Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 4- июнь №2
“Ноокен райондук даарыгердик практика борборуна Шамшидин Суеркуловдун ысмын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобонун жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын протоколун угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен райондук даарыгердик практика борборуна социалистик эмгектин баатыры, хирург Шамшидин Суеркуловдун ысмын берүүгө макулдук берилсин.
2. Ноокен райондук даарыгердик практика борбору бул токтомду аткарууга алсын жана иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы У.Жантаевага жүктөлсүн
Төрага: | М.Култаев |