БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 22-августу № 2
Боо-Терек айылындагы Ак-Жер жаңы конушундагы негизги 4 көчөсүнүн жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айылындагы Ак-Жер жаңы конушундагы негизги 4 көчөсүнүн жер тилкелерин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Боо-Терек айылдык КеңешининXXXII чакырылышынын депутаттарынын XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы,Боо-Терек айылындагы Ак-Жер жаңы конушундагы негизги 4 көчөсүнүн (Ак-Жер-1, Ак-Жер-2, Ак-Жер-3, Ак-Жер-4) жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Ак-Жер жаңы конушундагы негизги 4 көчөсүнүн Ак-Жер-1, Ак-Жер-2, Ак-Жер-3, Ак-Жер-4 көчөлөрүнүн узун туурасын аныктап ченөө, жер тилкелерининаянтын кылдаттык менен чыгаруу,токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |