Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 4- июнь №3
“Тоскоол-Ата токой чарбасындагы жайыт жерлерди жайыт пайдалануучуларга жайыт акысынын бекитип берүү жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
- Тоскоол - Ата токой чарбасынын жайыт жерлери жайыт пайдалануучуларга жайыт акысы кара мал, жылкыга 49 сом, жаш малга 24,50 сом, койго 19 сом, козуга 9,5 сом, бир сезонго бир чатырга 250 сом, 1куб отунга 350 сом өчөмдө бекитилсин.
- Токтомду аткарылышын Д.Садырбаев айы өкмөтүнүн башчысы А.Р.Бекибаевге милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл, суу, мал чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Берикбаевге жүктөлсүн