Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-11
Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесининменчигинде турган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” токтомуна ылайык Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде турган жер аянтын муниципалдык менчикке өткөрүп алуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суунун резервуары турган жер аянты Ача-Кайыңды айылындагы ичүүчү суу колдонуучуларын айылдык коомдук бирикмесинин менчигинде тургандыктан 200 (эки жүз) чарчы метр жер аянтын Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин;
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагыАт-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Толубаев |