Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XIX сессиясы
2024-жылдын 20-июну № 19-13
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессияларына себепсиз келбеген депутаттардын мандатын кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жыл ичинде айылдык кеңештин сессиясына жүйөлүү себептерсиз төрт жолудан ашык катышпагандыгы үчүн Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары Сасанова Эльмира Карагуловнага жана Өмүрбек уулу Кожомуратка сессияга катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документтерин тапшыруу жагы эскертилсин.
2. Бул токтом менен жогорудагы депутаттарды тааныштыруу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Э. Толубаев |