ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык Кеңешинин кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2024-жылдын 30-январы № 23/5
“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2024-жылдын 26-январындагы чечимин бекитүү жөнүндө
Өлкөбүздүн экономикалык,интелектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга салым кошкон жарандардын эмгегин баалоо жана алардын элдин жана мамлекеттин алдында коомдук-маданий, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги эмгектерин таануу максатында Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2024-жылдын 26-январындагы №4 чечими бекитилсин.
2.“Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын 2024-жылдын 26-январындагы №4 чечимине ылайык, төмөндөгү жаранга “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын жана “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси, ошондой эле Чалма айылдык Кеңешинин ардак грамотасы менен сыйлансын:
- Оморов Залкарбек Торонбекович.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Чалма айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын төрагасы Эрмекбаев Маматисага милдеттендирилсин.
Чалма айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыркулов |