Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-сентябры № 12.1
Капчыгай айыл окмотунун аймагындагы калтуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу жыйымы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин талаптарын ишке ашыруу жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин көбөйтүү максатында, салыктык эмес кирешелерин жөнгө салуу максатында Капчыгай айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 24-главасынын 74-беренесин жетекчиликке алып, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгуу жыйымы боюнча кабыл алынган токтомдору 2023-жылдын 1-январынан күчүн жоготсун.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесин жетекчиликке алып, Капчыгай айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициенти (Кз) 1,4 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Арзи уулуна сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Капчыгай айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Калыбаев |