Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-ноябры № 13
Капчыгай айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын иш жүргүзүү аймагын аныктоо жана айылдык кеңешинде катоого алуу тууралуу
Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жыйынында Капчыгай айыл аймагындагы айылдардагы коомчулуктардын ассоцациясынын уставы ассоцациянын конференциясында бекитилгендигин негизинде жана конференция катышуучуларынын ассоциацияны каттоого алуу сунуш протоколун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Капчыгай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
2. Кара-Кулжа районунун Капчыгай айылдык кеңешинде айылдардагы коомчулуктарды инвестициялык ассоциациясынын бектилген уставына жана конференциянын сунуш протоколуна ылайык Капчыгай айыл аймагындагы айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетине ассоциациясынын уставында жана ар тараптуу кызматташуу келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташууну ишке ашырууда көмөк көрсөтүү жагы Капчыгай айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага |
| С.Калыбаев |