Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июну №1
“АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)” - КК АИД-3 долбоорундагы:
Боо-Терек айылынын “Дооронбек Дуйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча ири долбоору жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында Боо-Терек айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана Боо-Терек айылындагы “Дооронбек Дуйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” ири долбоору боюнча Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбековдун жана Боо-Терек айылдык аймагынын АКИА АКнын төрайымы К.Куланбаеванын маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" 20-октябрь, 2021-жылдын № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы “Дооронбек Дуйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” ири долбоору жалпы бюджети 4 698 000 (төрт миллион алты жүз токсон сегиз миң) сом, а. и. АРИСтин гранты 4 698 000 (төрт миллион алты жүз токсон сегиз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1084387,8 (бир миллион сексен төрт миң үч жүз сексен жети сом сегиз тыйын) сом акча каражаты өздүк салым бөлүнүп берилсин.
3. Боо-Терек айылындагы “Дооронбек Дуйшебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” жөнүндөгү ири долбоору Боо-Терек айылдык аймагынын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин.
4. Ири долбоорго көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен каралган чыгымдары бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы У.Буланбеков ири долбоордун жана тиешелүү иш-кагаздардын АРИСке өз убагында даярдап берүүсүн камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |