Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 4- июнь №5
“Көчөгө ат коюу тууралуу”
Садырбаев айыл аймагынын Масы айылынын Янги-Хаят көчөсүнүн тургундарынын көчөгө ат коюу боюнча жыйынынын протоколунун, социалдык боюнча туруктуу комиссиянын отурумунунун жана Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 7-статьясынын негизде Д.Садырбаев айылдык кеӊешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын Янги-Хаят көчөсүнө эмгектин ардагери Эшиев Кайым Нарымбетовичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Д.Садырбаев айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өздүк маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүүаттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобонун 25-пунктунаылайык тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Ноокен райоунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Жаңы көчөнүн жарыктандыруу, көрктөндүрүү, тазалыгын, үй номурларын жазуу жана илүү боюнча чыгымдарын маркум К.Эшиевдин балдарына, туугандарына милдеттендирилсин .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы У.Жантаевага жүктөлсүн.
Төрага: | М.Култаев |