасынын эрежелерин бузууга жана депутатка келип түшкөн даттанууларга байланышкан
маселелерди кароо
10.1. Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшүндө жол берилген депутаттын этикасынын эрежелери бузулган учурда Жогорку Кеңеш тиешелүү маселени өз алдынча карап же бул маселени кароону Комитетке тапшыра алат.
10.2. Ар бир адам Жогорку Кеңештин депутатына даттануу менен Жогорку Кеңешке жеке же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрыла алат, мында кайрылуу кайрылып жаткан адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, анын колтамгасын, анын жашаган жери жөнүндө маалыматтарды, эгерде байланыш телефону бар болсо, аны, ошондой эле тиешелүү арызды (кайрылууну) берүү үчүн негиз болуп саналган депутаттын конкреттүү аракеттери жөнүндө маалыматтарды камтышы шарт.
10.3. Жарандардын депутаттарга даттануулар менен кайрылуусу Комитетке келип түшөт.
10.4. Депутат ушул Кодекстин талаптарын бузуусу жана депутаттарга келип түшкөн даттануулар Комитеттин жыйналышында каралат. Комитет келип түшкөн даттануу боюнча жоопту 14 жумуш күндүн ичинде берүүгө тийиш.
10.5. Даттануу негиздүү болгон учурда Комитет ар түрдүү фракциялардан, депутаттык топтордон депутаттардын өкүлчүлүгүн эске алуу менен Комитеттин мүчөлөрүнөн турган этика боюнча убактылуу комиссияны түзөт. Өзүнө карата маселе же келип түшкөн даттануу каралып жаткан депутат комиссиянын мүчөсү болууга укуксуз.
10.6. Комиссия ачык же жабык жыйналыштарды өткөрөт. Өзүнө карата ушул Кодексти бузуу жөнүндө маселе каралып жаткан жана кырдаалдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан корголуучу анын жеке турмушунун же башка адамдардын турмушунун сыры менен байланышкан деп болжолдогон депутаттын талабы боюнча комиссия жабык жыйналыш өткөрөт.
10.7. Комиссиянын жыйналышына арызды (кайрылууну) берген, маалыматты жөнөткөн адамдар (жарандар, кызмат адамдары, органдардын же уюмдардын өкүлдөрү), депутаттын этикасынын эрежелерин бузууга жол берген депутат (депутаттар), ошондой эле алардын жыйналышка катышуусу, комиссиянын пикири боюнча, максатка ылайык болгон башка адамдар чакырылат жана угулат.
10.8. Комиссия укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын компетенциясына кирген маселелерди кароого укуксуз.
10.9. Арыздарды (кайрылууларды), маалыматты кароонун натыйжалары боюнча комиссия депутаттын этикасынын эрежелерин бузуу фактыларын белгилөө жөнүндө же мындай бузуунун жоктугу жөнүндө чечим кабыл алат жана өзүнүн корутундусун Комитетке берет.
10.10. Депутат депутаттын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, Жогорку Кеңештин кадырын бузган жосунду жасаган учурда комиссия бул маселени Жогорку Кеңештин жыйналышында талкуулоо жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин жыйналышына коет.
Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кабыл алынган чечим жөнүндө комиссия кайрылууну берген, маалыматты жөнөткөн адамга, аракеттери каралган депутатка, ошондой эле Комитеттин төрагасына кабарлайт.
10.11. Комиссия депутат этиканын эрежелерин бузгандыгынын фактысын белгилеген учурда комиссия депутатка таасир этүү чараларын колдонуу боюнча сунушту Комитетке киргизет.
11-глава. Депутаттык этиканын эрежелерин сактабагандыгы үчүн моралдык жана тартип жагынан таасир этүү чаралары
11.1. Депутат депутаттык этиканын ченемдерин сакташы анын жеке жана кесиптик-ишмердик сапаттарын ар тараптан жана объективдүү баалоо үчүн маанилүү элемент болуп саналат.
11.2. Этика боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде Комитет ушул Кодексти бузуучуга карата таасир этүү чараларын колдонуп, аларды Комитеттин тиешелүү чечиминде көрсөтүүгө укуктуу:
- депутаттын жүрүм-туруму этикага жат деп таанылсын жана этиканын эрежелерин бузуунун жол берилгистиги депутатка көрсөтүлсүн;
- депутат ачык кечирим суроого милдеттендирилсин;
- депутатка ачык уяткаруу жарыялансын;
- депутатка депутаттык этиканын ченемдерин жана эрежелерин бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүү жана ушундай бузуулар учурларын мындан алы жоюу сунушталсын;
- маселе тиешелүү парламенттик фракциянын, депутаттык топтун жыйналышынын кароосуна же Жогорку Кеңештин жыйналышына коюлсун;
- депутаттын этикасынын эрежелерин бузуу жөнүндө маалымат тиешелүү шайлоо округунун назарына жеткирилсин;
- депутат Жогорку Кеңештин жыйналышында жүйөөлүү себепсиз жок болгон ар бир күн үчүн ар айдагы депутаттык төлөмдөрдөн 1/10 бөлүктү кемитүү сунушталсын.
Эгерде депутат өз учурунда ачык кечирим сураса, ушул пункттун 8-абзацында каралган чаралардан тышкары, ал таасир этүү чараларын колдонуудан бошотулушу мүмкүн.
11.3 Депутат кабыл алынган чечимди ал кабыл алынган күндөн тартып 14 күндөн кечикпеген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
11.4. Депутаттын этикасынын эрежелерин депутат бузгандыгы үчүн ага карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө Комитеттин чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто даттанылышы мүмкүн.