Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июну № 4
Боо-Терек айылындагы Давлетов Нүкөн атындагы көчөсүндөгү жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылындагы Давлетов Нүкөн атындагы көчөсүндөгү жер тилкелерин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, 2023-жылдын 2-июнундагы Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVсессиясындагы, көчөлөрдү жана жер тилкелерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндөгү протоколдук чечимин жетекчиликке алып,Боо-Терек айылдык Кеңешинин депутаттардын XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы,Боо-Терек айылындагы Давлетов Нүкөн атындагы көчөсүндөгү жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
4. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |