Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылынын 28- март №1
“« Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесин түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде админстративтик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Д.Садырбаев айылдык кенешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
1.«Шайдан айыл аймагынын Шайдан айыл өкмөтү» мекемеси, “Арал айыл аймагынын Арал айыл өкмөтү» мекемеси жана “Масы айыл аймагынын Масы айыл өкмөтү» мекемеси бириктирүү жолу менен «Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
-Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: « Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмоту Д.Садырбаевского айылного аймака"
-Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмоту Д.Садырбаевского айылного аймака"
2. «Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3. « Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. «Д.Садырбаев айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги; Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Ноокен району, Масы айылы, К.Султанов көчөсү №112 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: | М.Култаев |