Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 12-сентябры № 2
“АРИСтин “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)” КК АИД-3 долбоорундагы:
Боо-Терек айылындагы “Дооронбек Дуйшебаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча ири долбоорун бүтүрүү максатында Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 412000 (төр жүз он эки миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө.
КК АИД-3түн алкагында Боо-Терек айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралары жөнүндө жана “Дооронбек Дуйшебаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча ири долбоорун бүтүрүү жөнүндөгү айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап жана 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесинин 3-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы “Дооронбек Дуйшебаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстарынын корпусун капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча ири долбооруна кирбей калган имаратынын ички дубалдарынын шыбагы эске алынсын.
2. 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Мыйзамынын 17-беренесинин 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Боо-Терек айыл өкмөтү Жоопкерчилиги Чектелген Коом (ОсОО) “Талас-60” менен келишимдерин түзүп, иш алып барышсын.
3. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысына, Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын чыгашадан ашкан кирешеден ТЖК (ЖКХ) бөлүмүнүн 2215 беренесинен (шагыл төгүүдөн) 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражат жана айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн акча каражатынын эсебинен 112 000 (жүз он эки миң) сом акча каражат ЖКЧ (ОсОО) “Талас-60”ка которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик сатып алуулар жана инвестицияны тартуу боюнча” башкы адисине ошондой эле айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |