Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2023-жыл 22-августундагы № 8

 

Боо-Терек айылындагы Ак-Жер жаңы конушундагы“Ак-Жер-3” көчөсүндөгү № 2 ээси жок,аныкталган12 сотых(огород) жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

Боо-Терек айылындагы Ак-Жер жаңы конушунундагы, мини футбол аянтчасынын батыш тарабындагы, “Ак-Жер-3” көчөсүндөгү № 2 ээси жок,аныкталган12 сотых(огород)жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү депутаттардын сунушун карап чыгып, талкуулап, Боо-Терек айылдык КеңешининXXXII чакырылышындагы депутаттардын XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы,Боо-Терек айылындагы Ак-Жер жаңы конушунундагы, мини футбол аянтчасынын батыш тарабындагы, “Ак-Жер-3” көчөсүндөгү №2 ээси жок,аныкталган 12 сотых(огород)жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинеалуу үчүн, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына кайрылыпмамлекеттик актысын жасатып бүтүрсүн.

 

2. Айыл өкмөтүнүн каржы экономикалык бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына акча каражатын которуу жагын камсыздасын.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагыайыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адисине милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын “Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Мамыралиев А.