Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн 1 578 800 (бир миллион беш жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражатын пландан кемитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн 1 578 800 (бир миллион беш жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражатын пландан кемитүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т. Аттокуровдун берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн 1 578 800 (бир миллион беш жүз жетимиш сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты пландан кемитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагыАт-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Толубаев |