Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 12-сентябры № 4
Боо-Терек айылынын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү эски курулуш материал таштандыларды белгиленген жерге төктүрүү жөнүндө
Боо-Терек айылынын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү эски курулуш материал таштандыларды белгиленген жерге төктүрүү жөнүндөгү маселени угуп, карап чыгып жана талкуулап, Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын Эчкили тоосунун этегиндеги, №1 контурунун аймагында жайгашкан “Көк-Жар” массивине кетүүчү жолдун боюндагы сайдын ичинде пайда болгон “жардан” 10 (он) сотых жер тилкеси бөлүнүп, ал жерге айылдын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү эски курулуш материал таштандыларды таштоо үчүн уруксат берилсин.
2. Боо-Терек айылынын оор жүк ташуучу автоунааларынын айдоочулары, жеңил автоунааларынын айдоочулары жана жарандары, Боо-Терек айылынын жашоочуларынын үйүнөн чыккан катуу түрдөгү эски курулуш материал таштандыларды айыл өкмөтүнүн тазалык боюнча кызматкери Сманалиев Эмил Сейтбековичтин уруксаты менен көрсөтүлгөн жерге төгүшсүн.
3. Бул токтомдун экинчи пунктун аткарбаган Боо-Терек айылынын оор жүк ташуучу автоунааларынын айдоочуларына, жеңил автоунааларынын айдоочуларына жана жарандарына ошондой эле коңшу айылдардын жарандарына, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан комиссия түзүлүп, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин “Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө жөнүндөгү” 115-беренесинин 1,2,3-пункттарынын негизинде, айып пулдарды салышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисине, ошондой эле айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |