Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июну № 5
Боо-Терек айылынын тургуну Чыналиев Руслан Абдыбаевичке 2023-жылдын 30-майындагы Иш №05-929/1/23 ГД чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечиминин негизинде 91055 сом акча каражатын төлөп берүү жөнүндө
Эки жылдык соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгынын натыйжасын эске алып,
2023-жылдын 30-майындагы Иш №05-929/1/23 ГД чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечиминин негизинде Чыналиев Руслан Абдыбаевичке Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 91055 сом акча каражатын, төлөп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки жылдык соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында келип чыккан 2023-жылдын 30-майындагы Иш №05-929/1/23 ГД чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечими эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.А.Дуйшенкулова, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен, чыгашадан ашкан кирешесинин Билим берүү бөлүмүнөн 2221 - (мүлктү учурда оңдоого) беренесинен Б.Сатыбеков атындагы орто мектебине каралган акча каражатынын ичинен, Турак жай жана коммуналдык бөлүмүнүн 2215 - (дагы башка көрсөтүүнү алуу)беренесинежылдырылып, Чыналиев Руслан Абдыбаевичке 91055 (токсон бир миң элүү беш) сом акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Э.Буланбековго милдеттендирилсин.
4. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |