Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы

 

2023-жыл 12-сентябры № 3

 

Боо-Терек айылында жайгашкан Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн №12 милициянын аймактык пунктунун кеңсесин оңдоп-түзөө иштерине 30000 сом акча каражатын төлөп берүү жөнүндө

Боо-Терек айылында жайгашкан Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн №12 милициянын аймактык пунктунун кеңсесин оңдоп-түзөө иштерине 30000 сом акча каражатын төлөп берүү жөнүндөгү депутаттардын сунуш маселесин карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Дуйшенкулова Р.А. Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн акча каражатынын эсебинен Боо-Терек айылында жайгашкан Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн №12 милициянын аймактык пунктунун кеңсесин оңдоп-түзөө иштерине 30000 (отуз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагын камсыздасын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы У.Э.Буланбековго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.