БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жыл 22-августундагы № 11
Боо-Терек айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 6-айына карата жасаган иштери боюнча отчётунун жыйынтыгы жөнүндө
Боо-Терекайылдык кенешинин XXXII чакырылышындагыдепутаттарынын 2022-жылдын 31-майындагы XI сессиясынын № 3 токтому менен кабыл алынган регламентине ылайык, 5күн мурун Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2023-жылдын6-айына карата жасаган иштери боюнча отчетунун жыйынтыгы жөнүндөдепутаттарга кагаз түрүндө таркатылып берилген материалдардыайылдык Кенешининдепутаттары үйлөрүнөнокуп,карап чыгып таанышып, талкуулапайылдык КенештиндепутаттарынынXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөт башчысынын2023-жылдын 6-айынын жыйынтыгына карата жасаган иштери боюнча отчету канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.
2. Кезектеги сессияда Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э.Буланбековдун ээлеген кызматына ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү маселеси күн тартибине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагыБоо-ТерекайылдыкКенешинин XXXII чакырылышындагыдепутаттарына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |