Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-апрели № 5/11-28
Тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү тарифин чыгарып кетүүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Х.Раджаповдун тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү тарифинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 беренесине,”Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”12-1 жана 12-2 беренелерине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир короодон айына 150 сомдон тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү тарифи бекитилсин.
2. График боюнча таштанды чыгаруу жума сайын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Омуралиевге жүктөлсүн.
Төрага: | Кенжебек уулу А |