БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 22-августу № 3
Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан Жики каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Боо-Терек айыл аймагында жайгашкан Жики каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу максатында, Боо-Терек айылдык КеңешининXXXII чакырылышынын депутаттарынын XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл аймагында жайгашкан Жики каналын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылып мамлекеттик АКТысын жасатып бүтүрсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.
3. Жики каналынын узун туурасын аныктап ченөө, каналга караштуу жер тилкелерининаянтынкылдаттык менен чыгаруу, токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ошондой эле тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл-чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |