Загрузка документа…
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2022-жылдын 1-июлу № 15
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу “Чил-Устун” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 30 орунду балдар тайпасын ысык тамак менен камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.Ганиеванын 2022-жылдын 1-июль айындагы сураныч катын карап чыгуу жөнүндө
Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу “Чил-Устун” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 30 орунду балдар тайпасын ысык тамак менен камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.Ганиеванын 2022-жылдын 1-июль айындагы сураныч катын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Алля Анаров айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 9 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу “Чил-Устун” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 30 орунду балдар тайпасын ысык тамак менен камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.Ганиеванын 2022-жылдын 1-июль айындагы сураныч каты канаттандырылсын.
2. Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу “Чил-Устун” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 30 орунду балдар тайпасы ачылсын жана алар ысык тамак менен камсыздалсын.
3. Токтомдун финансылык жагын чечүү айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Онун башчысы М.Умаровго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси М.Ганиевага жүктөлсүн.
А. Анаров айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: |
А.Абдраимов. |