Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-2
Лизинг аркылуу алынган техникаларды “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Ы. Мөндүрбаеванын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “РСК Банк” ААК аркылуу лизингге алынган ZZ3327S3847E үлгүсүндөгү 2 даана Хово жана R140W-9S үлгүсүндөгү 1 даана Хёндай экскаватору “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Толубаев |