Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-12
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомунаөзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Жаныбек уулу Анарбектин берген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги кезексиз ХVIII сессиясынын “Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндөгү” №18-2 токтомунун 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2.Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата ички тартип эрежелеринин 12-пунктундагы “жайкысын” деген сөздөн кийин “2024-жылдын 1-июнунан тартып 1-октябрына чейин”деген сөздөр менен толукталсын;
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Толубаев |