Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-5
Ат-Башы айылындагы автобекеткемуниципалдык менчикте турган жер аянтын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айылындагы автобекетте Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги аркылуу капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу автобекеттин муниципалдык менчиктеги жерге чыгып кеткен жер аянтын коомдук муктаждыкка берүүмаксатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмү тарабынан берилген башкы планга ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган автобекеттин түштүк тарабындагы 150 (бир жүз элүү) чарчы метр жер аянтын Ат-Башы айылындагы автобекетке берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Толубаев |