Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-9
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасына иш кагаздарын алып баруучу (ТТП)штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун жергиликтүү кеңештердин штаттык санынын чеги бекитилген 5-тиркемесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык структурасынаиш кагаздарын алып баруучу (техникалык тейлөөчү персонал) штаттык бирдигикиргизилсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын алып баруучусунун айлык акысын мыйзам чегинде төлөп берүүжагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Толубаев |